БАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЙ '''- кыргыз коомунда малдуу, мүлктүү, жери, кыштоосу, жайлоосу бар социалдык топ. О. эле О. Азия, Казакстан аймактарында, Кавказдын айрым жерлеринде да көп сандаган мал, байлык күткөндөр ж-а ири жер ээлери Б. аталып, Октябрь Рев-ясынан кийин алар коомдук социалдык катмар - «эзүүчү» тап катары Совет бийлиги тарабынан «түп-тамырынан» жоюлган. Байыркы кыргыздын рун жазууларында, бүгүн­кү күнгө чейин сакталып жеткен түрк тилдүү кол жазмаларда Б. деген аталыш кеңири кезде­шип, мал-мүлкү бар адамдарга карата аптылган. Ири Б-лар түмөндөгөн төрт түлүк малды, жа­йыттарды же зор аймактагы апдоо аянттарды менчиктеген. Мис., Кочкор өрөөнүндөгү Шамен Сейит уулунун 2000 жылкысы, 3000 кою, 200 төөсү, 300 ую; Солтонсары м-н Каракужурду ээлеген Калча байдын 10 000 кою, 1000 жылкысы, 200дөй топозу болгон. Калчанын малын 21 койчу, 15 жылкычы баккан. Дыйканчылык өнүккөн аймактардагы Б-лар ири жер ээлери бо­лушкан. Куршабдык Ташмамат бай 250, алабу­калык Калмабай 270 танап (1 танап - 1/6 ''га'' жакын) жер ээлешкен. Б. кыргыз коомунда ба­раандуу орун ээлеген. Алар коомдук мамиледе ж-а чарба башкарууда уюштургуч, жаратуучу катары маанилүү роль ойногон. Б. Солтоноев­дин жазганына караганда кыргыз баллары төртке бөлүнгөн: 1) «чоң Б.». Калк арасында күткөн аброюна карата, сөөлөттүү жүрүм-турумуна жа­раша аларга «мырза Б.», «март Б.», «уюткулуу Б.» деген ызааттоо эпитети колдонулган. Уюткулуу Б., демек, байлык атадан балага калып, анын көлөмү кемибегендерге карата айтылган. Бай адамдын таза кийинип, мырзалык жүрүм-туру­му м-н эл башкарып, колунда бар байлыгына чиренбестен букараларына, коңшу-колоңдоруна кайрылып жардам кылып турушу анын март­тыгын билдирген. Адатта чоң Б-дын саясий­коомдук статусу манаптарга жакын болуп, алар бийлик ишине олуттуу таасир көрсөтө алышкан; 2) «сараң Б.» - сараңдыгынан улам калк арасында аларды «чык татырбас Чыйбыл Б.» деп да аташкан; 3) «сасык Б. же кокуй Б.» - алар мал туягын санап, үйүнөн ырымга да кан чыгарбастан, өлгөн жандыктын этин жешкен. Жакшы кийинип, кенен ичип-жегенди жаман көргөн; 4) «жеке мерез Б.», «макоо Б.» - алар жанына коңшу жолотпостон, жайы-кышы жал­гыз конгон. Буюм сураса урушуп, берген эмес. «Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук бай­латпайт, жаман эрге мал бүтсө, жанына коңшу кондурбайт» деген макал ошондон калса керек.
'''БАЙ '''- кыргыз коомунда малдуу, мүлктүү, жери, кыштоосу, жайлоосу бар социалдык топ. Ошондой эле Орто Азия, Казакстан аймактарында, Кавказдын айрым жерлеринде да көп сандаган мал, байлык күткөндөр жана ири жер ээлери Бай аталып, Октябрь Революциясынан кийин алар коомдук социалдык катмар - «эзүүчү» тап катары Совет бийлиги тарабынан «түп-тамырынан» жоюлган. Байыркы кыргыздын рун жазууларында, бүгүн­кү күнгө чейин сакталып жеткен түрк тилдүү кол жазмаларда Бай деген аталыш кеңири кезде­шип, мал-мүлкү бар адамдарга карата айтылган. Ири Байлар түмөндөгөн төрт түлүк малды, жа­йыттарды же зор аймактагы айдоо аянттарды менчиктеген. Мисалы, Кочкор өрөөнүндөгү Шамен Сейит уулунун 2000 жылкысы, 3000 кою, 200 төөсү, 300 ую; Солтон-Сары менен Кара-Кужурду ээлеген Калча байдын 10 000 кою, 1000 жылкысы, 200дөй топозу болгон. Калчанын малын 21 койчу, 15 жылкычы баккан. Дыйканчылык өнүккөн аймактардагы Байлар ири жер ээлери бо­лушкан. Куршабдык Ташмамат бай 250, алабу­калык Калмабай 270 танап (1 танап - 1/6 ''га'' жакын) жер ээлешкен. Бай кыргыз коомунда ба­раандуу орун ээлеген. Алар коомдук мамиледе жана чарба башкарууда уюштургуч, жаратуучу катары маанилүү роль ойногон. Б. Солтоноев­дин жазганына караганда кыргыз байлары төрткө бөлүнгөн: 1) «чоң Бай». Калк арасында күткөн аброюна карата, сөөлөттүү жүрүм-турумуна жа­раша аларга «мырза Бай», «март Бай», «уюткулуу Бай» деген ызааттоо эпитети колдонулган. Уюткулуу Бай, демек, байлык атадан балага калып, анын көлөмү кемибегендерге карата айтылган. Бай адамдын таза кийинип, мырзалык жүрүм-туру­му менен эл башкарып, колунда бар байлыгына чиренбестен букараларына, коңшу-колоңдоруна кайрылып жардам кылып турушу анын март­тыгын билдирген. Адатта чоң Байдын саясий­-коомдук статусу манаптарга жакын болуп, алар бийлик ишине олуттуу таасир көрсөтө алышкан; 2) «сараң Бай» - сараңдыгынан улам калк арасында аларды «чык татырбас Чыйбыл Бай» деп да аташкан; 3) «сасык Бай же кокуй Бай» - алар мал туягын санап, үйүнөн ырымга да кан чыгарбастан, өлгөн жандыктын этин жешкен. Жакшы кийинип, кенен ичип-жегенди жаман көргөн; 4) «жеке мерез Бай», «макоо Бай» - алар жанына коңшу жолотпостон, жайы-кышы жал­гыз конгон. Буюм сураса урушуп, берген эмес. «Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук бай­латпайт, жаман эрге мал бүтсө, жанына коңшу кондурбайт» деген макал ошондон калса керек. Совет идеологиясы бай адамдар жана байлык тууралуу атайылап терс көз караш таратып, Совет бийлиги алгачкы жылдардан эле Байга чек­төө саясатын жүргүзгөн. 1927-28-жылдарда Кыргызстан­да жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын учурунда 494 байдын жеке менчик чарбасы жоюлуп, 3447 оокаттуу чарба кысымга алынган жана алар­дын 17277 ''га'' жери коомдоштурулган. 1929-жылы Кыргыз АССР БАКтын ири Байлар менен манап­тарды республиканын чегинен сырткары жер которуш­туруу жөнүндөгү чечимине ылайык, оокаттуу чарба ээлеринин көпчүлүгү үй-бүлөсү менен башка жак­тарга (Украина) айдалган. Ал эми жеке чарба­ларды коллективдештирүүнүн негизинде «Байлар­дын калдыгы» тап катары биротоло жок кы­лынган. Идеологиялык жобого ылайык, аларга каршы күрөш социалисттик революциянын мыйзамы катары түшүн­дүрүлгөн. Илимий эмгектерде, адабий чыгармаларда кыргыз Байлары асыресе ачкөз, каардуу жана ке­дей-кембагалдын канын соргон мите сыяктуу сүрөттөлгөн. Совет бийлигинин саясаты ошол мезгилдеги кыргыз маданиятынын, кыргыз руху­нун нукура интеллектуалдык өкүлдөрүн «Бай» деген шылтоо менен эзүүчү тап катары жок кылып жибергендиги маалым. КР эгемендикке ээ болгону өлкөдө жеке менчикке негизделген коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында жеке ишка­налар, окуу жайлар, мектептер, дарылоо меке­мелери ж. б. ачылып, адамдарга өз алдынча байлык топтоого мүмкүндүктөр берилди. Учурда өлкөдө иши менен таанылган жеке ири ишкана ээлери, бай ишкерлердин катары күн санап өсүүдө.
Совет идеологиясы бай адамдар ж-а байлык тууралуу атайылап терс көзкараш таратып, Совет бийлиги алгачкы жылдардан эле Б-га чек­төө саясатын жүргүзгөн. 1927-28-ж. Кырг-н­да жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын учурунда 494 байдын жеке менчик чарбасы жоюлуп, 3447 оокаттуу чарба кысымга алынган ж-а алар­дын 17277 ''га'' жери коомдоштурулган. 1929-ж. Кыргыз АССР БАКтын ири Б-лар м-н манап­тарды респ-нын чегинен сырткары жер которуш­туруу ж-дөгү чечимине ылайык, оокаттуу чарба ээлеринин көпчүлүгү үйбүлөсү м-н башка жак­тарга (Украина) айдалган. Ал эми жеке чарба­ларды коллективдештирүүнүн негизинде «Б-лар­дын калдыгы» тап катары биротоло жок кы­лынган. Идеол. жобого ылайык, аларга каршы күрөш соц. рев-янын мыйзамы катары түшүн­дүрүлгөн. Ил. эмгектерде, адабий чыгармаларда кыргыз Б-лары асыресе ачкөз, каардуу ж-а ке­дей-кембагалдын канын соргон мите сыяктуу сүрөттөлгөн. Совет бийлигинин саясаты ошол мезгилдеги кыргыз мад-тынын, кыргыз руху­нун нукура интеллектуалдык өкүлдөрүн «Б.» деген шылтоо м-н эзүүчү тап катары жок кылып жибергендиги маалым. КР эгемендикке ээ болгону өлкөдө жеке менчикке негизделген коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында жеке ишка­налар, окуу жайлар, мектептер, дарылоо меке­мелери ж. б. ачылып, адамдарга өзалдынча байлык топтоого мүмкүндүктөр берилди. Учурда өлкөдө иши м-н таанылган жеке ири ишкана ээлери, бай ишкерлердин катары күн санап өсүүдө. ''М. Кожобеков.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]


''М. Кожобеков.''
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

07:11, 7 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЙ - кыргыз коомунда малдуу, мүлктүү, жери, кыштоосу, жайлоосу бар социалдык топ. Ошондой эле Орто Азия, Казакстан аймактарында, Кавказдын айрым жерлеринде да көп сандаган мал, байлык күткөндөр жана ири жер ээлери Бай аталып, Октябрь Революциясынан кийин алар коомдук социалдык катмар - «эзүүчү» тап катары Совет бийлиги тарабынан «түп-тамырынан» жоюлган. Байыркы кыргыздын рун жазууларында, бүгүн­кү күнгө чейин сакталып жеткен түрк тилдүү кол жазмаларда Бай деген аталыш кеңири кезде­шип, мал-мүлкү бар адамдарга карата айтылган. Ири Байлар түмөндөгөн төрт түлүк малды, жа­йыттарды же зор аймактагы айдоо аянттарды менчиктеген. Мисалы, Кочкор өрөөнүндөгү Шамен Сейит уулунун 2000 жылкысы, 3000 кою, 200 төөсү, 300 ую; Солтон-Сары менен Кара-Кужурду ээлеген Калча байдын 10 000 кою, 1000 жылкысы, 200дөй топозу болгон. Калчанын малын 21 койчу, 15 жылкычы баккан. Дыйканчылык өнүккөн аймактардагы Байлар ири жер ээлери бо­лушкан. Куршабдык Ташмамат бай 250, алабу­калык Калмабай 270 танап (1 танап - 1/6 га жакын) жер ээлешкен. Бай кыргыз коомунда ба­раандуу орун ээлеген. Алар коомдук мамиледе жана чарба башкарууда уюштургуч, жаратуучу катары маанилүү роль ойногон. Б. Солтоноев­дин жазганына караганда кыргыз байлары төрткө бөлүнгөн: 1) «чоң Бай». Калк арасында күткөн аброюна карата, сөөлөттүү жүрүм-турумуна жа­раша аларга «мырза Бай», «март Бай», «уюткулуу Бай» деген ызааттоо эпитети колдонулган. Уюткулуу Бай, демек, байлык атадан балага калып, анын көлөмү кемибегендерге карата айтылган. Бай адамдын таза кийинип, мырзалык жүрүм-туру­му менен эл башкарып, колунда бар байлыгына чиренбестен букараларына, коңшу-колоңдоруна кайрылып жардам кылып турушу анын март­тыгын билдирген. Адатта чоң Байдын саясий­-коомдук статусу манаптарга жакын болуп, алар бийлик ишине олуттуу таасир көрсөтө алышкан; 2) «сараң Бай» - сараңдыгынан улам калк арасында аларды «чык татырбас Чыйбыл Бай» деп да аташкан; 3) «сасык Бай же кокуй Бай» - алар мал туягын санап, үйүнөн ырымга да кан чыгарбастан, өлгөн жандыктын этин жешкен. Жакшы кийинип, кенен ичип-жегенди жаман көргөн; 4) «жеке мерез Бай», «макоо Бай» - алар жанына коңшу жолотпостон, жайы-кышы жал­гыз конгон. Буюм сураса урушуп, берген эмес. «Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук бай­латпайт, жаман эрге мал бүтсө, жанына коңшу кондурбайт» деген макал ошондон калса керек. Совет идеологиясы бай адамдар жана байлык тууралуу атайылап терс көз караш таратып, Совет бийлиги алгачкы жылдардан эле Байга чек­төө саясатын жүргүзгөн. 1927-28-жылдарда Кыргызстан­да жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын учурунда 494 байдын жеке менчик чарбасы жоюлуп, 3447 оокаттуу чарба кысымга алынган жана алар­дын 17277 га жери коомдоштурулган. 1929-жылы Кыргыз АССР БАКтын ири Байлар менен манап­тарды республиканын чегинен сырткары жер которуш­туруу жөнүндөгү чечимине ылайык, оокаттуу чарба ээлеринин көпчүлүгү үй-бүлөсү менен башка жак­тарга (Украина) айдалган. Ал эми жеке чарба­ларды коллективдештирүүнүн негизинде «Байлар­дын калдыгы» тап катары биротоло жок кы­лынган. Идеологиялык жобого ылайык, аларга каршы күрөш социалисттик революциянын мыйзамы катары түшүн­дүрүлгөн. Илимий эмгектерде, адабий чыгармаларда кыргыз Байлары асыресе ачкөз, каардуу жана ке­дей-кембагалдын канын соргон мите сыяктуу сүрөттөлгөн. Совет бийлигинин саясаты ошол мезгилдеги кыргыз маданиятынын, кыргыз руху­нун нукура интеллектуалдык өкүлдөрүн «Бай» деген шылтоо менен эзүүчү тап катары жок кылып жибергендиги маалым. КР эгемендикке ээ болгону өлкөдө жеке менчикке негизделген коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында жеке ишка­налар, окуу жайлар, мектептер, дарылоо меке­мелери ж. б. ачылып, адамдарга өз алдынча байлык топтоого мүмкүндүктөр берилди. Учурда өлкөдө иши менен таанылган жеке ири ишкана ээлери, бай ишкерлердин катары күн санап өсүүдө.

М. Кожобеков.