БАЛКАН СОЮЗУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЛКАН СОЮЗУ '''(1912) - Болгария, Сербия, Грекия ж-а Черногориянын Түркияга, иш жү­зүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган со­гуштук-саясий биримдиги. 1912-ж. бир катар со­гуштук конвенциялар ж-а келишимдер м-н то­лукталган. Б. с. Россиянын активдүү колдоосу м-н түзүлүп, Россия бул союздун жардамы м-н Австрия-Венгриянын ж-а Германиянын Балкан­га келишине тоскоол кылууга умтулган. Б. с-н түзүү идеясын Англия м-н Франциянын өк­мөттөрү да жактырышкан. 1912-ж. октябрда Б. с-нун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын ж-а Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштү­рүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна ж-а Б. с-нун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өзара со­гушуна алып келген, к. ''Балкан согуштары (1912-13).'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
'''БАЛКАН СОЮЗУ '''(1912) Болгария, Сербия, Грекия жана Черногориянын Түркияга, иш жү­зүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган со­гуштук-саясий биримдиги. 1912-жылы бир катар со­гуштук конвенциялар жана келишимдер менен то­лукталган. Балкан союзу Россиянын активдүү колдоосу менен түзүлүп, Россия бул союздун жардамы менен Австрия-Венгриянын жана Германиянын Балкан­га келишине тоскоол кылууга умтулган. Балкан союзун түзүү идеясын Англия менен Франциянын өк­мөттөрү да жактырышкан. 1912-жылы октябрда Балкан союзунун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын жана Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштү­рүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна жана Балкан союзунун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өз ара со­гушуна алып келген, кара:  ''Балкан согуштары (1912–1913).'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
 

04:51, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАЛКАН СОЮЗУ (1912) – Болгария, Сербия, Грекия жана Черногориянын Түркияга, иш жү­зүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган со­гуштук-саясий биримдиги. 1912-жылы бир катар со­гуштук конвенциялар жана келишимдер менен то­лукталган. Балкан союзу Россиянын активдүү колдоосу менен түзүлүп, Россия бул союздун жардамы менен Австрия-Венгриянын жана Германиянын Балкан­га келишине тоскоол кылууга умтулган. Балкан союзун түзүү идеясын Англия менен Франциянын өк­мөттөрү да жактырышкан. 1912-жылы октябрда Балкан союзунун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын жана Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштү­рүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна жана Балкан союзунун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өз ара со­гушуна алып келген, кара: Балкан согуштары (1912–1913).