БАЛКАН СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛКАН СОЮЗУ '''(1912) | '''БАЛКАН СОЮЗУ '''(1912) – Болгария, Сербия, Грекия жана Черногориянын Түркияга, иш жү­зүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган со­гуштук-саясий биримдиги. 1912-жылы бир катар со­гуштук конвенциялар жана келишимдер менен то­лукталган. Балкан союзу Россиянын активдүү колдоосу менен түзүлүп, Россия бул союздун жардамы менен Австрия-Венгриянын жана Германиянын Балкан­га келишине тоскоол кылууга умтулган. Балкан союзун түзүү идеясын Англия менен Франциянын өк­мөттөрү да жактырышкан. 1912-жылы октябрда Балкан союзунун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын жана Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштү­рүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна жана Балкан союзунун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өз ара со­гушуна алып келген, кара: ''Балкан согуштары (1912–1913).'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
04:51, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛКАН СОЮЗУ (1912) – Болгария, Сербия, Грекия жана Черногориянын Түркияга, иш жүзүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган согуштук-саясий биримдиги. 1912-жылы бир катар согуштук конвенциялар жана келишимдер менен толукталган. Балкан союзу Россиянын активдүү колдоосу менен түзүлүп, Россия бул союздун жардамы менен Австрия-Венгриянын жана Германиянын Балканга келишине тоскоол кылууга умтулган. Балкан союзун түзүү идеясын Англия менен Франциянын өкмөттөрү да жактырышкан. 1912-жылы октябрда Балкан союзунун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын жана Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштүрүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна жана Балкан союзунун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өз ара согушуна алып келген, кара: Балкан согуштары (1912–1913).