БАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЛ '''- аары өсүмдүк нектарынан пайда кылуу­чу же таттуу ширеден иштетип чыгуучу илээш­ме суюктук; баалуу азык. Б. таттуу, жыты жакшы, түсү тунук, саргыч, узак сакталат, бара­бара коюуланат. Б-да 15 түрдүү орг. к-та, фермент, 35дей минералдык зат, витамин болот. Анын курамында 80%тен ашык кургак зат ж-а 16-22%ке чейин суу, глюкоза, фруктоза, 2%тей сахароза, 3-4% декстрин, 0,3% белок зат­тары, фосфор ж-а туз к-талары, калий, натрий, кальций, магний, темир, фосфор, бир аз марганец, коргошун, цинк бар. Б-дын сапаты коюу­лугу, даамы, жыты, өңү ж. б. б-ча аныкталат. Анын 35%ин глюкоза (жүзүм канты) түзөт. Ал адамдын организмине тез сиңет. Инвертаза ферментинин таасиринен нектар сахарозасы глюкоза м-н фруктозага ажырайт. Фруктоза м-н глюкоза аралашмасынын дарылык ж-а диеталык касиети бар. Анын хим. курамы өсүмдүк түрүнө, климаттык шарттарга, иштетилишине байланыштуу. Жаңы бал суюгураак, курамын­дагы суу бууланган сайын, ал илешкек болуп коюуланат. Уюктагы бал жетилгенде, бал тарт­кычтарда жыйналып алынат. Тартылган бал чыпкаланып, сорттолуп, сатууга жөнөтүлөт. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
'''БАЛ '''- аары өсүмдүк нектарынан пайда кылуу­чу же таттуу ширеден иштетип чыгуучу илээш­ме суюктук; баалуу азык. Бал таттуу, жыты жакшы, түсү тунук, саргыч, узак сакталат, бара ­бара коюуланат. Балда 15 түрдүү органикалык  кислота, фермент, 35дей минералдык зат, витамин болот. Анын курамында 80%тен ашык кургак зат ж-а 16-22%ке чейин суу, глюкоза, фруктоза, 2%тей сахароза, 3-4% декстрин, 0,3% белок зат­тары, фосфор ж-а туз кислоталары, калий, натрий, кальций, магний, темир, фосфор, бир аз марганец, коргошун, цинк бар. Балдын сапаты коюу­лугу, даамы, жыты, өңү ж. б. боюнча аныкталат. Анын 35%ин глюкоза (жүзүм канты) түзөт. Ал адамдын организмине тез сиңет. Инвертаза ферментинин таасиринен нектар сахарозасы глюкоза м-н фруктозага ажырайт. Фруктоза м-н глюкоза аралашмасынын дарылык ж-а диеталык касиети бар. Анын химиялык  курамы өсүмдүк түрүнө, климаттык шарттарга, иштетилишине байланыштуу. Жаңы бал суюгураак, курамын­дагы суу бууланган сайын, ал илешкек болуп коюуланат. Уюктагы бал жетилгенде, бал тарт­кычтарда жыйналып алынат. Тартылган бал чыпкаланып, сорттолуп, сатууга жөнөтүлөт. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
 

03:29, 13 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БАЛ - аары өсүмдүк нектарынан пайда кылуу­чу же таттуу ширеден иштетип чыгуучу илээш­ме суюктук; баалуу азык. Бал таттуу, жыты жакшы, түсү тунук, саргыч, узак сакталат, бара ­бара коюуланат. Балда 15 түрдүү органикалык кислота, фермент, 35дей минералдык зат, витамин болот. Анын курамында 80%тен ашык кургак зат ж-а 16-22%ке чейин суу, глюкоза, фруктоза, 2%тей сахароза, 3-4% декстрин, 0,3% белок зат­тары, фосфор ж-а туз кислоталары, калий, натрий, кальций, магний, темир, фосфор, бир аз марганец, коргошун, цинк бар. Балдын сапаты коюу­лугу, даамы, жыты, өңү ж. б. боюнча аныкталат. Анын 35%ин глюкоза (жүзүм канты) түзөт. Ал адамдын организмине тез сиңет. Инвертаза ферментинин таасиринен нектар сахарозасы глюкоза м-н фруктозага ажырайт. Фруктоза м-н глюкоза аралашмасынын дарылык ж-а диеталык касиети бар. Анын химиялык курамы өсүмдүк түрүнө, климаттык шарттарга, иштетилишине байланыштуу. Жаңы бал суюгураак, курамын­дагы суу бууланган сайын, ал илешкек болуп коюуланат. Уюктагы бал жетилгенде, бал тарт­кычтарда жыйналып алынат. Тартылган бал чыпкаланып, сорттолуп, сатууга жөнөтүлөт.