БАЛЬЦЕРОВИЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛЬЦЕРОВИЧ '''Лешек (1947- | '''БАЛЬЦЕРОВИЧ''' Лешек (1947-жылы туулган) – польша­лык экономист жана мамлекеттик ишмер. 1989–1992-жылдарда Польшанын финансы министри. Анын демил­геси менен Польшада рынок экономикасын түзүү боюнча реформалар жүргүзүлгөн. Реформалар эркин соода жүргүзүү, валюта алмаштыруу жана бааларды либералдаштыруу чараларын камты­ган. Анын жүрүшүндө келип чыккан баалардын кескин жогорулашы жана инфляция поляк элинин абалын оорлоткон. 1992-жылы Польшанын президенти Лех ''Валенса'' өз өкмөтүнүн популяр­дуулугун сактап калуу үчүн аны отставкага ке­тирүүгө аргасыз болгон. Ага карабастан Бальцерович баш­таган реформалар оң натыйжаларды берип, өлкөнүн экономикасы өнүгө баштаган. Рынок экономикасына өтүүнүн польшалык үлгүсү дүй­нөлүк коомчулук тарабынан таанылган. Экономиканы реформалоонун мындай жолу кийин «шок терапиясы» деген атка ээ болгон. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
10:15, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛЬЦЕРОВИЧ Лешек (1947-жылы туулган) – польшалык экономист жана мамлекеттик ишмер. 1989–1992-жылдарда Польшанын финансы министри. Анын демилгеси менен Польшада рынок экономикасын түзүү боюнча реформалар жүргүзүлгөн. Реформалар эркин соода жүргүзүү, валюта алмаштыруу жана бааларды либералдаштыруу чараларын камтыган. Анын жүрүшүндө келип чыккан баалардын кескин жогорулашы жана инфляция поляк элинин абалын оорлоткон. 1992-жылы Польшанын президенти Лех Валенса өз өкмөтүнүн популярдуулугун сактап калуу үчүн аны отставкага кетирүүгө аргасыз болгон. Ага карабастан Бальцерович баштаган реформалар оң натыйжаларды берип, өлкөнүн экономикасы өнүгө баштаган. Рынок экономикасына өтүүнүн польшалык үлгүсү дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган. Экономиканы реформалоонун мындай жолу кийин «шок терапиясы» деген атка ээ болгон.