ВАЛЮТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВАЛ́ЮТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО''' ) (англ. convertibity of currency) – бир өлкөнүн ''валютасын'' башка өлкөнүн валютасына бардык эле формада ж-а операциянын бардык түрүндө чектөөсүз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү. В. а. улуттук валюта дүйнөлүк акчанын функциясын аткарат дегендикти билдирет. ''Алтын стандарттын'' мезгилинде тигил же бул ыкма м-н алтынга эркин алмашылуучу валюта алмашымдуу деп эсептелген. Алтынга эркин В. а. 1-дүйнөлүк согушка чейин колдонулган. Согуштан кийин куйма алтынга алмашуу формасында калыбына келтирилген. АКШда өз валютасын алмаштыруу мүмкүнчүлүгү узакка сакталган. 1971-ж. АКШ алтынды монетасыздандыруу (демонетизация) б-ча иш жүргүзгөн. 1970-жылдардын ортосунда алтын стандарт биротоло жоюлуп, дүйнөнүн бардык валюталары «кагазга» айланган. Улуттук валютанын алтынга эмес, ошол учурдагы курс б-ча башка өлкөлөрдүн валюталарына эркин алмашуусу В. а. деп аталган. В. а. өлкөнүн эмгекти эл аралык бөлүштүрүүгө, дүйнөлүк соодага ж-а эсептешүүгө натыйжалуу катышуусунда маанилүү фактор болуп саналат. АКШ доллары бар жеке адам же юрид. жак экспорт-импорт операциялары б-ча тоскоолдуксуз эсептешүүгө, амер., о. эле чет өлкөлүк банктарда аны депонирлөөгө, долларды башка бардык эле валютага сатууга, амер. мамл. ж-а менчик баалуу кагаздарды сатып алууга акылуу. Азыркы учурда онго жакын өлкөнүн (АКШ, Канада, Япония, Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү) валютасы толук алмашымдуу деп эсептелет. В. а-нун артыкчылыгы – ошол өлкө башка өлкөлөр (өнөктөштөр) м-н улуттук валютада эсеп жүргүзө алат, демек процентсиз чет өлкөлүк ''кредит'' алып, өз товарларын чет өлкөлүк рынокто ийгиликтүү соодалайт дегенди түшүндүрөт.
'''ВАЛЮ́ТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО''' ) (англ. convertibity of currency) – бир өлкөнүн ''валютасын'' башка өлкөнүн валютасына бардык эле формада жана операциянын бардык түрүндө чектөөсүз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү. Валюта алмашымдуулугу улуттук валюта дүйнөлүк акчанын функциясын аткарат дегендикти билдирет. ''Алтын стандарттын'' мезгилинде тигил же бул ыкма менен алтынга эркин алмашылуучу валюта алмашымдуу деп эсептелген. Алтынга эркин Валюта алмашымдуулугу 1-дүйнөлүк согушка чейин колдонулган. Согуштан кийин куйма алтынга алмашуу формасында калыбына келтирилген. АКШда өз валютасын алмаштыруу мүмкүнчүлүгү узакка сакталган. 1971-жылы АКШ алтынды монетасыздандыруу (демонетизация) боюнча иш жүргүзгөн. 1970-жылдардын ортосунда алтын стандарт биротоло жоюлуп, дүйнөнүн бардык валюталары «кагазга» айланган. Улуттук валютанын алтынга эмес, ошол учурдагы курс боюнча башка өлкөлөрдүн валюталарына эркин алмашуусу Валюта алмашымдуулугу деп аталган. Валюта алмашымдуулугу өлкөнүн эмгекти эл аралык бөлүштүрүүгө, дүйнөлүк соодага жана эсептешүүгө натыйжалуу катышуусунда маанилүү фактор болуп саналат. АКШ доллары бар жеке адам же юридикалык жак экспорт-импорт операциялары боюнча тоскоолдуксуз эсептешүүгө, америкалык, ошондой эле чет өлкөлүк банктарда аны депонирлөөгө, долларды башка бардык эле валютага сатууга, америкалык мамлекеттик жана менчик баалуу кагаздарды сатып алууга акылуу. Азыркы учурда онго жакын өлкөнүн (АКШ, Канада, Япония, Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү) валютасы толук алмашымдуу деп эсептелет. Валюта алмашымдуулугунун артыкчылыгы – ошол өлкө башка өлкөлөр (өнөктөштөр) менен улуттук валютада эсеп жүргүзө алат, демек процентсиз чет өлкөлүк ''кредит'' алып, өз товарларын чет өлкөлүк рынокто ийгиликтүү соодалайт дегенди түшүндүрөт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:12, 23 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАЛЮ́ТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО ) (англ. convertibity of currency) – бир өлкөнүн валютасын башка өлкөнүн валютасына бардык эле формада жана операциянын бардык түрүндө чектөөсүз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү. Валюта алмашымдуулугу улуттук валюта дүйнөлүк акчанын функциясын аткарат дегендикти билдирет. Алтын стандарттын мезгилинде тигил же бул ыкма менен алтынга эркин алмашылуучу валюта алмашымдуу деп эсептелген. Алтынга эркин Валюта алмашымдуулугу 1-дүйнөлүк согушка чейин колдонулган. Согуштан кийин куйма алтынга алмашуу формасында калыбына келтирилген. АКШда өз валютасын алмаштыруу мүмкүнчүлүгү узакка сакталган. 1971-жылы АКШ алтынды монетасыздандыруу (демонетизация) боюнча иш жүргүзгөн. 1970-жылдардын ортосунда алтын стандарт биротоло жоюлуп, дүйнөнүн бардык валюталары «кагазга» айланган. Улуттук валютанын алтынга эмес, ошол учурдагы курс боюнча башка өлкөлөрдүн валюталарына эркин алмашуусу Валюта алмашымдуулугу деп аталган. Валюта алмашымдуулугу өлкөнүн эмгекти эл аралык бөлүштүрүүгө, дүйнөлүк соодага жана эсептешүүгө натыйжалуу катышуусунда маанилүү фактор болуп саналат. АКШ доллары бар жеке адам же юридикалык жак экспорт-импорт операциялары боюнча тоскоолдуксуз эсептешүүгө, америкалык, ошондой эле чет өлкөлүк банктарда аны депонирлөөгө, долларды башка бардык эле валютага сатууга, америкалык мамлекеттик жана менчик баалуу кагаздарды сатып алууга акылуу. Азыркы учурда онго жакын өлкөнүн (АКШ, Канада, Япония, Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү) валютасы толук алмашымдуу деп эсептелет. Валюта алмашымдуулугунун артыкчылыгы – ошол өлкө башка өлкөлөр (өнөктөштөр) менен улуттук валютада эсеп жүргүзө алат, демек процентсиз чет өлкөлүк кредит алып, өз товарларын чет өлкөлүк рынокто ийгиликтүү соодалайт дегенди түшүндүрөт.