БАЙДУЛУ ТООСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙДУЛУ ТООСУ '''Ички | '''БАЙДУЛУ ТООСУ '''Ички Теңир-Тоодо. Капкаташ тоосуна уланып, Кумбел ашуусунан батышты карай Карүңкүр (Оттук суусу) капчыгайына чейин созулуп жатат. Кара-Кужур, Солтон-Сары өрөөндөрүн Оттук, Он-Арча өрөөндөрүнөн бөлүп турат. Узундугу 56 ''км,'' туурасы 11 ''км,'' Оттук кыштагы тушта 30 ''км'' ге чейин. Орточо бийиктиги 3790 ''м'', эң бийик жери 4167 ''м'' (Он-Арча чокусу). Ортоңку бөлүгүн Солтон-Сары өрөөнү кесип өтөт. Батыш жагы жапыз, аскалуу. Түндүк капталы кыска, тик, түштүгү (Оттук өрөөнүнө караган бети) узун, жантайыңкы. Этеги адырлуу. Өрөөн, кокту-ко­лоттуу. Бийигирээк чыгыш бөлүгүндө тоонун тескей тарабы тескерисинче жантайыңкы, күн­гөйү тик. Жондорунда ж-а капталдарында те­гиз, тайпак жерлер бар. Байыркы муз каптоо­лордун издери байкалат. Негизинен девон м-н карбондун чаар ж-а кызгылт кумдук, конгломерат, сланец, мергель, алевролит, акиташ тек­теринен түзүлгөн. Аларды жогорку карбондун гранит-диорит, гранит-сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоонун тектоникалык ички структурасы - анын кыры м-н жарыш багытта жай­гашкан Байдулу синклиналы. Ал түндүгүнөн Акташ, түштүгүнөн Түштүк Соң-Көл-Көкташ тектоникалык терең жаракалары м-н чектелген. Түндүк кап­талдарына түркүн чөп-доңуз сырттуу субальп (2800-3100 ''м'' бийиктикте), альп шалбаасы (3200 ''м'' ден жогору), күнгөй беттерине бетегелүү талаа, түркүн чөп-бетегелүү шалбаалуу талаа (2500-3200 ''м''), бетеге-доңуз сырттуу субальп (3200-3500 ''м''), альп шалбаалуу талаа (3500 ''м'' ден жогору), 3800 ''м'' ден өйдө бийик кырларга ни­валдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Тоонун күнгөй тарабындагы терең кууш өрөөндөрдү ж-а Он-Арчага караган беттеринде суйдаң карагай токойлору, бадалдуу черлер бар. Жайлоо, күнгөй бетиндеги ыктоо жерлери кыштоо катары пайдаланылат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
талаа, түркүн чөп-бетегелүү шалбаалуу талаа (2500-3200 ''м''), бетеге- | |||
07:59, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЙДУЛУ ТООСУ Ички Теңир-Тоодо. Капкаташ тоосуна уланып, Кумбел ашуусунан батышты карай Карүңкүр (Оттук суусу) капчыгайына чейин созулуп жатат. Кара-Кужур, Солтон-Сары өрөөндөрүн Оттук, Он-Арча өрөөндөрүнөн бөлүп турат. Узундугу 56 км, туурасы 11 км, Оттук кыштагы тушта 30 км ге чейин. Орточо бийиктиги 3790 м, эң бийик жери 4167 м (Он-Арча чокусу). Ортоңку бөлүгүн Солтон-Сары өрөөнү кесип өтөт. Батыш жагы жапыз, аскалуу. Түндүк капталы кыска, тик, түштүгү (Оттук өрөөнүнө караган бети) узун, жантайыңкы. Этеги адырлуу. Өрөөн, кокту-колоттуу. Бийигирээк чыгыш бөлүгүндө тоонун тескей тарабы тескерисинче жантайыңкы, күнгөйү тик. Жондорунда ж-а капталдарында тегиз, тайпак жерлер бар. Байыркы муз каптоолордун издери байкалат. Негизинен девон м-н карбондун чаар ж-а кызгылт кумдук, конгломерат, сланец, мергель, алевролит, акиташ тектеринен түзүлгөн. Аларды жогорку карбондун гранит-диорит, гранит-сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоонун тектоникалык ички структурасы - анын кыры м-н жарыш багытта жайгашкан Байдулу синклиналы. Ал түндүгүнөн Акташ, түштүгүнөн Түштүк Соң-Көл-Көкташ тектоникалык терең жаракалары м-н чектелген. Түндүк капталдарына түркүн чөп-доңуз сырттуу субальп (2800-3100 м бийиктикте), альп шалбаасы (3200 м ден жогору), күнгөй беттерине бетегелүү талаа, түркүн чөп-бетегелүү шалбаалуу талаа (2500-3200 м), бетеге-доңуз сырттуу субальп (3200-3500 м), альп шалбаалуу талаа (3500 м ден жогору), 3800 м ден өйдө бийик кырларга нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Тоонун күнгөй тарабындагы терең кууш өрөөндөрдү ж-а Он-Арчага караган беттеринде суйдаң карагай токойлору, бадалдуу черлер бар. Жайлоо, күнгөй бетиндеги ыктоо жерлери кыштоо катары пайдаланылат.