БАЙМЫРЗА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙМЫРЗА ''' | '''БАЙМЫРЗА Хайт''' (17. 12. 1917-жылы туулган, Өзбекстан, Наманган аймагы -- 31. 10. 2006, Германия). - түрк элдеринин тарыхын изилдеген окумуштуу. Ташкендеги Орто Азия университетинин тарых факультетин (1938), Германиядагы Мюнстер (Вестфалия) университетин (1950) бү­түргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941-жылы Слуцк шаарынын алдындагы салгылашуу­да туткунга түшүп калып, ошол жылы күзүндө Ченстоховадагы (Польша) туткундардын лагерине айдалган. 1942-жылы жазында ''Түркстан ле­гионуна'' кабыл алынган 262 түркстандыктын катарында Баймырза да болгон. Согуш аяктагандан ки­йин Германияда калып, билимин уланткан. 1950-жылы «Кокон жана Алаш Ордо улуттук өкмөт­төрү» деген темада диссертация коргогон. Анын 400гө жакын илимий эмгектери, анын ичинде 9 монография, 13 китепчеси жарык көргөн. «Түркстан XX кылымда» аттуу эмгегинде басмачылар кыймылы­на улуттук кыймыл катары баа берип, Совет мамлекетинин курамындагы түрк элдеринин та­рыхын жаңыча көз караш м-н чагылдырууга ара­кеттенген. «Түркстандын экономикалык масе­лелери», «Түркстан Россия менен Кытай аралыгында» ж. б. эмгектеринде Россиянын Түркстан­дагы оторчул саясатына талдоо жүргүзүп, «Ала­ш ордо» өкмөтүнүн ички-тышкы саясаты, өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттери тууралуу далилдүү маалыматтар берилген. Анын эмгектери немец, англис, түрк, орус ж. б. тилдерге которулган. Баймырза АКШ, Улуу Британия, Түркия университеттеринде лекция окуп, баяндамалар жасаган. 1974-жылы Баймырза «Түркстан сүйүүчүлөр» клубун уюштурган. 1990-жылы анын жетекчилиги м-н АКШда М. ''Чокайдын'' 100 жылдыгы белгиленген. | ||
''А Кубатова.'' | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
07:32, 7 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЙМЫРЗА Хайт (17. 12. 1917-жылы туулган, Өзбекстан, Наманган аймагы -- 31. 10. 2006, Германия). - түрк элдеринин тарыхын изилдеген окумуштуу. Ташкендеги Орто Азия университетинин тарых факультетин (1938), Германиядагы Мюнстер (Вестфалия) университетин (1950) бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941-жылы Слуцк шаарынын алдындагы салгылашууда туткунга түшүп калып, ошол жылы күзүндө Ченстоховадагы (Польша) туткундардын лагерине айдалган. 1942-жылы жазында Түркстан легионуна кабыл алынган 262 түркстандыктын катарында Баймырза да болгон. Согуш аяктагандан кийин Германияда калып, билимин уланткан. 1950-жылы «Кокон жана Алаш Ордо улуттук өкмөттөрү» деген темада диссертация коргогон. Анын 400гө жакын илимий эмгектери, анын ичинде 9 монография, 13 китепчеси жарык көргөн. «Түркстан XX кылымда» аттуу эмгегинде басмачылар кыймылына улуттук кыймыл катары баа берип, Совет мамлекетинин курамындагы түрк элдеринин тарыхын жаңыча көз караш м-н чагылдырууга аракеттенген. «Түркстандын экономикалык маселелери», «Түркстан Россия менен Кытай аралыгында» ж. б. эмгектеринде Россиянын Түркстандагы оторчул саясатына талдоо жүргүзүп, «Алаш ордо» өкмөтүнүн ички-тышкы саясаты, өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттери тууралуу далилдүү маалыматтар берилген. Анын эмгектери немец, англис, түрк, орус ж. б. тилдерге которулган. Баймырза АКШ, Улуу Британия, Түркия университеттеринде лекция окуп, баяндамалар жасаган. 1974-жылы Баймырза «Түркстан сүйүүчүлөр» клубун уюштурган. 1990-жылы анын жетекчилиги м-н АКШда М. Чокайдын 100 жылдыгы белгиленген.
А Кубатова.