БАЙЖИЕВ Ташым Ыскак уулу: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
мNo edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЙЖИЕВ '''Ташым Ыскак уулу (1909, Ысыккөл обл., Аксуу р-ну, Тепке айылы - 17. 2. 1952, Караганды) - адабиятчы, кыргыз тили ж-а ад­ты б-ча алгачкы окуу китептеринин автору, жазуучу, драматург, котор­мочу, сынчы.  
'''БАЙЖИЕВ Ташым Ыскак уулу''' (1909, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Тепке айылы - 17. 2. 1952, Караганды) - адабиятчы, кыргыз тили жана ад­абияты боюнча алгачкы окуу китептеринин автору, жазуучу, драматург, котор­мочу, сынчы.
 
[[File:БАЙЖИЕВ8.png | thumb | none]]Кара-Колдогу орус-тузем мектебин, Фрун­зедеги педтехникумду бүт­көн (1927). Байжиевдин адабий ишмердиги 1927-жылы проза­лык чыгармаларды жазуу­дан башталган. 1930-36-жылдарда эл агартуу комиссариаты­нын инспектору катары Алай өрөөнүндө башталгыч мектептерди ачып, Жалал-А­баддагы педтехникумда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Анын чыгармачылыгынын ойгону­шуна жана калыптанышына педтехникумдагы «Кызыл учкун» деген адабий ийримдин таасири чоң болгон. «Сен кимсиң?», «Досум», «Кытмыр өлдү», «Күрөө», «Төр-Сууда», «Суу боюнда», «Тур­муш чөлү» аттуу кыска аңгемелери, жанытма­лары ж-а повесттери ошол учурдагы кыргыз жер­гесиндеги тап күрөшүн, жаңы замандын орно­шун, азаттыкка чыккан кыз-келиндердин, илим-билимге умтулган жаштардын турмушун сүрөттөөгө арналган. Кыргыз пединститутунун орус тили ж-а адабияты факультетин бүтүргөндөн кийин 1940-42-жылдары СССР ИАнын Кыргыз филиалында «Манас» сек­торун башкарып, эпостун үч томдугун басмага даярдаган. Залкар манасчылар Саякбай Кара­лаев, Шапак ж-а Акмат Рысмендеевдердин ай­туусунда эпосту кагазга түшүргөн. Илимий-изилдөө мака­лаларын жарыялап, республиканын Өкмөтүнө 1942-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык юбилейин өткөрүүнү сунуштаган. 1944-жылы Улуу Ата Ме­кендик согушка кетип, Украина фронтунда жарадар болгон. 1944-жылы госпиталдан жазган «Жигиттер» аттуу пьесасы театрда даярдала баштаган. Пьеса кыргыз азаматтарынын эрдик­терине арналганына карабастан, саясий күнөө коюлуп, репертуардан алынган. Бул окуядан кийин Байжиев көркөм чыгарма жазуудан баш тартып, бүт эмгегин кыргыз тили ж-а адабияты боюнча окуу китептерин түзүүгө, ''«Манас» эпосун, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Токтогул, Барпынын'' чыгармачылыгын иликтеп элге жеткирүүгө арнаган. 1944-49-жылдарда «Манас» ж-а фольклор секторун жетектеген. 1947-жыл­га пландаштырылган «Манас» эпосунун 1100 жылдыгына үчилтиктин 21 томун даярдап, «Чоң казаттын» орусча котормосу өзүнчө китеп болуп чыккан. «Семетейди» изилдеп, аны баа­тырдык лирикалык поэма катары баалаган ж-а белгилүү казак окумуштуусу М. ''Ауэзовдун'' жетекчилигинде «Манас» эпосу боюнча диссертация жазууну колго алган. Бирок ВКП(б) БКнын «Звезда» жана «Ленинград» журналдары жөнүндөгү токтому кабыл алынгандан кийин (1946, 14- август) бул иштери өтөөсүнө чыкпай, Байжиевге эл душманы деген жалган саясий айып тагылып, репрессияланган. Ал З. ''Бектенов'' м-н бирдикте 3-4-класстар үчүн «Кыргыз тили» (1933), 5-класс­тар үчүн «Биздин адабият» (1940) окуу китепте­рин түзгөн, ал эми «Кыргыз адабияты» (фольклор) окуу китеби (1947) жарык көрөрү м-н 1949-жылы пайдалануудан алып салынган. 1993-жылы кайрадан басылып, мамлекеттик конкурста сыйлыкка та­тыктуу болгон. Китептин «Адабият жана фольклор» деген бөлүмүндө эки тармактын өз ара бай­ланышы, бөтөнчөлүктөрү чечмеленип, кыргыз элинин жазмасы 6-8-кылымдарда эле болгондугу, фоль­клорубуздун башаты, чыгыш теги, адабият тары­хы, адабият теориясы, адабий сын, фольклористика тууралуу маалымат, кеңири түшүндүрмөлөр берилген. «Байыркы кыргыздар» деген бөлүмүндө кыргыздардын байыртадан бүгүнкүгө чейинки тарыхы, социалдык-экономикалык түзүлүшү, маданияты, орхон-енисей жазуулары, алардын оку­лушу, стили тарыхый фактылардын негизинде жазылган. Ал эми «Октябрга чейинки фольклор» деген бөлүмдө фольклордук чыгармалардын Октябрь революциясына чейин Валиханов, Радлов, Алмаши тарабынан жазылып алынышы, алардын көз караштары тууралуу айтылып, эл­дин оозеки чыгармачылыгы классификацияланган. Акыркы бөлүмү боордош элдер адабиятына арна­лып, орус элинин «Илья Муромец», Ш. Руста­велинин «Жолборс терисин жамынган баатыр», ошондой эле Г. Низами, А. Навоинин чыгармалары камтылган. Эмгекте фольклордук ар кыл жанрлар, «Манас» үчилтиги баштаган кенже эпос­тор ж. б. боюнча алгач жыйынтыктуу илимий көз ­караштар, кеңири маалымат, тыянактар айтыл­ган. Китеп илимий-теориялык  жактан кыргыз адабияты менен фольклористикасындагы көптөгөн маселелерди так, кеңири чечмелеп бергендиги менен бүгүнкү күндө да баалуу. «Жигиттер» деген пьесасынын көркөмдүк деңгээли жогору, жазуу стили өзгөчө, маани-маңызы терең болгондуктан, режиссер И. Рыс­кулов сахнага алып чыккан (1989). Байжиев көркөм котормонун калыптанышына да өз салымын кошкон. Немис жазуучусу Э. Распенин «Мюн­хаузендин башынан өткөргөндөрү» (1936), орус жазуучусу А. Фурмановдун «Чапаев» (1939) жана башка чыгармаларды чебер которгон. Байжиев 1955-жылы реабилитацияланган.


[[File:БАЙЖИЕВ8.png | thumb | none]]Караколдогу орус-тузем мектебин, Фрун­зедеги педтехникумду бүт­көн (1927). Б-дин адабий ишмердиги 1927-ж. проза­лык чыгармаларды жазуу­дан башталган. 1930-36-ж.
Эл агартуу комиссариаты­нын инспектору катары
Алай өрөөнүндө башталгыч мектептерди ачып, Жалала­баттагы педтехникумда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Анын чыг-лыгынын ойгону­шуна ж-а калыптанышына педтехникумдагы «Кызыл учкун» деген адабий ийримдин таасири чоң болгон. «Сен кимсиң?», «Досум», «Кытмыр өлдү», «Күрөө», «Төр-Сууда», «Суу боюнда», «Тур­муш чөлү» аттуу кыска аңгемелери, жанытма­лары ж-а повесттери ошол учурдагы кыргыз жер­гесиндеги тап күрөшүн, жаңы замандын орно­шун, азаттыкка чыккан кыз-келиндердин, илим-билимге умтулган жаштардын турмушун сүрөттөөгө арналган. Кыргыз педин-тунун орус тили ж-а ад-ты ф-тин бүтүргөндөн 1940-42-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалында «Манас» сек­торун башкарып, эпостун үч томдугун басмага даярдаган. Залкар манасчылар Саякбай Кара­лаев, Шапак ж-а Акмат Рысмендеевдердин ай­туусунда эпосту кагазга түшүргөн. Ил.-из. мака­лаларын жарыялап, респ-нын Өкмөтүнө 1942-ж. «Манас» эпосунун 1000 жылдык юбилейин өткөрүүнү сунуштаган. 1944-ж. Улуу Ата Ме­кендик согушка кетип, Украина фронтунда жарадар болгон. 1944-ж. госпиталдан жазган «Жигиттер» аттуу пьесасы театрда даярдала баштаган. Пьеса кыргыз азаматтарынын эрдик­терине арналганына карабастан, саясий күнөө коюлуп, репертуардан алынган. Бул окуядан кийин Б. көркөм чыгарма жазуудан баш тартып, бүт эмгегин кыргыз тили ж-а ад-ты б-ча окуу китептерин түзүүгө, ''«Манас» эпосун, Калигул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Токтогул, Барпынын'' чыг-лыгын иликтеп элге жеткирүүгө арнаган. 1944-49-ж. «Манас» ж-а фольклор секторун жетектеген. 1947-жыл­га пландаштырылган «Манас» эпосунун 1100 жылдыгына үчилтиктин 21 томун даярдап, «Чоң казаттын» орусча котормосу өзүнчө китеп болуп чыккан. «Семетейди» изилдеп, аны баа­тырдык лирикалык поэма катары баалаган ж-а белгилүү казак окумуштуусу М. ''Ауэзовдун'' жетекчилигинде «Манас» эпосу б-ча диссертация жазууну колго алган. Бирок ВКП(б) БКнын «Звезда» ж-а «Ленинград» журналдары ж-дөгү токтому кабыл алынгандан кийин (1946, 14- август) бул иштери өтөөсүнө чыкпай, Б-ге эл душманы деген жалган саясий айып тагылып, репрессияланган. Ал З. ''Бектенов'' м-н бирдикте 3-4-класстар үчүн «Кыргыз тили» (1933), 5-класс­тар үчүн «Биздин адабият» (1940) окуу китепте­рин түзгөн, ал эми «Кыргыз адабияты» (фольклор) окуу китеби (1947) жарык көрөрү м-н 1949-ж. пайдалануудан алып салынган. 1993-ж. кайрадан басылып, мамл. конкурста сыйлыкка та­тыктуу болгон. Китептин «Адабият жана фольклор» деген бөлүмүндө эки тармактын өзара бай­ланышы, бөтөнчөлүктөрү чечмеленип, кыргыз элинин жазмасы 6-8-к-да эле болгондугу, фоль­клорубуздун башаты, чыгыш теги, ад-т тары­хы, ад-т теориясы, адабий сын, фольклористика тууралуу маалымат, кеңири түшүндүрмөлөр берилген. «Байыркы кыргыздар» деген бөлүмүндө кыргыздардын байыртадан бүгүнкүгө чейинки тарыхы, социалдык-экон. түзүлүшү, мад-ты, орхон-енисей жазуулары, алардын оку­лушу, стили тарыхый фактылардын негизинде жазылган. Ал эми «Октябрга чейинки фольклор» деген бөлүмдө фольклордук чыгармалардын Октябрь рев-ясына чейин Валиханов, Радлов, Алмаши ж. б. тарабынан жазылып алынышы, алардын көзкараштары тууралуу айтылып, эл­дин оозеки чыг-лыгы классификацияланган. Акыркы бөлүмү боордош элдер ад-тына арна­лып, орус элинин «Илья Муромец», Ш. Руста­велинин «Жолборс терисин жамынган баатыр», о. эле Г. Низами, А. Навоинин чыгармалары камтылган. Эмгекте фольклордук ар кыл жанрлар, «Манас» үчилтиги баштаган кенже эпос­тор ж. б. б-ча алгач жыйынтыктуу ил. көз­караштар, кеңири маалымат, тыянактар айтыл­ган. Китеп ил.-теор. жактан кыргыз ад-ты м-н фольклористикасындагы көптөгөн маселелерди так, кеңири чечмелеп бергендиги м-н бүгүнкү күндө да баалуу. «Жигиттер» деген пьесасынын көркөмдүк деңгээли жогору, жазуу стили өзгөчө, маани-маңызы терең болгондуктан, реж. И. Рыс­кулов сахнага алып чыккан (1989). Б. көркөм котормонун калыптанышына да өз салымын кошкон. Немис жазуучусу Э. Распенин «Мюн­хаузендин башынан өткөргөндөрү» (1936), орус жазуучусу А. Фурмановдун «Чапаев» (1939) ж. б. чыгармаларды чебер которгон. Б. 1955-ж. реабилитацияланган.
Ад.: ''Бектенов 3., Байжиев Т.'' Кыргыз адабияты. Б., 1993; Ташым Байжиев. Б., 2003.
Ад.: ''Бектенов 3., Байжиев Т.'' Кыргыз адабияты. Б., 1993; Ташым Байжиев. Б., 2003.
''А. Обозканов.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]


''А. Обозканов.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]

04:20, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

БАЙЖИЕВ Ташым Ыскак уулу (1909, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Тепке айылы - 17. 2. 1952, Караганды) - адабиятчы, кыргыз тили жана ад­абияты боюнча алгачкы окуу китептеринин автору, жазуучу, драматург, котор­мочу, сынчы.

Кара-Колдогу орус-тузем мектебин, Фрун­зедеги педтехникумду бүт­көн (1927). Байжиевдин адабий ишмердиги 1927-жылы проза­лык чыгармаларды жазуу­дан башталган. 1930-36-жылдарда эл агартуу комиссариаты­нын инспектору катары Алай өрөөнүндө башталгыч мектептерди ачып, Жалал-А­баддагы педтехникумда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Анын чыгармачылыгынын ойгону­шуна жана калыптанышына педтехникумдагы «Кызыл учкун» деген адабий ийримдин таасири чоң болгон. «Сен кимсиң?», «Досум», «Кытмыр өлдү», «Күрөө», «Төр-Сууда», «Суу боюнда», «Тур­муш чөлү» аттуу кыска аңгемелери, жанытма­лары ж-а повесттери ошол учурдагы кыргыз жер­гесиндеги тап күрөшүн, жаңы замандын орно­шун, азаттыкка чыккан кыз-келиндердин, илим-билимге умтулган жаштардын турмушун сүрөттөөгө арналган. Кыргыз пединститутунун орус тили ж-а адабияты факультетин бүтүргөндөн кийин 1940-42-жылдары СССР ИАнын Кыргыз филиалында «Манас» сек­торун башкарып, эпостун үч томдугун басмага даярдаган. Залкар манасчылар Саякбай Кара­лаев, Шапак ж-а Акмат Рысмендеевдердин ай­туусунда эпосту кагазга түшүргөн. Илимий-изилдөө мака­лаларын жарыялап, республиканын Өкмөтүнө 1942-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык юбилейин өткөрүүнү сунуштаган. 1944-жылы Улуу Ата Ме­кендик согушка кетип, Украина фронтунда жарадар болгон. 1944-жылы госпиталдан жазган «Жигиттер» аттуу пьесасы театрда даярдала баштаган. Пьеса кыргыз азаматтарынын эрдик­терине арналганына карабастан, саясий күнөө коюлуп, репертуардан алынган. Бул окуядан кийин Байжиев көркөм чыгарма жазуудан баш тартып, бүт эмгегин кыргыз тили ж-а адабияты боюнча окуу китептерин түзүүгө, «Манас» эпосун, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Токтогул, Барпынын чыгармачылыгын иликтеп элге жеткирүүгө арнаган. 1944-49-жылдарда «Манас» ж-а фольклор секторун жетектеген. 1947-жыл­га пландаштырылган «Манас» эпосунун 1100 жылдыгына үчилтиктин 21 томун даярдап, «Чоң казаттын» орусча котормосу өзүнчө китеп болуп чыккан. «Семетейди» изилдеп, аны баа­тырдык лирикалык поэма катары баалаган ж-а белгилүү казак окумуштуусу М. Ауэзовдун жетекчилигинде «Манас» эпосу боюнча диссертация жазууну колго алган. Бирок ВКП(б) БКнын «Звезда» жана «Ленинград» журналдары жөнүндөгү токтому кабыл алынгандан кийин (1946, 14- август) бул иштери өтөөсүнө чыкпай, Байжиевге эл душманы деген жалган саясий айып тагылып, репрессияланган. Ал З. Бектенов м-н бирдикте 3-4-класстар үчүн «Кыргыз тили» (1933), 5-класс­тар үчүн «Биздин адабият» (1940) окуу китепте­рин түзгөн, ал эми «Кыргыз адабияты» (фольклор) окуу китеби (1947) жарык көрөрү м-н 1949-жылы пайдалануудан алып салынган. 1993-жылы кайрадан басылып, мамлекеттик конкурста сыйлыкка та­тыктуу болгон. Китептин «Адабият жана фольклор» деген бөлүмүндө эки тармактын өз ара бай­ланышы, бөтөнчөлүктөрү чечмеленип, кыргыз элинин жазмасы 6-8-кылымдарда эле болгондугу, фоль­клорубуздун башаты, чыгыш теги, адабият тары­хы, адабият теориясы, адабий сын, фольклористика тууралуу маалымат, кеңири түшүндүрмөлөр берилген. «Байыркы кыргыздар» деген бөлүмүндө кыргыздардын байыртадан бүгүнкүгө чейинки тарыхы, социалдык-экономикалык түзүлүшү, маданияты, орхон-енисей жазуулары, алардын оку­лушу, стили тарыхый фактылардын негизинде жазылган. Ал эми «Октябрга чейинки фольклор» деген бөлүмдө фольклордук чыгармалардын Октябрь революциясына чейин Валиханов, Радлов, Алмаши тарабынан жазылып алынышы, алардын көз караштары тууралуу айтылып, эл­дин оозеки чыгармачылыгы классификацияланган. Акыркы бөлүмү боордош элдер адабиятына арна­лып, орус элинин «Илья Муромец», Ш. Руста­велинин «Жолборс терисин жамынган баатыр», ошондой эле Г. Низами, А. Навоинин чыгармалары камтылган. Эмгекте фольклордук ар кыл жанрлар, «Манас» үчилтиги баштаган кенже эпос­тор ж. б. боюнча алгач жыйынтыктуу илимий көз ­караштар, кеңири маалымат, тыянактар айтыл­ган. Китеп илимий-теориялык жактан кыргыз адабияты менен фольклористикасындагы көптөгөн маселелерди так, кеңири чечмелеп бергендиги менен бүгүнкү күндө да баалуу. «Жигиттер» деген пьесасынын көркөмдүк деңгээли жогору, жазуу стили өзгөчө, маани-маңызы терең болгондуктан, режиссер И. Рыс­кулов сахнага алып чыккан (1989). Байжиев көркөм котормонун калыптанышына да өз салымын кошкон. Немис жазуучусу Э. Распенин «Мюн­хаузендин башынан өткөргөндөрү» (1936), орус жазуучусу А. Фурмановдун «Чапаев» (1939) жана башка чыгармаларды чебер которгон. Байжиев 1955-жылы реабилитацияланган.

Ад.: Бектенов 3., Байжиев Т. Кыргыз адабияты. Б., 1993; Ташым Байжиев. Б., 2003.

А. Обозканов.