БАЙСЕИТОВА: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙСЕИТОВА ''' | '''БАЙСЕИТОВА Куляш''' (өз аты - Гүлбахрам) '''Жасын кызы''' [19. 4 (2.5). 1912, Верный (азыркы Алматы шаары) — 6. 6. 1957, Москва; сөөгү Алма­тыга коюлган] - казак ырчысы (лирика-коло­ратуралык сопрано); казактын опера өнөрүнө негиз салгандардын бири. СССР эл артисти (1936). Байсеитова ыр­чылык ишин көркөм чыг­армачылык ийриминен баштаган. 1934-жылдан музыкалык театр­дын, 1937-жылдан Казак (азыркы Абай атындагы) опера жана балет театрынын солис­ти болгон. Е. Брусиловский­дпин «Кыз Жибек», «Эр Тар­гын», М. Түлебаевдин «Бир­жан менен Сара» (СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1949) жана башка көптөгөн опералардагы башкы партиялар­дын эң алгачкы аткаруучусу. Орус жанаа Батыш Европа классиктеринин операларын казакулуттук театр сахнасына чыгарууда зор эмгек сиңирген. Байсеитова репертуарында: Татьяна (Чайков­ский, «Евгений Онегин»), Чио-чио-сан (Ж. Пуч­чини, «Чио-чио-сан», СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948) жана башкалар. Ал ырчы катары өз алдынча концерттерди берген. Казак ССР Жогорку Советинин (1-2- шайланышы) депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ор­дендери жана медалдар менен сыйланган. | ||
СССР эл | |||
1934-жылдан | |||
[[File:БАЙСЕИТОВА15.png | thumb | none]] | [[File:БАЙСЕИТОВА15.png | thumb | none]] | ||
[[Файл:Кыз-жибек.jpg|left|thumb|254x254px|Куляш Байсеитова «Кыз-Жибек» операсында]] | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
08:02, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЙСЕИТОВА Куляш (өз аты - Гүлбахрам) Жасын кызы [19. 4 (2.5). 1912, Верный (азыркы Алматы шаары) — 6. 6. 1957, Москва; сөөгү Алматыга коюлган] - казак ырчысы (лирика-колоратуралык сопрано); казактын опера өнөрүнө негиз салгандардын бири. СССР эл артисти (1936). Байсеитова ырчылык ишин көркөм чыгармачылык ийриминен баштаган. 1934-жылдан музыкалык театрдын, 1937-жылдан Казак (азыркы Абай атындагы) опера жана балет театрынын солисти болгон. Е. Брусиловскийдпин «Кыз Жибек», «Эр Таргын», М. Түлебаевдин «Биржан менен Сара» (СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1949) жана башка көптөгөн опералардагы башкы партиялардын эң алгачкы аткаруучусу. Орус жанаа Батыш Европа классиктеринин операларын казакулуттук театр сахнасына чыгарууда зор эмгек сиңирген. Байсеитова репертуарында: Татьяна (Чайковский, «Евгений Онегин»), Чио-чио-сан (Ж. Пуччини, «Чио-чио-сан», СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948) жана башкалар. Ал ырчы катары өз алдынча концерттерди берген. Казак ССР Жогорку Советинин (1-2- шайланышы) депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

