БАКЛАЖАН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:БАКЛАЖАН39.png | thumb | none]] | [[File:БАКЛАЖАН39.png | thumb | none]] | ||
Мөмөсү алму­рут сымал сүйрү, салмагы 0,4-1 ''кг,'' ар кандай түрдө ж-а түстө. Баклажан жылуу ж-а нымдуу жерде жакшы өсөт. Жа­пайы түрү Түштүк Азияда (Индия, Бирма) кездешет. Европада адегенде дары өсүмдүк ка­тары эгилип, 18- | Мөмөсү алму­рут сымал сүйрү, салмагы 0,4-1 ''кг,'' ар кандай түрдө ж-а түстө. Баклажан жылуу ж-а нымдуу жерде жакшы өсөт. Жа­пайы түрү Түштүк Азияда (Индия, Бирма) кездешет. Европада адегенде дары өсүмдүк ка­тары эгилип, 18-кылымдан гана тамакка колдонул­ган. Тропик ж-а субтропик алкактарында, КМШ өлкөлөрүндө - Закавказье, Украина, Молдова, Орто Азияда айдалат. Курамында кант, май, кальций тузу, фосфор, темир бар. Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору: Деликатес-163, Дон-14, Симферополь-105. Зыянкечтери: талаа канталасы, ийин чегирткеси ж. б. Илдеттери: кургак чирик, фитофтороз, солуп калуу. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
04:00, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАКЛАЖАН (sоlаnum теlоngепа) - ит жүзүмдөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабагы катуу, бийиктиги 1 м ден ашат. Жалбырагы чоң, гүлү манжа сымал, топ гүлү жалгыздан же чогулган,өңү кызгылтым көк.

Мөмөсү алмурут сымал сүйрү, салмагы 0,4-1 кг, ар кандай түрдө ж-а түстө. Баклажан жылуу ж-а нымдуу жерде жакшы өсөт. Жапайы түрү Түштүк Азияда (Индия, Бирма) кездешет. Европада адегенде дары өсүмдүк катары эгилип, 18-кылымдан гана тамакка колдонулган. Тропик ж-а субтропик алкактарында, КМШ өлкөлөрүндө - Закавказье, Украина, Молдова, Орто Азияда айдалат. Курамында кант, май, кальций тузу, фосфор, темир бар. Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору: Деликатес-163, Дон-14, Симферополь-105. Зыянкечтери: талаа канталасы, ийин чегирткеси ж. б. Илдеттери: кургак чирик, фитофтороз, солуп калуу.