ВИСНА-МАЭДИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИСНА́-МАЭДИ '''– койдун өпкөсүн катуу сезген­тип, арткы буттарын шал кылуучу өнөкөт жу­гуштуу ылаң. Ылаң биринчи жолу Исландияда 1935-жылы висна (илмийүү, жүдөө), бир нече жыл­дан кийин ''маэди'' (энтикме) деген ат м-н бел­гилүү болгон. Ылаң Кыргызстанда да кездешет. Аны В. И. ''Митрофанов'' изилдеген (1976). Ылаңдат­кычы РНКлуу вирус, ал айлана-чөйрөгө турук­туу. Кашар м-н жайытта бир нече ай сакталат, вирус тоңдурулуп, кайрадан эритилсе да, виру­ленттүүлүгүн жоготпойт. Ылаң күтүүсүздөн баш­талат, клиникалык белгилери акырындык м-н айкындалып, ылаңдаган малдын саны көбөйөт. Дарт жай өтүп, узакка созулат. Инфекциянын булагы – ылаңдуу мал. Көбүнчө 2 жаштан жо­горку койлор ылаңдайт. Инфекция м-н булган­ган жем-чөп, суу, топурактан ооз, ошондой эле аба аркылуу да жугушу мүмкүн. Ылаңдын жашы­руун (букма) мезгили өтө эле узак (6 айдан 6 жылга чейин). Койлор көп убакытка вирусту жашыруун алып жүрүп, соо койлорго жугуза берет. Висна-маэди нервди ж-а өпкөнү сезгентет. Нерв сезгенгенде ылаңдаган кой бир аз чуркаса эле эрини калтырап, башын чайкап туруп калат. Ылаң улам күчөп, бара-бара арткы буттары жакшы кыймылдабай шал болот. Өпкөсү сез­генгенде койдун дем алуусу | '''ВИСНА́-МАЭДИ '''– койдун өпкөсүн катуу сезген­тип, арткы буттарын шал кылуучу өнөкөт жу­гуштуу ылаң. Ылаң биринчи жолу Исландияда 1935-жылы висна (илмийүү, жүдөө), бир нече жыл­дан кийин ''маэди'' (энтикме) деген ат м-н бел­гилүү болгон. Ылаң Кыргызстанда да кездешет. Аны В. И. ''Митрофанов'' изилдеген (1976). Ылаңдат­кычы РНКлуу вирус, ал айлана-чөйрөгө турук­туу. Кашар м-н жайытта бир нече ай сакталат, вирус тоңдурулуп, кайрадан эритилсе да, виру­ленттүүлүгүн жоготпойт. Ылаң күтүүсүздөн баш­талат, клиникалык белгилери акырындык м-н айкындалып, ылаңдаган малдын саны көбөйөт. Дарт жай өтүп, узакка созулат. Инфекциянын булагы – ылаңдуу мал. Көбүнчө 2 жаштан жо­горку койлор ылаңдайт. Инфекция м-н булган­ган жем-чөп, суу, топурактан ооз, ошондой эле аба аркылуу да жугушу мүмкүн. Ылаңдын жашы­руун (букма) мезгили өтө эле узак (6 айдан 6 жылга чейин). Койлор көп убакытка вирусту жашыруун алып жүрүп, соо койлорго жугуза берет. Висна-маэди нервди ж-а өпкөнү сезгентет. Нерв сезгенгенде ылаңдаган кой бир аз чуркаса эле эрини калтырап, башын чайкап туруп калат. Ылаң улам күчөп, бара-бара арткы буттары жакшы кыймылдабай шал болот. Өпкөсү сез­генгенде койдун дем алуусу кыйындап, энти­гет. Бара-бара тез дем алып, кургак жөтөлөт, бирок мурдунан илээшкек суюктук агат. Арык­тайт, ылаңдын клиникалык белгилери бир нече айдан 2 жылга чейин созулат, кой өлөт. Кли­никалык белгилердин, патанатомиялык өзгөрүүлөрдүн, лабораториялык изилдөөлөрдүн (клетка культурасында­гы өзгөрүүлөр), серологиялык реакциялардын негизинде диагноз коюлат. Ылаңга каршы вак­цина ж-а дары-дармек жок. Ылаңдан сактануу үчүн бир эле мезгилде бруцеллёзго ж-а висна-маэдиге текшерүү зарыл. Ылаңдуу кой этке төгүлөт. | ||
''Д. Раимбеков.'' | ''Д. Раимбеков.'' | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
04:00, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИСНА́-МАЭДИ – койдун өпкөсүн катуу сезгентип, арткы буттарын шал кылуучу өнөкөт жугуштуу ылаң. Ылаң биринчи жолу Исландияда 1935-жылы висна (илмийүү, жүдөө), бир нече жылдан кийин маэди (энтикме) деген ат м-н белгилүү болгон. Ылаң Кыргызстанда да кездешет. Аны В. И. Митрофанов изилдеген (1976). Ылаңдаткычы РНКлуу вирус, ал айлана-чөйрөгө туруктуу. Кашар м-н жайытта бир нече ай сакталат, вирус тоңдурулуп, кайрадан эритилсе да, вируленттүүлүгүн жоготпойт. Ылаң күтүүсүздөн башталат, клиникалык белгилери акырындык м-н айкындалып, ылаңдаган малдын саны көбөйөт. Дарт жай өтүп, узакка созулат. Инфекциянын булагы – ылаңдуу мал. Көбүнчө 2 жаштан жогорку койлор ылаңдайт. Инфекция м-н булганган жем-чөп, суу, топурактан ооз, ошондой эле аба аркылуу да жугушу мүмкүн. Ылаңдын жашыруун (букма) мезгили өтө эле узак (6 айдан 6 жылга чейин). Койлор көп убакытка вирусту жашыруун алып жүрүп, соо койлорго жугуза берет. Висна-маэди нервди ж-а өпкөнү сезгентет. Нерв сезгенгенде ылаңдаган кой бир аз чуркаса эле эрини калтырап, башын чайкап туруп калат. Ылаң улам күчөп, бара-бара арткы буттары жакшы кыймылдабай шал болот. Өпкөсү сезгенгенде койдун дем алуусу кыйындап, энтигет. Бара-бара тез дем алып, кургак жөтөлөт, бирок мурдунан илээшкек суюктук агат. Арыктайт, ылаңдын клиникалык белгилери бир нече айдан 2 жылга чейин созулат, кой өлөт. Клиникалык белгилердин, патанатомиялык өзгөрүүлөрдүн, лабораториялык изилдөөлөрдүн (клетка культурасындагы өзгөрүүлөр), серологиялык реакциялардын негизинде диагноз коюлат. Ылаңга каршы вакцина ж-а дары-дармек жок. Ылаңдан сактануу үчүн бир эле мезгилде бруцеллёзго ж-а висна-маэдиге текшерүү зарыл. Ылаңдуу кой этке төгүлөт.
Д. Раимбеков.