БАЙЖИЕВ Мар: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
2 сап: 2 сап:
[[Файл:Мар б.jpg|thumb|370x370px]]
[[Файл:Мар б.jpg|thumb|370x370px]]
[[File:БАЙЖИЕВ 17.png | thumb | none]]
[[File:БАЙЖИЕВ 17.png | thumb | none]]
[[Файл:Чыйыр.jpg|center|thumb|320x320px]]
[[Файл:Чыйыр.jpg|center|thumb|297x297px]]
Кыргыз мамлекеттик университетинин фило­логия факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн (1960), Москвадагы киносценарист­тердин жогорку курсун (1964) бүтүргөн. Кыргыз ССР маданият министрлигинин ре­пертуардык коллегиясынын башкы редактору, 1971 —1975-жылдарда «Литературная газета­нын» өз кабарчысы, «Прав­да», «Комсомольская правда» гезиттеринин ата­йын кабарчысы болуп иштеген. Чыгармачылык иши студенттик жылдарында эле башталып, чыгармалары 1956-жылдан жарык көргөн. Байжиев - кыргыз жана орус тилдеринде жазган билингивист жазуучу. «Кара курт» аттуу биринчи сатиралык аңгемелер жыйнагы 1961-жылы жарыкка чыккан. «Балдар бойго жеткенде» (1965), «Төрт адам» (1967), «Ар бир үйдө майрам» (1973), «Мезгил барактары» (1987), «Алтынчы күнү кечинде» (1987), «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча жа­зылган «Байыркы жомок» (1975), «Узак сапар­дагы поезд» (1991) аттуу пьесалардын жана «Мар Байжиев сахнада» (2006) аттуу китептин автору. «Чыйыр» (1966), «Башканын бактысы» (1969), «Менин алтын балыгым» (1976) жана башка пьесалары жана «Кайрылып келүү» (1964), «Өгөй бакыт» аттуу аңгемелер жана повесттер жыйнагы орус, украин, өзбек тилинде чыккан. Анын «Эрөөл» (1966) пьесасы кыргыз драматургия­сына өзгөчө жаңылык киргизген чыгарма бол­гон. Ал идеялык багыты учурдун духуна үндөшө жалпы адамзаттык гуманисттик прогрессивдүү тенденцияга көтөрүлүп, көркөм ойлоонун жа­ңыча формасы менен профессионалдык сабаттуу­лукта жазылган. Пьеса мурунку СССРдин дээр­лик бардык театрларында, Болгария, Венгрия, Германия Демократиялык Республикасы, Моңголия, Польша, Румыния, Чехословакия, Австрия, Швеция, Финляндия, Коста Рика жана башка 200дөн ашык театр сахналарында коюл­ган. «Башканын бактысы» («Чужое счастье», 1978) аттуу киносценарийи боюнча «Өзбекфильм» тарабынан кинофильм тартылып, ал Ашхабад­да өткөн эл аралык фестивалда (1979) атайын  сыйлыкка татыктуу болгон. Анын калеминен жаралган сценарийлердин негизинде «Ак илбирс­тин тукуму» (1985, режиссёру Т. Океев), «Алтын күз» (1980), «Нокдаун», «Нөшөр» (1980), «Жаңы жыл алдындагы түн», «Акыркы рейс» (1982) сыяк­туу көркөм фильмдер тартылган. Байжиев III даража­дагы Манас ордени менен сыйланган (2004).

[[Category: 2-том, 1-69 бб]]
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

05:59, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЙЖИЕВ Мар (23. 3. 1935-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад — 29. 10. 2021. Бишкек шаары) - жазуучу, драматург, кинодраматург, котормочу, Кыргыз ССРинин ис­кусствого эмгек сиңирген ишмери (1981), Кыргыз эл жазуучусу (1993).