БАЙБИЧЕ-ТОО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page БАЙБИЧЕТОО to БАЙБИЧЕ-ТОО) |
(Айырма жок)
|
05:38, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЙБИЧЕ-ТОО — Ички Теңир-Тоодогу тоо; Кара-Тоонун уландысы. Орто Нарын ж-а Ат-Башы өрөөндөрүн бөлүп турат. Узундугу 140 км, туурасы 13 км. Орточо бийиктиги 3890 м, эң бийик жери 4337 м. Палеозойдун акиташ, сланец ж-а гранит тектеринен турат. Түзүлүшү боюнча горст-антиклиналь. Чыгыш тарабы кууш, коктулуу. Тоону кесип өткөн антецедент капчыгайлары (Кара-Бүк, Ак-Тал, Учкун, Терек) бар. Кыры тайпак, мөңгү жок. Түн.-чыгыш капталдарынын айрым жерлеринде токой (карагай, бадал), колотторунда субальп өсүмдүктөрү (3100-3300 м), түштүк күнөстүү беттеринде бетеге, шыбак, доңуз сырты өсөт. Малга жайлуу. Байбиче-Тоо аркылуу Баетов кыштагынан Орто-Сыртка автомобиль жолу өтөт.
