БАЙЛАМТА (анатомияда): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЙЛАМТА 1 '''а н а т о м и я д а - скелет сөөктөрүн бириктире турган катуу, ар түрдүү формадагы тарамыш. Аны түзүүчү туташтырма ткандын мүнөзүнө жараша ийилгичтиги, чоюл­гучтугу, серпилгичтиги, бышыктыгы ар кандай болот. Бала чакта Б. серпилгич, ийилгич ке­лип, жаш өткөн сайын бул касиеттери азайып, кээде сөөккө айланышы мүмкүн. Б. негизинен муунга жакын, муун кабында, анын тегерегин­де ар кандай багытта жайгашып, сөөктөрдү белгилүү абалда кармап, аларды ажырап кетүүдөн сактайт ж-а кыймылга келтирет же кыймылын азайтат. Алардын учтары сөөктүн өзгөчө дөң­чөлөрүнө бекийт. Ири Б. жамбаш, тизе, чыка­нак муундарында, о. эле омуртка тутумунда жайгашат. Жамбаш Б. айрыкча чоң мааниге ээ. Ал эки жамбаш сөөгүн куймулчакка бирикти­рип, омуртка тутуму м-н тулкунун бүт салмагын көтөрүп турат. Б. мех. жактан бышык бо­луу м-н бирге чоюлгуч касиетке ээ. Машыгуу ж-а көнүгүүлөрдүн натыйжасында Б-дын чоюл­гучтугу бийчилерде, гимнасттарда, акробаттар­да эң жогору болот. Б. муундун туура эмес кый­мылынан, ага оор күч таасир эткенде чоюлуп же үзүлүп кетет. Көбүнчө кызыл ашык ж-а кырк муундун Б-сы жабыркайт, бул учурда муун ши­шип, ооруйт, кыймылы азаят. Б. жабыркаган­да тезинен врачка кайрылыш керек, ага чейин муунду кыймылдатпай таңып коюу зарыл. Кеч ж-а туура эмес дарыланганда көпкө чейин айык­пай, муун туруксуз болуп, кайрадан чоюлушу мүмкүн. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
'''БАЙЛАМТА '''а н а т о м и я д а - скелет сөөктөрүн бириктирүүчү  катуу, ар түрдүү формадагы тарамыш. Аны түзүүчү туташтырма ткандын мүнөзүнө жараша ийилгичтиги, чоюл­гучтугу, серпилгичтиги, бышыктыгы ар кандай болот. Бала чакта байламта серпилгич, ийилгич ке­лип, жаш өткөн сайын бул касиеттери азайып, кээде сөөккө айланышы мүмкүн. Байламта негизинен муунга жакын, муун кабында, анын тегерегин­де ар кандай багытта жайгашып, сөөктөрдү белгилүү абалда кармап, аларды ажырап кетүүдөн сактайт ж-а кыймылга келтирет же кыймылын азайтат. Алардын учтары сөөктүн өзгөчө дөң­чөлөрүнө бекийт. Ири байламта жамбаш, тизе, чыка­нак муундарында, ошондой эле омуртка тутумунда жайгашат. Жамбаш байламтасы  айрыкча чоң мааниге ээ. Ал эки жамбаш сөөгүн куймулчакка бирикти­рип, омуртка тутуму м-н тулкунун бүт салмагын көтөрүп турат. Байламта механикалык жактан бышык бо­луу м-н бирге чоюлгуч касиетке ээ. Машыгуу ж-а көнүгүүлөрдүн натыйжасында байламтанын чоюл­гучтугу бийчилерде, гимнасттарда, акробаттар­да эң жогору болот. Байламта  муундун туура эмес кый­мылынан, ага оор күч таасир эткенде чоюлуп же үзүлүп кетет. Көбүнчө кызыл ашык ж-а кырк муундун байламтасы жабыркайт, бул учурда муун ши­шип, ооруйт, кыймылы азаят. Байламта жабыркаган­да тезинен врачка кайрылыш керек, ага чейин муунду кыймылдатпай таңып коюу зарыл. Кеч ж-а туура эмес дарыланганда көпкө чейин айык­пай, муун туруксуз болуп, кайрадан чоюлушу мүмкүн. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
 

03:31, 7 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЙЛАМТА а н а т о м и я д а - скелет сөөктөрүн бириктирүүчү катуу, ар түрдүү формадагы тарамыш. Аны түзүүчү туташтырма ткандын мүнөзүнө жараша ийилгичтиги, чоюл­гучтугу, серпилгичтиги, бышыктыгы ар кандай болот. Бала чакта байламта серпилгич, ийилгич ке­лип, жаш өткөн сайын бул касиеттери азайып, кээде сөөккө айланышы мүмкүн. Байламта негизинен муунга жакын, муун кабында, анын тегерегин­де ар кандай багытта жайгашып, сөөктөрдү белгилүү абалда кармап, аларды ажырап кетүүдөн сактайт ж-а кыймылга келтирет же кыймылын азайтат. Алардын учтары сөөктүн өзгөчө дөң­чөлөрүнө бекийт. Ири байламта жамбаш, тизе, чыка­нак муундарында, ошондой эле омуртка тутумунда жайгашат. Жамбаш байламтасы айрыкча чоң мааниге ээ. Ал эки жамбаш сөөгүн куймулчакка бирикти­рип, омуртка тутуму м-н тулкунун бүт салмагын көтөрүп турат. Байламта механикалык жактан бышык бо­луу м-н бирге чоюлгуч касиетке ээ. Машыгуу ж-а көнүгүүлөрдүн натыйжасында байламтанын чоюл­гучтугу бийчилерде, гимнасттарда, акробаттар­да эң жогору болот. Байламта муундун туура эмес кый­мылынан, ага оор күч таасир эткенде чоюлуп же үзүлүп кетет. Көбүнчө кызыл ашык ж-а кырк муундун байламтасы жабыркайт, бул учурда муун ши­шип, ооруйт, кыймылы азаят. Байламта жабыркаган­да тезинен врачка кайрылыш керек, ага чейин муунду кыймылдатпай таңып коюу зарыл. Кеч ж-а туура эмес дарыланганда көпкө чейин айык­пай, муун туруксуз болуп, кайрадан чоюлушу мүмкүн.