БАЛКАРЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЛКАРЛАР '''(өздөрүн т а у л у л а, м а лк а р л ы л а деп аташат) - Кабарда-Балкар Респ-нын (Россия) жерг. калкы. Жалпы саны 108,4 миң киши, анын 104,9 миңи Кабарда- Балкар (2002), о. эле Казакстанда (6 миңдей), Кырг-нда (2 миңдей) жашашат. Карачай-балкар тилинде сүплөшөт. Мусулман-сунниттер. Кав­каздын байыркы кавказ тилдүү жерг. элдери, иран ж-а түрк тилдүү уруулардын (алан, болгар, хазар ж. б., өзгөчө кыпчактар) ассимиля­цияланышы м-н Б. 13-к-да эл болуп калыптан­ган. Чынгызхандын аскерлеринин кол салуусу­нун мезгилинде (13-к.) Б-дын ата-бабалары Борб. Кавказдын тоолуу тилкелерине сүрүлгөн да, 19- к-дын 2-жарымында кайрадан алардын бир азыраагы түздүктүү жерлерге көчүп келишкен.  
'''БАЛКАРЛАР '''(өздөрүн т а у л у л а, м а л к а р л ы л а деп аташат) - Кабарда-Балкар Республикасынын (Россия) жергиликтүү калкы. Жалпы саны 108,4 миң киши, анын 104,9 миңи Кабарда- Балкарда (2002), ошондой эле Казакстанда (6 миңдей), Кыргызстанда (2 миңдей) жашашат. Карачай-балкар тилинде сүйлөшөт. Мусулман-сунниттер. Кав­каздын байыркы кавказ тилдүү жергиликтүү элдери, иран жана түрк тилдүү уруулардын (алан, болгар, хазар жана башкалар, өзгөчө кыпчактар) ассимиля­цияланышы менен Балкарлар XIII кылымда эл болуп калыптанган. Чынгыз хандын аскерлеринин кол салуусу­нун мезгилинде (XIII кылым) Балкарлардын ата-бабалары Борбордук Кавказдын тоолуу тилкелерине сүрүлгөн да, XIX кылымдын 2-жарымында кайрадан алардын бир азыраагы түздүктүү жерлерге көчүп келишкен.  


[[File:БАЛКАРЛАР54.png | thumb | none]]
[[File:БАЛКАРЛАР54.png | thumb | none]]
Б. кабардин, сван, карачан, грузин-рачиндер сы­яктуу коңшу элдер, о. эле 17-к-дын ортосунан орустар м-н тыгыз мамиледе. 1922-ж. Кабарда- Балкар автономиялык обл., 1936-ж. Кабарда- Балкар АССРи түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик со­гуш мезгилинде 1944-ж. Б. күч м-н О. Азияга ж-а Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-ж. Кабарда- Балкар АССРи калыбына келтирилип, Б. кайрадан мекенине кайтып келишкен. Алар негизи­нен мал чарбачылык, дыйканчылык, балчылык, аңчылык м-н кесип кылышып, карапайым эл­дери таштан салынган төбөсү жалпак бир ка­баттуу, ал эми оокаттуу үйбүлөлөр эки кабат­туу, мунаралуу үйлөрдө жашашкан. Эркектер бешмант, черкеска, тон, бурка, папах, башлык кийишип, белдерине ичке кур курчанып, кан­жар тагынышкан, аялдары туника сыяктуу көйнөк, кенен шым, башына жамынма жоолук салынып, саймаланган кийимдерди кийишкен, алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды колдо­нушкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азык­тарынан даярдалып, балды кенен колдонушат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
Балкар, кабардин, сван, карачай, грузин-рачиндер сы­яктуу коңшу элдер, ошондой эле XVII кылымдын ортосунан орустар менен тыгыз мамиледе. 1922-жылы Кабарда- Балкар автономиялык облусу, 1936-жылы Кабарда- Балкар АССРи түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик со­гуш мезгилинде 1944-жылы Балкарлар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-жылы Кабарда- Балкар АССРи калыбына келтирилип, Балкарлар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Алар негизи­нен мал чарбачылык, дыйканчылык, балчылык, аңчылык менен кесип кылышып, карапайым эл­дери таштан салынган төбөсү жалпак бир ка­баттуу, ал эми оокаттуу үй-бүлөлөр эки кабат­туу, мунаралуу үйлөрдө жашашкан. Эркектер бешмант, черкеска, тон, бурка, папах, башлык кийишип, белдерине ичке кур курчанып, кан­жар тагынышкан, аялдары туника сыяктуу көйнөк, кенен шым, башына жамынма жоолук салынып, саймаланган кийимдерди кийишкен, алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды колдо­нушкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азык­тарынан даярдалып, балды кенен колдонушат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
 

03:58, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЛКАРЛАР (өздөрүн т а у л у л а, м а л к а р л ы л а деп аташат) - Кабарда-Балкар Республикасынын (Россия) жергиликтүү калкы. Жалпы саны 108,4 миң киши, анын 104,9 миңи Кабарда- Балкарда (2002), ошондой эле Казакстанда (6 миңдей), Кыргызстанда (2 миңдей) жашашат. Карачай-балкар тилинде сүйлөшөт. Мусулман-сунниттер. Кав­каздын байыркы кавказ тилдүү жергиликтүү элдери, иран жана түрк тилдүү уруулардын (алан, болгар, хазар жана башкалар, өзгөчө кыпчактар) ассимиля­цияланышы менен Балкарлар XIII кылымда эл болуп калыптанган. Чынгыз хандын аскерлеринин кол салуусу­нун мезгилинде (XIII кылым) Балкарлардын ата-бабалары Борбордук Кавказдын тоолуу тилкелерине сүрүлгөн да, XIX кылымдын 2-жарымында кайрадан алардын бир азыраагы түздүктүү жерлерге көчүп келишкен.

Балкар, кабардин, сван, карачай, грузин-рачиндер сы­яктуу коңшу элдер, ошондой эле XVII кылымдын ортосунан орустар менен тыгыз мамиледе. 1922-жылы Кабарда- Балкар автономиялык облусу, 1936-жылы Кабарда- Балкар АССРи түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик со­гуш мезгилинде 1944-жылы Балкарлар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-жылы Кабарда- Балкар АССРи калыбына келтирилип, Балкарлар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Алар негизи­нен мал чарбачылык, дыйканчылык, балчылык, аңчылык менен кесип кылышып, карапайым эл­дери таштан салынган төбөсү жалпак бир ка­баттуу, ал эми оокаттуу үй-бүлөлөр эки кабат­туу, мунаралуу үйлөрдө жашашкан. Эркектер бешмант, черкеска, тон, бурка, папах, башлык кийишип, белдерине ичке кур курчанып, кан­жар тагынышкан, аялдары туника сыяктуу көйнөк, кенен шым, башына жамынма жоолук салынып, саймаланган кийимдерди кийишкен, алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды колдо­нушкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азык­тарынан даярдалып, балды кенен колдонушат.