БАКАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАКАЛАР '''(Капігіае) - жерде-сууда жашоочулар­дын куйруксуздар тукуму. Уз. 3-20, кээде 32 ''см'' ге жетет. Тиштери үстүнкү жаагында жайгашкан. Денеси субагай, арткы буттары узун, секирүүгө ыңгайлашкан. Б-дын 8 тукумчасынын 46 уруу­су, 555 түрү Түш. Америка, Түш. Австралия ж-а Жаңы Зеландиядан башка бардык жерде кеңи­ри таралган. Эң көп кезигүүчү кадимки бака­нын Капа тукумчасы 200дөй түрдү камтыйт, а. и. эң чоң голиафа (уз. 32 ''см,'' салм. 3 ''кг'') ж-а
'''БАКАЛАР''' (Rаnidае) жерде-сууда жашоочулар­дын куйруксуздар тукуму. Узундугу 3–20, кээде 32 ''см'' ге жетет. Тиштери үстүнкү жаагында жайгашкан. Денеси субагай, арткы буттары узун, секирүүгө ыңгайлашкан. Бакалардын 8 тукумчасынын 46 уруу­су, 555 түрү Түштүк Америка, Түштүк  Австралия жана Жаңы Зеландиядан башка бардык жерде кеңи­ри таралган. Эң көп кезигүүчү кадимки бака­нын Rаnа тукумчасы 200дөй түрдү камтыйт, анын ичинде эң чоң голиафа (узундугу 32 ''см,'' салмагы  3 ''кг'') жана
 
[[File:БАКАЛАР31.png | thumb | Бакалар: 1 - кадимки сасык бака; 2 - көлмө бакасы; 3 - венесуэла мүйүздүү бакасы; 4 - кадимки бака.
]]өгүзбака (уз. 20 ''см'' ге, салм. 600 ''г'' га жетет). Бу­лардын арткы бутунун манжалары сүзгүч жар­гакча м-н бириккен, тилинин учу тилик болуп, жемин илип алууга ыңгайланган. Кургакта ж-а сууда жашоочу түрлөрү бар. Көл бакасы Европа, Кавказ, Казакстан, О. Азияда жолугат. Кургакта жашоочу Б. күрөң, сууда жашоочулар жашыл түстө. Айрымдары көлмөгө жакын ным­дуу жерде жашап, сууга көбөйүү үчүн гана барат. Негизинен учуп жүрүүчү курт-кумурскалар, майда омурткасыздар м-н азыктанат. Б-дын айрымдары көлмөдө, кээ бири кургакта кыштайт. Сууда гана көбөйөт, ургаачысы 500дөн 11 миңге чейин жумуртка тууйт. Көнөкбашы 2 жылда жетилет. Айрым түрү көп өлкөлөрдө тамак катары пайдаланылат. Кырг-нда 3 түрү кездешет. Лабор. изилдөөлөрдө пайдаланылат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]


[[File:БАКАЛАР31.png | thumb | Бакалар: 1 – кадимки сасык бака; 2 – көлмө бакасы; 3 – венесуэла мүйүздүү бакасы; 4 – кадимки бака.
]]өгүз бака (узундугу 20 ''см'' ге, салмагы 600 ''г'' га жетет). Бу­лардын арткы бутунун манжалары сүзгүч жар­гакча менен бириккен, тилинин учу тилик болуп, жемин илип алууга ыңгайланган. Кургакта жана сууда жашоочу түрлөрү бар. Көл бакасы Европа, Кавказ, Казакстан, Орто Азияда жолугат. Кургакта жашоочу бакалар күрөң, сууда жашоочулар жашыл түстө. Айрымдары көлмөгө жакын ным­дуу жерде жашап, сууга көбөйүү үчүн гана барат. Негизинен учуп жүрүүчү курт-кумурскалар, майда омурткасыздар менен азыктанат. Бакалардын айрымдары көлмөдө, кээ бири кургакта кыштайт. Сууда гана көбөйөт, ургаачысы 500дөн 11 миңге чейин жумуртка таштайт. Көнөк башы 2 жылда жетилет. Айрым түрү көп өлкөлөрдө тамак катары пайдаланылат. Кыргызстанда 3 түрү кездешет. Лабораториялык  изилдөөлөрдө пайдаланылат. 
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

04:44, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАКАЛАР (Rаnidае) – жерде-сууда жашоочулар­дын куйруксуздар тукуму. Узундугу 3–20, кээде 32 см ге жетет. Тиштери үстүнкү жаагында жайгашкан. Денеси субагай, арткы буттары узун, секирүүгө ыңгайлашкан. Бакалардын 8 тукумчасынын 46 уруу­су, 555 түрү Түштүк Америка, Түштүк Австралия жана Жаңы Зеландиядан башка бардык жерде кеңи­ри таралган. Эң көп кезигүүчү кадимки бака­нын Rаnа тукумчасы 200дөй түрдү камтыйт, анын ичинде эң чоң голиафа (узундугу 32 см, салмагы 3 кг) жана

Бакалар: 1 – кадимки сасык бака; 2 – көлмө бакасы; 3 – венесуэла мүйүздүү бакасы; 4 – кадимки бака.

өгүз бака (узундугу 20 см ге, салмагы 600 г га жетет). Бу­лардын арткы бутунун манжалары сүзгүч жар­гакча менен бириккен, тилинин учу тилик болуп, жемин илип алууга ыңгайланган. Кургакта жана сууда жашоочу түрлөрү бар. Көл бакасы Европа, Кавказ, Казакстан, Орто Азияда жолугат. Кургакта жашоочу бакалар күрөң, сууда жашоочулар жашыл түстө. Айрымдары көлмөгө жакын ным­дуу жерде жашап, сууга көбөйүү үчүн гана барат. Негизинен учуп жүрүүчү курт-кумурскалар, майда омурткасыздар менен азыктанат. Бакалардын айрымдары көлмөдө, кээ бири кургакта кыштайт. Сууда гана көбөйөт, ургаачысы 500дөн 11 миңге чейин жумуртка таштайт. Көнөк башы 2 жылда жетилет. Айрым түрү көп өлкөлөрдө тамак катары пайдаланылат. Кыргызстанда 3 түрү кездешет. Лабораториялык изилдөөлөрдө пайдаланылат.