ВИРУС: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИ́РУС '''(Computer virus) к о м п ь ю т е р д е – башка программалык жабдыкка же файлга кирип, аларды зыянга учуратуу үчүн иштелип чыккан колдонуучуга белгисиз болгон компью­тердик программа. Вирус программасы контакт бол­гон программалык жабдыкка же файлга кирет. Ал көбүнчө компьютердик системаны зыянга учуратат, берилиштерди жоготот, бузат ж-а өзүн андан ары таркатат. Вирус дискет, модем же бай­ланыш тармагы боюнча башка компьютерден ки­рет. Эгер Вирус кирген файл башка компьютердик системага жиберилсе же бул системага кайрыл­са, анда ал башка системага таралат. Кийинки жылдары улам миңдеген жаңы | '''ВИ́РУС '''(Computer virus) к о м п ь ю т е р д е – башка программалык жабдыкка же файлга кирип, аларды зыянга учуратуу үчүн иштелип чыккан колдонуучуга белгисиз болгон компью­тердик программа. Вирус программасы контакт бол­гон программалык жабдыкка же файлга кирет. Ал көбүнчө компьютердик системаны зыянга учуратат, берилиштерди жоготот, бузат ж-а өзүн андан ары таркатат. Вирус дискет, модем же бай­ланыш тармагы боюнча башка компьютерден ки­рет. Эгер Вирус кирген файл башка компьютердик системага жиберилсе же бул системага кайрыл­са, анда ал башка системага таралат. Кийинки жылдары улам миңдеген жаңы вирустар пайда бо­луп, айрымдары кеңири колдонулуучу програм­маларга кирип, бүткүл дүйнөгө таралат ж-а бир нече ай бою компьютерде жайгашып, анан ка­пысынан таасир эте баштайт. Вирус компьютер тармактарынын (локалдык, глобалдык), ''интер­неттин'' пайда болушу Вирустун таралышын өзгөчө жеңилдетти. Вирустардын негизги 4 тиби (жүктө­лүүчү сектор Вирусу, файл Вирусу, троян Вирусу ж-а мак­ро Вирустар) бар. Жүктөлүүчү сектор Вирусу компью­тер системасын иштетүүчү баштапкы жүктөө программасына кирет. Вирус кирген программа иш­тетилгенде андагы вирус компьютердин эсине жа­зылып калып, компьютердеги флоппи дисктер­дин ар бирине көчүрүлүп жазыла берет. Троян (грек мифи) вирусу кадимки программага окшош, ал программанын ичинде жашыруун түрдө ки­рип алат. Текстти иштетүү сыяктуу колдон­молордо пайдаланылган макро-буйруктарда вирус коддору жашырынып калат. Макро-буйрук­тардан киргизип алган вирустуу документ ачыл­ганда вирус эске жүктөлөт ж-а андан башка про­граммаларга кирет. Көп учурда макро вирустар шаб­лондун бөлүгү түрүндө иштелет ж-а түзүлүп жат­кан документ шаблонду (үлгү) колдонгон сайын кирет. Айрым вирустар жөн гана компьютердик системага убактылуу кирип, үн же текст түрүндө кабар чыгарат. Мисалы, Грин курту аттуу вирус экран­дан жашыл куртту көрсөтөт. «Тире» деп атал­ган вирус башка вирустардай өзгө программаларга өзүн көчүрбөстөн, жөн гана эске же дискке өзүн көп ирет көчүрө берип, эсти же дискти толтуруп коёт. Эсте же дискте орун калбай калганда компью­тер иштешин токтотот. Вирусту атайы таркатуу көп өлкөдө чыккынчылык катары эсептелет. Ком­пьютердик тармакка туташтырылбаган ж-а башка компьютер м-н маалымат алмашуу жүргү­зүлбөгөн компьютерге вирус кирбейт. Вирустун улам жаңы түрү пайда болуп тургандыктан, антиви­рус программасы да мезгили м-н жаңыланып турушу зарыл. Белгилүү антивирус программа­лары: AIDSTEST, DRWEB, ADINF, WEBVAMP ж. б. | ||
''А. С. Өмүралиев.'' | ''А. С. Өмүралиев.'' | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
08:58, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИ́РУС (Computer virus) к о м п ь ю т е р д е – башка программалык жабдыкка же файлга кирип, аларды зыянга учуратуу үчүн иштелип чыккан колдонуучуга белгисиз болгон компьютердик программа. Вирус программасы контакт болгон программалык жабдыкка же файлга кирет. Ал көбүнчө компьютердик системаны зыянга учуратат, берилиштерди жоготот, бузат ж-а өзүн андан ары таркатат. Вирус дискет, модем же байланыш тармагы боюнча башка компьютерден кирет. Эгер Вирус кирген файл башка компьютердик системага жиберилсе же бул системага кайрылса, анда ал башка системага таралат. Кийинки жылдары улам миңдеген жаңы вирустар пайда болуп, айрымдары кеңири колдонулуучу программаларга кирип, бүткүл дүйнөгө таралат ж-а бир нече ай бою компьютерде жайгашып, анан капысынан таасир эте баштайт. Вирус компьютер тармактарынын (локалдык, глобалдык), интернеттин пайда болушу Вирустун таралышын өзгөчө жеңилдетти. Вирустардын негизги 4 тиби (жүктөлүүчү сектор Вирусу, файл Вирусу, троян Вирусу ж-а макро Вирустар) бар. Жүктөлүүчү сектор Вирусу компьютер системасын иштетүүчү баштапкы жүктөө программасына кирет. Вирус кирген программа иштетилгенде андагы вирус компьютердин эсине жазылып калып, компьютердеги флоппи дисктердин ар бирине көчүрүлүп жазыла берет. Троян (грек мифи) вирусу кадимки программага окшош, ал программанын ичинде жашыруун түрдө кирип алат. Текстти иштетүү сыяктуу колдонмолордо пайдаланылган макро-буйруктарда вирус коддору жашырынып калат. Макро-буйруктардан киргизип алган вирустуу документ ачылганда вирус эске жүктөлөт ж-а андан башка программаларга кирет. Көп учурда макро вирустар шаблондун бөлүгү түрүндө иштелет ж-а түзүлүп жаткан документ шаблонду (үлгү) колдонгон сайын кирет. Айрым вирустар жөн гана компьютердик системага убактылуу кирип, үн же текст түрүндө кабар чыгарат. Мисалы, Грин курту аттуу вирус экрандан жашыл куртту көрсөтөт. «Тире» деп аталган вирус башка вирустардай өзгө программаларга өзүн көчүрбөстөн, жөн гана эске же дискке өзүн көп ирет көчүрө берип, эсти же дискти толтуруп коёт. Эсте же дискте орун калбай калганда компьютер иштешин токтотот. Вирусту атайы таркатуу көп өлкөдө чыккынчылык катары эсептелет. Компьютердик тармакка туташтырылбаган ж-а башка компьютер м-н маалымат алмашуу жүргүзүлбөгөн компьютерге вирус кирбейт. Вирустун улам жаңы түрү пайда болуп тургандыктан, антивирус программасы да мезгили м-н жаңыланып турушу зарыл. Белгилүү антивирус программалары: AIDSTEST, DRWEB, ADINF, WEBVAMP ж. б.
А. С. Өмүралиев.