БАМИАН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:БАМИАН64.png | thumb | Будданын зор скульптуралык сүрөтүнүн бири. | [[File:БАМИАН64.png | thumb | Будданын зор скульптуралык сүрөтүнүн бири. | ||
]]Өзгөчө Будданын эки эң зор скульптуралык сүрөтү (бийиктиги 35 жана 53 ''м'', II''–''III кылымдар жана V кылым) белгилүү болгон. (2001-жылы | ]]Өзгөчө Будданын эки эң зор скульптуралык сүрөтү (бийиктиги 35 жана 53 ''м'', II''–''III кылымдар жана V кылым) белгилүү болгон. (2001-жылы мартта талибдер толугу менен талкалаган). Шаар ''Бут­кул дуйнөлук мурастын'' тизмесине кирген. Тарыхый-этнографиялык музей бар. | ||
''Р. Карачалова.'' | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
05:52, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАМИАН - Афганстандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Бамиан провинциясынын административдик борбору. Калкы 125 миң (2005). Баба кырка тоосунун түндүк этегинде, Бамиан дарыясынын (Кундуз дарыясынын алабы) боюнда, деңиз деңгээлинен 3000 м ден ашык бийиктикте, Кабул шаарынан 130 км түндүк-батышта жайгашкан. Биздин замандын I кылымынан белгилүү. Байыркы кытай жазмаларында V кылымдан эскерилет. Арабдар жеңгенге чейин (VII кылым) буддизмдин маанилүү борбору болгон. Шаарга жакын аскага оюлган будда монастырь комплекси (I–VIII кылымдар) сакталган. 2000ден ашык үңкүр (чиркөө, үжүрө, чогулуш бөлмөлөрү жана башкалар) тепкич жана өткөөлдөр аркылуу байланышып, Будданын статуялары, сүрөттөр жана ташка чегилген орнамент менен кооздолгон.

Өзгөчө Будданын эки эң зор скульптуралык сүрөтү (бийиктиги 35 жана 53 м, II–III кылымдар жана V кылым) белгилүү болгон. (2001-жылы мартта талибдер толугу менен талкалаган). Шаар Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген. Тарыхый-этнографиялык музей бар.
Р. Карачалова.