ВЭНЬ-У ХЭ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЭНЬ-У ХЭ '''– кытай документтеринде эскерил­ген кыргыз элчиси. Андагы маалыматтар | '''ВЭНЬ-У ХЭ '''– кытай документтеринде эскерил­ген кыргыз элчиси. Андагы маалыматтар боюнча, 843-жылы 6-айда (1–30-июль) кыргыз каганынын расмий элчиси Вэнь-у Хэ Кытайдын Тан династия­сынын (618–907) императору Уцзундун кабыл­доосунда болгон. Элчи кыргыз каганынын аты­нан кат тапшырган. Ага жооп кылып Кытай императору жазган катында 839-жылы кыргыздар тарабынан талкаланган уйгурлар Тан мамлеке­тинин түндүк-батыш аймактарын талап-тоноп жаткандыгын, ага каршы биргелешип күрөшүү­нү суранган. Бул кат «Юй сяцязсы кэхань шу» деп аталып, документтин мазмунунда тараптар­дын ийгиликтүү сүйлөшүүлөрү чагылдырылган. Элчини кытай документтеринде «генерал» деп жазганына караганда, ал кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы, өлкөдөгү таасирдүү инсандардын бири болгондугу божомолдонот. Бул элчилик императорго кыргыз каганынын атынан 100 жылкы, 10 жуп бүркүттү белек катары тартуу­лаган. Император катында генерал Вэнь-у Хэ же­тектеген элчиликке өтө ыраазы экендигин бил­дирген. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | |||
''О. Каратаев.'' | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
03:03, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВЭНЬ-У ХЭ – кытай документтеринде эскерилген кыргыз элчиси. Андагы маалыматтар боюнча, 843-жылы 6-айда (1–30-июль) кыргыз каганынын расмий элчиси Вэнь-у Хэ Кытайдын Тан династиясынын (618–907) императору Уцзундун кабылдоосунда болгон. Элчи кыргыз каганынын атынан кат тапшырган. Ага жооп кылып Кытай императору жазган катында 839-жылы кыргыздар тарабынан талкаланган уйгурлар Тан мамлекетинин түндүк-батыш аймактарын талап-тоноп жаткандыгын, ага каршы биргелешип күрөшүүнү суранган. Бул кат «Юй сяцязсы кэхань шу» деп аталып, документтин мазмунунда тараптардын ийгиликтүү сүйлөшүүлөрү чагылдырылган. Элчини кытай документтеринде «генерал» деп жазганына караганда, ал кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы, өлкөдөгү таасирдүү инсандардын бири болгондугу божомолдонот. Бул элчилик императорго кыргыз каганынын атынан 100 жылкы, 10 жуп бүркүттү белек катары тартуулаган. Император катында генерал Вэнь-у Хэ жетектеген элчиликке өтө ыраазы экендигин билдирген.
О. Каратаев.