БАМАКО: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАМАКО ''' | '''БАМАКО''' – Мали Республикасынын борбор шаары. Өзүнчө административдик бирдикти (дистрикт) түзөт. Калкы 1,3 млн (2005). Нигер дарыясынын боюнда жайгаш­кан. Жолдор тоому. Атлантика океанындагы Дакар порту, Нигер дарыясындагы Куликоро дарыя порту менен темир жол аркылуу байланышат. Ба­мако-Сену эл аралык аэропорту бар. Бамаконун азыр­кы аймагында 1-тургун жайлар 15-кылымда эле пайда болгон. 19-кылымдын 2-жарымына чейин малинке жана бамбара урууларынын өкүлдөрү отурук­ташкан анча чоң эмес кыштак, 1882-жыл фран­цуздар басып алгандан кийин Франциянын соода факториясы жана таяныч пункту болгон. 1908-жылдан француздардын колониялык администрациясынын резиден­циясы. 1920–1958-жылдарда Франция Суданынын, 1958–1960-жылдарда Мали Федерациясынын, 1960-жылдан Мали Республикасынын борбору. Чоң мечит, псевдороман стилиндеги Жанна д’Арк собору (1925–1936), кол өнөрчүлүк үйү (1932), борбордук базар, улуттук илимий жана техникалык изилдөө борбору (1986), тропика өсүмдүктөрүн жана азык­ түлүктү изилдөөчү агрономия (1962), Сахел (1977), офтальмология (1953) институттары, улуттук китепкана (1913), улуттук (1953), край таа­нуу музейлери бар. Ботаника жана зоология бакта­ры уюшулган. Бамако – өлкөнүн ири өнөр жай жана соода борбору. Өнөр жайлуу зонасы шаардын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Текстиль комбинаты, айыл чарба шай­мандар заводу, ширеңке жана сигарета фабрикасы, та­мак-аш (тоңдурма кушкана, минералдык жана жемиш сууларын куюучу завод), булгаары-бут ки­йим, фармацевтика, металл иштетүү өнөр жай­лары, ремонттоочу жайлар бар. Кол өнөрчүлүк (жыгачка жана пил сөөгүнө оймо-чийме түшүрү­лөт, токуучулук, алтын, күмүш, булгаары иштетүү) өнүккөн. ГЭС бар. Бамакого жакын жердеги үңкүрдө неолит дооруна таандык аска бетинде­ги сүрөттөр сакталган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
Чоң мечит, псевдороман стилиндеги Жанна д’Арк собору ( | |||
10:29, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАМАКО – Мали Республикасынын борбор шаары. Өзүнчө административдик бирдикти (дистрикт) түзөт. Калкы 1,3 млн (2005). Нигер дарыясынын боюнда жайгашкан. Жолдор тоому. Атлантика океанындагы Дакар порту, Нигер дарыясындагы Куликоро дарыя порту менен темир жол аркылуу байланышат. Бамако-Сену эл аралык аэропорту бар. Бамаконун азыркы аймагында 1-тургун жайлар 15-кылымда эле пайда болгон. 19-кылымдын 2-жарымына чейин малинке жана бамбара урууларынын өкүлдөрү отурукташкан анча чоң эмес кыштак, 1882-жыл француздар басып алгандан кийин Франциянын соода факториясы жана таяныч пункту болгон. 1908-жылдан француздардын колониялык администрациясынын резиденциясы. 1920–1958-жылдарда Франция Суданынын, 1958–1960-жылдарда Мали Федерациясынын, 1960-жылдан Мали Республикасынын борбору. Чоң мечит, псевдороман стилиндеги Жанна д’Арк собору (1925–1936), кол өнөрчүлүк үйү (1932), борбордук базар, улуттук илимий жана техникалык изилдөө борбору (1986), тропика өсүмдүктөрүн жана азык түлүктү изилдөөчү агрономия (1962), Сахел (1977), офтальмология (1953) институттары, улуттук китепкана (1913), улуттук (1953), край таануу музейлери бар. Ботаника жана зоология бактары уюшулган. Бамако – өлкөнүн ири өнөр жай жана соода борбору. Өнөр жайлуу зонасы шаардын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Текстиль комбинаты, айыл чарба шаймандар заводу, ширеңке жана сигарета фабрикасы, тамак-аш (тоңдурма кушкана, минералдык жана жемиш сууларын куюучу завод), булгаары-бут кийим, фармацевтика, металл иштетүү өнөр жайлары, ремонттоочу жайлар бар. Кол өнөрчүлүк (жыгачка жана пил сөөгүнө оймо-чийме түшүрүлөт, токуучулук, алтын, күмүш, булгаары иштетүү) өнүккөн. ГЭС бар. Бамакого жакын жердеги үңкүрдө неолит дооруна таандык аска бетиндеги сүрөттөр сакталган.