БАЛДАР КЫЛМЫШТУУЛУГУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛДАР КЫЛМЫШТУУЛУГУ '''- балдардын коомго жат, коркунучтуу аракети. Ал начар тарбиялануудан, жумушсуздуктан, келечекке ишенбөөчүлүктөн, билим алуу кыйынчылыкта­рынан же кылмышкерлердин азгыруусунан улам пайда болот. Мындай кылмыштуулукка каршы мыйзамдар бар. Мыйзамда көрсөтүл­гөндөй, белгилүү куракка келгичекти балдар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. | '''БАЛДАР КЫЛМЫШТУУЛУГУ '''- балдардын коомго жат, коркунучтуу аракети. Ал начар тарбиялануудан, жумушсуздуктан, келечекке ишенбөөчүлүктөн, билим алуу кыйынчылыкта­рынан же кылмышкерлердин азгыруусунан улам пайда болот. Мындай кылмыштуулукка каршы мыйзамдар бар. Мыйзамда көрсөтүл­гөндөй, белгилүү куракка келгичекти балдар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Балдар кылмыштуулугу жөнүндөгү арыз укук коргоо бөлүмдөрүнө берилет. Балдар кылмыштуулугу өспүрүм куракка чейинки кылмыштуулук­тан айырмаланып, 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр тарабынан жасалган кыл­мыштар жыйындысы катары каралат. Кылмыш жасаганда 18 жашка толбогондор жашы жет­пегендер деп эсептелет. 16 жашка толгон бал­дарга жаза белгиленет же тарбиялык таасир берүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулушу мүмкүн. 14 жашынан тартып адамдар төмөндөгү кылмыштар: киши өлтүрүү, саламаттыкка ата­йылап оор же анча оор эмес залал келтирүү, адамды уурдоо, зордуктоо, сексуалдык зомбу­лук аракеттер, мал уурдоо, тоноо, каракчылык, башка бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө уурдоо, опу­залап талап кылуу, автотранспорт каражатын укуксуз ээлеп алуу, өрттөө же башка жалпыга коркунучтуу ыкмада мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, терроризм, барымтага кармоо, оордотуучу жагдайлардагы зөөкүр­дүк (хулиганчылык), вандализм, куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу, башкага берүү максатында баңги каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, уурдоо, опузалап талап кылуу, транспорт каражаттарын, жол байланышын жарак­сыз абалга келтирүү кылмыштары боюнча жооп­ко тартылышат. Кылмыш жасаган жашы жет­пегендерге жазанын айрым түрлөрү гана колдо­нулат. | ||
''К. Бодобаев''. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
09:59, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛДАР КЫЛМЫШТУУЛУГУ - балдардын коомго жат, коркунучтуу аракети. Ал начар тарбиялануудан, жумушсуздуктан, келечекке ишенбөөчүлүктөн, билим алуу кыйынчылыктарынан же кылмышкерлердин азгыруусунан улам пайда болот. Мындай кылмыштуулукка каршы мыйзамдар бар. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, белгилүү куракка келгичекти балдар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Балдар кылмыштуулугу жөнүндөгү арыз укук коргоо бөлүмдөрүнө берилет. Балдар кылмыштуулугу өспүрүм куракка чейинки кылмыштуулуктан айырмаланып, 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар жыйындысы катары каралат. Кылмыш жасаганда 18 жашка толбогондор жашы жетпегендер деп эсептелет. 16 жашка толгон балдарга жаза белгиленет же тарбиялык таасир берүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулушу мүмкүн. 14 жашынан тартып адамдар төмөндөгү кылмыштар: киши өлтүрүү, саламаттыкка атайылап оор же анча оор эмес залал келтирүү, адамды уурдоо, зордуктоо, сексуалдык зомбулук аракеттер, мал уурдоо, тоноо, каракчылык, башка бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө уурдоо, опузалап талап кылуу, автотранспорт каражатын укуксуз ээлеп алуу, өрттөө же башка жалпыга коркунучтуу ыкмада мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, терроризм, барымтага кармоо, оордотуучу жагдайлардагы зөөкүрдүк (хулиганчылык), вандализм, куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу, башкага берүү максатында баңги каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, уурдоо, опузалап талап кылуу, транспорт каражаттарын, жол байланышын жараксыз абалга келтирүү кылмыштары боюнча жоопко тартылышат. Кылмыш жасаган жашы жетпегендерге жазанын айрым түрлөрү гана колдонулат.
К. Бодобаев.