ГЮГО: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(7 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЮГО́ ''' Виктор Мари (26. 2. 1802, Франция, Безансон – 22. 5. 1885, Париж, Франция) – француз жазуучусу, акын, драматург, публицист, саясий | '''ГЮГО́ ''' '''Виктор Мари''' (26. 2. 1802, Франция, Безансон – 22. 5. 1885, Париж, Франция) – француз жазуучусу, акын, драматург, публицист, саясий жана коомдук ишмер жана француз демократия романтизмин негиздөөчүлөрдүн бири. Сена департаментиндеги Франциянын сенатору (1876–1885), Француз академиясынын мүчөсү (1841). Алгачкы «Одалар жана ар түрдүү ырлар» (1822) жыйнагында Бурбондор династиясын жактаган. «Испаниялык Ган» аттуу биринчи романы 1823-жылы жарык көргөн. «Чыгыш обондору» ыр жыйнагын (1928), ошондой эле «Марион Делорм», «Эрнани» (1829), «Рюи Блаз» (1838) аттуу пьесаларын жазган. «Кромвель» драмасынын (1827) баш сөзү француз романтиктеринин демократиялык тобунун манифести болуп калган. «Париждеги теӊир эне собору» тарыхый романы (1831) чиркөө менен монархияга каршы жазылган. Ал «Күзгү жалбырактар» (1831), «Күүгүмдөгү ырлар» (1835), «Ички кайрыктар»(1837), «Шоолалар жана көлөкөлөр» (1840) ыр жыйнактарын жарыялаган. Луи Наполеон Бонапарттын мамлекеттик төӊкөрүшүнөн кийин 1851-жылы эмиграцияга кетип, | ||
[[File:ГЮГО66.png | thumb | В. М. Гюго. Л. Бонн тарткан портрет. 1880.]] | [[File:ГЮГО66.png | thumb | В. М. Гюго. Л. Бонн тарткан портрет. 1880.|left|324x324px]] | ||
«Кичинекей Наполеон» памфлетин (1852), «Жаза» сатиралык ыр жыйнагын (1853) жазган. В. Гюго – «Чыгыш мотивдери» (1829), «Кылымдар легендасы» (1–3-том, 1859–1883) ыр жыйнактарынын, «Куугунтук жегендер» (1862), «Деӊиз мээнеткечтери» (1866), «Күлүп турган адам» (1869), Улуу француз революциясы жөнүндөгү «Токсон үчүнчү жыл» (1874) аттуу белгилүү романдардын автору. XIX кылымда орустун алдыӊкы жазуучулары, анын ичинде А. И. Герцен, Н. Г. Чернышевский, М. Е. Салтыков-Щедрин Виктор Гюгонун чыгармачылыгынын коомдук мазмунун жогору баалашкан. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. | |||
Чыг.: Куугунтук жегендер. Ф., 1960; Избр. произв. Т. 1–2. М.; Л., 1952. | |||
Ад.: ''Евнина Е. М.'' Виктор Гюго. М., 1976. | Ад.: ''Евнина Е. М.'' Виктор Гюго. М., 1976. | ||
[[Файл:Экран.jpg|thumb|377x377px|В. Гюгонун чыгармаларын экрандаштыруу: «Күлүп турган адам».]] | |||
[[Файл:Үйү.jpg|center|thumb|402x402px|Виктор Гюгонун Париждеги үй-музейи.]] | |||
[[Файл:Китеп.jpg|center|thumb|255x255px|В. Гюгонун чыгармалары.]] | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:14, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы
ГЮГО́ Виктор Мари (26. 2. 1802, Франция, Безансон – 22. 5. 1885, Париж, Франция) – француз жазуучусу, акын, драматург, публицист, саясий жана коомдук ишмер жана француз демократия романтизмин негиздөөчүлөрдүн бири. Сена департаментиндеги Франциянын сенатору (1876–1885), Француз академиясынын мүчөсү (1841). Алгачкы «Одалар жана ар түрдүү ырлар» (1822) жыйнагында Бурбондор династиясын жактаган. «Испаниялык Ган» аттуу биринчи романы 1823-жылы жарык көргөн. «Чыгыш обондору» ыр жыйнагын (1928), ошондой эле «Марион Делорм», «Эрнани» (1829), «Рюи Блаз» (1838) аттуу пьесаларын жазган. «Кромвель» драмасынын (1827) баш сөзү француз романтиктеринин демократиялык тобунун манифести болуп калган. «Париждеги теӊир эне собору» тарыхый романы (1831) чиркөө менен монархияга каршы жазылган. Ал «Күзгү жалбырактар» (1831), «Күүгүмдөгү ырлар» (1835), «Ички кайрыктар»(1837), «Шоолалар жана көлөкөлөр» (1840) ыр жыйнактарын жарыялаган. Луи Наполеон Бонапарттын мамлекеттик төӊкөрүшүнөн кийин 1851-жылы эмиграцияга кетип,

«Кичинекей Наполеон» памфлетин (1852), «Жаза» сатиралык ыр жыйнагын (1853) жазган. В. Гюго – «Чыгыш мотивдери» (1829), «Кылымдар легендасы» (1–3-том, 1859–1883) ыр жыйнактарынын, «Куугунтук жегендер» (1862), «Деӊиз мээнеткечтери» (1866), «Күлүп турган адам» (1869), Улуу француз революциясы жөнүндөгү «Токсон үчүнчү жыл» (1874) аттуу белгилүү романдардын автору. XIX кылымда орустун алдыӊкы жазуучулары, анын ичинде А. И. Герцен, Н. Г. Чернышевский, М. Е. Салтыков-Щедрин Виктор Гюгонун чыгармачылыгынын коомдук мазмунун жогору баалашкан. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.
Чыг.: Куугунтук жегендер. Ф., 1960; Избр. произв. Т. 1–2. М.; Л., 1952.
Ад.: Евнина Е. М. Виктор Гюго. М., 1976.


