«ГҮЛГААКЫ»: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(7 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''«ГҮЛГААКЫ» ''' – элдик поэма. Ал кара сөз ж-а ыр түрүндө айтылып келген. Учурда КР УИАнын Манастаануу ж-а көркөм мад-ттын улуттук борборунун Кол жазмалар фондунда «Шамашрап дубана Гүлгаакы кызды алганы», «Дубана Машрап», «Гүлгаакы», «Шамашрап Гүлгаакы» деген кол жазмалар сакталып турат. Булардан сырткары Н. Чотбаевдин «Шаамашариб баяны» деген варианты бар. О. Урманбетовдун варианты дастандык деӊгээлге көтөрүлүп, толук айтылган. Калгандары поэманын башатынан кабар берип, аӊыз-аӊгеме, уламыш катары айтылган. Бул вариант 1969-ж. айрым кыскартуулар м-н жарыкка чыккан. Поэманын аталган варианттары толугу м-н ''«Эл адабияты»'' сериясында басылган. Ал бир топ кылымдык тарыхты камтыгандыктан, кыйла эвол. өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Акыркы чоӊ тарыхый окуя – узак мезгилге (15–17-к.) созулган калмактар м-н кармашуу поэманын басымдуу бөлүгүн ээлейт. «Г.» поэмасындагы Шамашрап дубана – тарыхый инсан. Өзбек элинин классик акыны Бабарахим Машрабдын өмүр жолу ж-дөгү тарыхый маалыматтар Н. Чотбаев айткан варианттагы окуялар ж-а ал тууралуу аӊыз-аӊгеме түрүндөгү нускалар м-н дал келген учурлар кездешет. Шамашрабдын кейипкер катары элдик чыгармадан орун алышы – эӊ кызыктуу факт. Башкы каарман Гүлгаакы калмактын баатыр кызы, калмак ханы катары мүнөздөлүп, өз элин бейпилдикте багып, сырт душмандан коргоп турганы сүрөттөлгөн. Кыргыз баатыры Гүлжигит экөө душман колунан каза таап, окуя трагедия м-н аяктайт. Поэманын негизги идеясы – мекенге, эл-жерге болгон сүйүү, анын келечегине кам көрүү, элдин, жердин эркиндиги үчүн күрөшүү.  
'''«ГҮЛГААКЫ» ''' – элдик поэма. Ал кара сөз жана ыр түрүндө айтылып келген. Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун Кол жазмалар фондунда «Шамашрап дубана Гүлгаакы кызды алганы», «Дубана Машрап», «Гүлгаакы», «Шамашрап Гүлгаакы» деген кол жазмалар сакталып турат. Булардан сырткары Н. Чотбаевдин «Шаамашариб баяны» деген варианты бар. О. Урманбетовдун варианты дастандык деӊгээлге көтөрүлүп, толук айтылган. Калгандары поэманын башатынан кабар берип, аӊыз-аӊгеме, уламыш катары айтылган. Бул вариант 1969-жылы айрым кыскартуулар менен жарыкка чыккан. Поэманын аталган варианттары толугу менен ''«Эл адабияты»'' сериясында басылган. Ал бир топ кылымдык тарыхты камтыгандыктан, кыйла эволюциялык өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Акыркы чоӊ тарыхый окуя – узак мезгилге (XV–XVII кылымдар) созулган калмактар менен кармашуу поэманын басымдуу бөлүгүн ээлейт. «Гүлгаакы» поэмасындагы Шамашрап дубана – тарыхый инсан. Өзбек элинин классик акыны Бабарахим Машрабдын өмүр жолу жөнүндөгү тарыхый маалыматтар Н. Чотбаев айткан варианттагы окуялар жанаа ал тууралуу аӊыз-аӊгеме түрүндөгү нускалар менен дал келген учурлар кездешет. Шамашрабдын кейипкер катары элдик чыгармадан орун алышы – эӊ кызыктуу факт. Башкы каарман Гүлгаакы калмактын баатыр кызы, калмак ханы катары мүнөздөлүп, өз элин бейпилдикте багып, сырт душмандан коргоп турганы сүрөттөлгөн. Кыргыз баатыры Гүлжигит экөө душман колунан каза таап, окуя трагедия менен аяктайт. Поэманын негизги идеясы – мекенге, эл-жерге болгон сүйүү, анын келечегине кам көрүү, элдин, жердин эркиндиги үчүн күрөшүү.  
''Г. Орозова.''
''Г. Орозова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:30, 12 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

«ГҮЛГААКЫ» – элдик поэма. Ал кара сөз жана ыр түрүндө айтылып келген. Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун Кол жазмалар фондунда «Шамашрап дубана Гүлгаакы кызды алганы», «Дубана Машрап», «Гүлгаакы», «Шамашрап Гүлгаакы» деген кол жазмалар сакталып турат. Булардан сырткары Н. Чотбаевдин «Шаамашариб баяны» деген варианты бар. О. Урманбетовдун варианты дастандык деӊгээлге көтөрүлүп, толук айтылган. Калгандары поэманын башатынан кабар берип, аӊыз-аӊгеме, уламыш катары айтылган. Бул вариант 1969-жылы айрым кыскартуулар менен жарыкка чыккан. Поэманын аталган варианттары толугу менен «Эл адабияты» сериясында басылган. Ал бир топ кылымдык тарыхты камтыгандыктан, кыйла эволюциялык өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Акыркы чоӊ тарыхый окуя – узак мезгилге (XV–XVII кылымдар) созулган калмактар менен кармашуу поэманын басымдуу бөлүгүн ээлейт. «Гүлгаакы» поэмасындагы Шамашрап дубана – тарыхый инсан. Өзбек элинин классик акыны Бабарахим Машрабдын өмүр жолу жөнүндөгү тарыхый маалыматтар Н. Чотбаев айткан варианттагы окуялар жанаа ал тууралуу аӊыз-аӊгеме түрүндөгү нускалар менен дал келген учурлар кездешет. Шамашрабдын кейипкер катары элдик чыгармадан орун алышы – эӊ кызыктуу факт. Башкы каарман Гүлгаакы калмактын баатыр кызы, калмак ханы катары мүнөздөлүп, өз элин бейпилдикте багып, сырт душмандан коргоп турганы сүрөттөлгөн. Кыргыз баатыры Гүлжигит экөө душман колунан каза таап, окуя трагедия менен аяктайт. Поэманын негизги идеясы – мекенге, эл-жерге болгон сүйүү, анын келечегине кам көрүү, элдин, жердин эркиндиги үчүн күрөшүү. Г. Орозова.