БАЛГЫН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛГЫН ''', т а м а р и к с (Таmагіх) | '''БАЛГЫН''', т а м а р и к с (Таmагіх) – жылгын­дар уруусундагы бадал, чала бадал, майда да­рак. Сабагы кыска, катуу түк менен капталган. Жалбырагы кабырчык (түрпү) сымал, майда, үстү туз чыгаруучу бездер менен капталган. Гүлү ак, кызгылт, майда, эки жыныстуу, топ гүлү ичке машакка чогулуп, сеңселген чачыны пайда кы­лат. Желекчелеринин саны 4–5, күлгүн кызыл. Кайчылаш чаңдашат. Кутуча мөмөсүнүн узундугу 1,8 ''мм'', 3–5 кырдуу пирамидадай, учу 3 бөлүктүү, көп уруктуу. Уругу майда. Калемчелеп көбөй­тсө болот. Кооз, туздуу жерге чыдамдуу өсүм­дүк, талааны коргоодо, токой аянтын кеңейтүү­дө пайдаланылат. Көп жылдык. Балдуу, ашаткыч касиетке да ээ. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
04:55, 21 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛГЫН, т а м а р и к с (Таmагіх) – жылгындар уруусундагы бадал, чала бадал, майда дарак. Сабагы кыска, катуу түк менен капталган. Жалбырагы кабырчык (түрпү) сымал, майда, үстү туз чыгаруучу бездер менен капталган. Гүлү ак, кызгылт, майда, эки жыныстуу, топ гүлү ичке машакка чогулуп, сеңселген чачыны пайда кылат. Желекчелеринин саны 4–5, күлгүн кызыл. Кайчылаш чаңдашат. Кутуча мөмөсүнүн узундугу 1,8 мм, 3–5 кырдуу пирамидадай, учу 3 бөлүктүү, көп уруктуу. Уругу майда. Калемчелеп көбөйтсө болот. Кооз, туздуу жерге чыдамдуу өсүмдүк, талааны коргоодо, токой аянтын кеңейтүүдө пайдаланылат. Көп жылдык. Балдуу, ашаткыч касиетке да ээ.