БАКИНОВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКИНОВА '''Гүлжамал (12. | '''БАКИНОВА''' Гүлжамал (12. 03. 1917, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы – 21. 06. 2001, Бишкек) –тилчи, алгачкы диалектолог, филология илимдеринин кандидаты (1954). Мугалимдик кыз­матта жүрүп, Фрунзедеги жумушчу факультетин (РАБФАК), кийин педагогикалык окуу жайын (1939), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1942–1944). Пржеваль­скидеги Киров атындагы орто мектепте мугалим (1941–1942), СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын (КирФАН) тил, адабият жана тарых институтунда улук илимий кызматкер (1949), 1956-жылдан сектор башчы. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда жашаган кыргыздардын тилинин жергиликтүү өзгө­чөлүктөрүн изилдеп, бай материал топтогон. 2- класс үчүн окуу китеби (авторлош), «Эне тили» окуу китеби жарык көргөн (1950). Белгилүү эм­гектери: «Кыргыз тилинин Октябрь районунун говору» (1952), «Ысык-Көл говорлорунун матери­алдарынан» (1955), «Кыргыз тилинин Ош говору» (1956), «Кыргыз тилинин Жалал-Абад обла­стынын говорлору» (1958), «Кыргыз тилинин Чүй говору» (1959), «Өзбекстандагы кыргыздардын ти­линдеги жергиликтүү өзгөчөлүктөр» (1962), «Диа­лектологиялык материалдарды жыйноо боюнча справочник» (1963). Бакинова «Кыргыз тилинин диа­лектологиялык атласын» түзгөн. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
07:16, 20 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАКИНОВА Гүлжамал (12. 03. 1917, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы – 21. 06. 2001, Бишкек) –тилчи, алгачкы диалектолог, филология илимдеринин кандидаты (1954). Мугалимдик кызматта жүрүп, Фрунзедеги жумушчу факультетин (РАБФАК), кийин педагогикалык окуу жайын (1939), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1942–1944). Пржевальскидеги Киров атындагы орто мектепте мугалим (1941–1942), СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын (КирФАН) тил, адабият жана тарых институтунда улук илимий кызматкер (1949), 1956-жылдан сектор башчы. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда жашаган кыргыздардын тилинин жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн изилдеп, бай материал топтогон. 2- класс үчүн окуу китеби (авторлош), «Эне тили» окуу китеби жарык көргөн (1950). Белгилүү эмгектери: «Кыргыз тилинин Октябрь районунун говору» (1952), «Ысык-Көл говорлорунун материалдарынан» (1955), «Кыргыз тилинин Ош говору» (1956), «Кыргыз тилинин Жалал-Абад областынын говорлору» (1958), «Кыргыз тилинин Чүй говору» (1959), «Өзбекстандагы кыргыздардын тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүктөр» (1962), «Диалектологиялык материалдарды жыйноо боюнча справочник» (1963). Бакинова «Кыргыз тилинин диалектологиялык атласын» түзгөн.