БАКИНОВА: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКИНОВА ''' | '''БАКИНОВА Гүлжамал''' (12. 3. 1917, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы - 21. 6. 2001, Бишкек) - тилчи, алгачкы диалектолог, филология илимдеринин кандидаты (1954). Мугалимдик кыз­матта жүрүп, Фрунзедеги жумушчу факультетин (РАБФАК), кийин педагогикалык окуу жайын (1939), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1942-44). Пржеваль­скидеги Киров атындагы орто мектепте мугалим (1941-42), СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын (КирФАН) тил, адабият ж-а тарых институтунда улук илимий кызматкер (1949), 1956-жылдан сектор башчы. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда жашаган кыргыздардын тилинин жергиликтүү өзгө­чөлүктөрүн изилдеп, бай материал топтогон. 2- класс үчүн окуу китеби (авторлош), «Эне тили» окуу китеби жарык көргөн (1950). Белгилүү эм­гектери: «Кыргыз тилинин Октябрь районунун говору» (1952), «Ысык-Көл говорлорунун матери­алдарынан» (1955), «Кыргыз тилинин Ош говору» (1956), «Кыргыз тилинин Жалал-Абад обла­стынын говорлору» (1958), «Кыргыз тилинин Чүй говору» (1959), «Өзбекстандагы кыргыздардын ти­линдеги жергиликтүү өзгөчөлүктөр» (1962), «Диа­лектологиялык материалдарды жыйноо боюнча справочник» (1963). Бакинова «Кыргыз тилинин диа­лектологиялык атласын» түзгөн. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
03:24, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАКИНОВА Гүлжамал (12. 3. 1917, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы - 21. 6. 2001, Бишкек) - тилчи, алгачкы диалектолог, филология илимдеринин кандидаты (1954). Мугалимдик кызматта жүрүп, Фрунзедеги жумушчу факультетин (РАБФАК), кийин педагогикалык окуу жайын (1939), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1942-44). Пржевальскидеги Киров атындагы орто мектепте мугалим (1941-42), СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын (КирФАН) тил, адабият ж-а тарых институтунда улук илимий кызматкер (1949), 1956-жылдан сектор башчы. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда жашаган кыргыздардын тилинин жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн изилдеп, бай материал топтогон. 2- класс үчүн окуу китеби (авторлош), «Эне тили» окуу китеби жарык көргөн (1950). Белгилүү эмгектери: «Кыргыз тилинин Октябрь районунун говору» (1952), «Ысык-Көл говорлорунун материалдарынан» (1955), «Кыргыз тилинин Ош говору» (1956), «Кыргыз тилинин Жалал-Абад областынын говорлору» (1958), «Кыргыз тилинин Чүй говору» (1959), «Өзбекстандагы кыргыздардын тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүктөр» (1962), «Диалектологиялык материалдарды жыйноо боюнча справочник» (1963). Бакинова «Кыргыз тилинин диалектологиялык атласын» түзгөн.