БАЛДАРДЫН СПОРТТУК МЕКТЕБИ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (6 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛДАРДЫН СПОРТТУК МЕКТЕБИ ''' | '''БАЛДАРДЫН СПОРТТУК МЕКТЕБИ '''– мектеп жашындагы балдар үчүн дене тарбия жана спорт системасын уюштуруунун өркүндөтүлгөн формадагы атайын мекемеси. Ал комплекстүү (спорт­тун 2–5 түрү) же спорттун бир гана түрү боюнча адистештирилет. Балдардын спорттук мектеби КРдин билим берүү министрлигинин системасында жана спорттук коомчулуктарда түзүлүп, мектептеги дене тарбия­нын милдеттери менен тыгыз байланыштуу. Аны кеңири жайылтуу жаштарды эмгекке жана Ата Мекенди коргоого жарамдуу даярдоого мүмкүн­дүк берет. Спорттун өздүк бөтөнчөлүгүнө жана ор­ганизмге тийгизе турган таасирине жараша ар түрдүү курактагы балдарга анын тигил же бул 4–100 түрлөрүнө: 7–8 жаштан баштап сууда сүзүү; 8–10 жаштан –тоодо лыжа тебүү, стол тенниси, бадминтон, сууга секирүү, шахмат, дойбу; 10–11 жаштан көркөм гимнастика, трамплинден секирүү, парустук спорт, акробатика, спорттук гимнастика, баскетбол, волейбол, футбол, топ менен хоккей ойноо; 12–13 жаштан лыжа менен жа­рышуу, жеңил атлетика; 13–14 жаштан классикалык жана эркин күрөш; 14 жаштан атыш, бокс; 15–16 жаштан оор атлетика ж. б. катышып, машыгуу сунуш кылынат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
түрлөрүнө: | |||
03:55, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛДАРДЫН СПОРТТУК МЕКТЕБИ – мектеп жашындагы балдар үчүн дене тарбия жана спорт системасын уюштуруунун өркүндөтүлгөн формадагы атайын мекемеси. Ал комплекстүү (спорттун 2–5 түрү) же спорттун бир гана түрү боюнча адистештирилет. Балдардын спорттук мектеби КРдин билим берүү министрлигинин системасында жана спорттук коомчулуктарда түзүлүп, мектептеги дене тарбиянын милдеттери менен тыгыз байланыштуу. Аны кеңири жайылтуу жаштарды эмгекке жана Ата Мекенди коргоого жарамдуу даярдоого мүмкүндүк берет. Спорттун өздүк бөтөнчөлүгүнө жана организмге тийгизе турган таасирине жараша ар түрдүү курактагы балдарга анын тигил же бул 4–100 түрлөрүнө: 7–8 жаштан баштап сууда сүзүү; 8–10 жаштан –тоодо лыжа тебүү, стол тенниси, бадминтон, сууга секирүү, шахмат, дойбу; 10–11 жаштан көркөм гимнастика, трамплинден секирүү, парустук спорт, акробатика, спорттук гимнастика, баскетбол, волейбол, футбол, топ менен хоккей ойноо; 12–13 жаштан лыжа менен жарышуу, жеңил атлетика; 13–14 жаштан классикалык жана эркин күрөш; 14 жаштан атыш, бокс; 15–16 жаштан оор атлетика ж. б. катышып, машыгуу сунуш кылынат.