БАЛКАН СОГУШТАРЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛКАН СОГУШТАРЫ '''( | '''БАЛКАН СОГУШТАРЫ '''(1912–1913). Б и р и н ч и Б а л к а н с о г у ш у [Б. Б. с.; (Б. 1912-жылы 9-октябрь –1913-жыл 30-май] – ''Балкан союзуна (1912)'' кирген мамлекеттерди басып алган Осмон импе­риясына каршы согуштар. Аны башгоого Түркия­нын Македония менен Фракияга автономия бе­рүүдөн баш тартуусу шылтоо болгон. 1912-жылы 8-октябрда Черногория Түркияга согуш жарыя­лаган. Болгария, Сербия, Грекия согушка 18-октябрда кирип, Түркияны ''Лондон тынчтык келишимин'' (1913) түзүүгө мажбур кылышкан. Ал келишим боюнча Түркия Стамбул жана Чыгыш Фракиядагы жерлеринин бир аз бөлүгүнөн тыш­кары, Европадагы бардык ээликтеринен ажы­раган. Биринчи Балкан согушу Албаниянын көз каранды эмес­тикке жетишүүсүн тездеткен. Э к и н ч и Б а л к а н с о г у ш у (Э. Б. с. 1913-жыл 29-июнь –10-август) – 1-тараптан Болгариянын, 2-тараптан Сербия, Черногория, Грекия, Румыния жана Түр­киянын ортосундагы согуш союздаштардын ор­тосундагы карама-каршылыктын ырбашынан улам чыккан [кара: ''Балкан союзу (1912)].'' Болгар аскерлери Македониядагы сербиялык, грекия­лык аскерлерге 30-июнда капилеттен кол салган. Согушту баштагандар 29-июлда багынууга мажбур болгон. Мунун натыйжасында Бухарест тынчтык келишими (1913) түзүлүп, ага ылайык Болгария Македониядагы, Фракиядагы жерле­ринен гана эмес, Түштүк Добружадан да ажырап калган. Константинополь келишими боюнча Ад­рианополду Түркияга калтырууга мажбур болгон. Экинчи Балкан согушу Румыниянын ''Үчтүк союздан (1882)'' чыгып кетишине жана ''Антантага'' жакында­шуусуна жардам берген. Болгария Австрия – Германия блогу тарапка өткөн. Балкан согуштары эл аралык мамилелерди андан ары курчутуп, 1-дүйнөлүк согуштун башталышын тездеткен. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
04:49, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛКАН СОГУШТАРЫ (1912–1913). Б и р и н ч и Б а л к а н с о г у ш у [Б. Б. с.; (Б. 1912-жылы 9-октябрь –1913-жыл 30-май] – Балкан союзуна (1912) кирген мамлекеттерди басып алган Осмон империясына каршы согуштар. Аны башгоого Түркиянын Македония менен Фракияга автономия берүүдөн баш тартуусу шылтоо болгон. 1912-жылы 8-октябрда Черногория Түркияга согуш жарыялаган. Болгария, Сербия, Грекия согушка 18-октябрда кирип, Түркияны Лондон тынчтык келишимин (1913) түзүүгө мажбур кылышкан. Ал келишим боюнча Түркия Стамбул жана Чыгыш Фракиядагы жерлеринин бир аз бөлүгүнөн тышкары, Европадагы бардык ээликтеринен ажыраган. Биринчи Балкан согушу Албаниянын көз каранды эместикке жетишүүсүн тездеткен. Э к и н ч и Б а л к а н с о г у ш у (Э. Б. с. 1913-жыл 29-июнь –10-август) – 1-тараптан Болгариянын, 2-тараптан Сербия, Черногория, Грекия, Румыния жана Түркиянын ортосундагы согуш союздаштардын ортосундагы карама-каршылыктын ырбашынан улам чыккан [кара: Балкан союзу (1912)]. Болгар аскерлери Македониядагы сербиялык, грекиялык аскерлерге 30-июнда капилеттен кол салган. Согушту баштагандар 29-июлда багынууга мажбур болгон. Мунун натыйжасында Бухарест тынчтык келишими (1913) түзүлүп, ага ылайык Болгария Македониядагы, Фракиядагы жерлеринен гана эмес, Түштүк Добружадан да ажырап калган. Константинополь келишими боюнча Адрианополду Түркияга калтырууга мажбур болгон. Экинчи Балкан согушу Румыниянын Үчтүк союздан (1882) чыгып кетишине жана Антантага жакындашуусуна жардам берген. Болгария Австрия – Германия блогу тарапка өткөн. Балкан согуштары эл аралык мамилелерди андан ары курчутуп, 1-дүйнөлүк согуштун башталышын тездеткен.