БЕЙШЕНАЛИЕВ Шүкүрбек: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЙШЕНАЛИЕВ''' Шүкүрбек (25. 10. 1928, Нарын | '''БЕЙШЕНАЛИЕВ''' '''Шүкүрбек''' (25. 10. 1928, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Куртка кыштагы – 22. 5. 2000, Бишкек) – жазуучу, драматург, публицист, Кыр­гыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин искусст­восуна эмгек сиңирген ишмер (1974), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1982). Бейшеналиев 1943-жылы Нарын шаарында ачылган алты айлык мугалимдер кур­сунда окуп, орто мектепте мугалим, директор болуп иштеген. | ||
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВ7.png | thumb | none]] | [[File:БЕЙШЕНАЛИЕВ7.png | thumb | none]] | ||
Нарын | Нарын педагогикалык окуу жайын (1946), КМУнун филология факультетин (1952) бүт­көн. 1952–53-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалынын тил, адабият ж-а тарых ин­ститутунда илимий кызматкер, «Жаш ленинчи» журналына редак­тор (1953), Кыргызстан ЛКЖС БКнын секретары (1954), «Ленинчил жаш» гезитинин редактору (1956–59) болуп иштеген. 1962–64-жылдарда СССР жазуучулар союзунун алдындагы жогор­ку адабий курсту бүтүргөндөн кийин Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, чет өлкөлөр м-н достук ж-а маданий байланыштын Кыргызстан­дагы коомунун президиумунун төрагасынын орун басары ж-а төрагасы болгон. Бейшеналиевдин чыгармачылы­гынын башталышы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келген. Анын 12–13 жашында фронтко жылуу кийим камдагандар тууралуу алгачкы чакан макаласы 1941-жылы «Колхозчу» аттуу райондук гезитке жарыяланган. 1950- жылдардан «Чыныгы достук», «Алкыш», «Кы­чан» сыяктуу прозалык чыгармаларды жара­тып, балдар жазуучусу катары таанылган. «Чы­ныгы достук» повести (1950) балдарга арналган чыгармалардын республикалык конкурсунда 1-сыйлыкка та­тыктуу болгон. Кийин «Ак тайлак», «Табыш­макчы Чынара», «Чабалекей», «Тоо ханшасы», «Сарыбайдын уулу», «Сүзөнөөк козу» аңгемелери жарык көргөн. Бейшеналиевди жаш окурмандарга таа­ныткан «Мүйүздүү козу» аттуу повести болду. 1976-жылы повестке эл аралык Андерсен атындагы сыйлык, 1982-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Ал дүйнө элдеринин 40тан ашуун тилине которулган. Жазуучу бөбөктөрдүн көркөм дүйнөсүн, психологиясын, аларды тол­кунданткан ойлорду мыкты сезе билген. Бейшеналиев – чет элдик бөбөктөрдүн турмушун сүрөттөгөн «Ат жалында секелек», «Даниялык дептерден» ат­туу чыгармалардын автору. 1953-жылы жарык көргөн «Алкыш» повестинин башкы каарман­дары – мектеп курагындагы балдар. Алардын ичинен Абдылас – мезгил талабына ылайык төрт тарабы келишкен идеалдуу каарман. Ав­тор аны жигердүү, демилгелүү, өз теңтушта­рынан турмуштук зарылдыктарды эрте айыр­малоого акылы жеткен өспүрүм катары көрсө­төт. «Кычан» повести жарыкка чыгары (1956) м-н эле коомчулуктун назарына түшүп, бүткүл союздук адабий аренада ийгиликке жетишип, окурмандар м-н сынчылар арасында оң баага татыктуу болгон. Повесть СССР элдеринин тил­дерине которулуп, жазуучунун ысмын союздук масштабга тааныткан. Бул чыгармага автор экинчи жолу кайрылып, 1967-жылы аны бир топ алымча-кошумчалар м-н жарыялаган. «Карлы­гач» (1959) повестиндеги жаш кыздын айыл чарбасында калуу демилгеси кийин коомчулук тарабынан иштиктүү ой катары бааланып, массалык кый­мылга айланган. Балдар темасындагы чыгар­маларынын бири болгон «Аманат» повести (1975) алгач «Данакер» деген ат м-н 1969-жылы жарык көргөн. Повесттин сюжеттик өнүгүшүндө ж-а окуялардын чиеленишинде детективдик жанрдын айрым элементтери пайдаланылган. Бул повесттин негизинде 1979-ж. «Аманат» ат­туу көркөм фильм тартылган. «Кордун тукуму» (1965) повести 1960–70-жылдардагы повесть-экилтик, повесть-үчилтик сыяктуу көркөм про­цесстин башатын түзсө, «Болот калем», «Жара­ланбаган жаралуулар», «Тайлак баатыр» сыяк­туу чыгармаларында өткөн м-н бүгүнкүнүн ор­тосундагы байланышты таба билген. Бейшеналиевдин ро­ман жанрындагы чыйыры «Таалай жолунан» (1957) башталган (2-китеби 1962-ж. жарыкка чыккан). Роман согуштан кийинки учурду, ай­рыкча окуп, билим алууга умтулган жаштар­дын турмушун чагылтат. «Урпактар үнү» (1969) роман-публицистикасы кыргыз интеллиген­циясынын турмушун көркөм чагылткан жаңы­чыл чыгарма. «Даңкка жараша жүк» (1973) ро­манынын өзөгүнө Социалисттик Эмгектин Баатыры Ракмата­лы Сартбаевдин жашоо-турмушу негиз болгон. «Болот калем» романы (1-китеби 1981; 2-ките­би 1983), кыргыз элинин белгилүү жазгыч акын­дарынын бири, манасчы Тоголок Молдонун (Ба­йымбет Абдрахманов) өмүр жолун, индиви­дуалдуу тарыхый жүзүн көркөм чагылдырууга арналган. Ошондой эле «Кайра жашарган өмүр» аттуу тарыхый драмасын, «Тайлак баатыр» (1998) по­вестин, «Тагдыр сырлары» (1998) аттуу макала­лар, эскерүүлөр жыйнагын жараткан. Бейшеналиев дра­матург катары да таанымал болгон. Анын «Уядан учкандар» (1955), «Тоо ханшасы» (1962), «Тоо койнундагы гүл», «Мейман», «Кайра жа­шарган өмүр», «Дос», «Уста жана шакирттер», «Бойдоктор» сыяктуу ондогон пьесалары бар. Л. Толстой, М. Шолохов, К. Фединдин аңге­мелерин, А. П. Чеховдун ж-а Г. Ибсендин пье­саларын кыргыз тилине которгон. Анын «Кы­чан», «Мүйүздүү козу», «Сүзөнөөк козу», «Ак тайлак» ж. б. бир катар чыгармалары орус, англис, араб, хинди, француз, болгар, испан, бенгал, перс, урду, малай, пенжаб тилдеринде жарык көргөн. | ||
«Ленинчил жаш» гезитинин | |||
редактору (1956–59) болуп иштеген. 1962–64- | |||
чыгармалардын | |||
«Сарыбайдын уулу», «Сүзөнөөк козу» аңгемелери жарык көргөн. | |||
чет элдик бөбөктөрдүн турмушун сүрөттөгөн «Ат | |||
жалында секелек», «Даниялык дептерден» ат­туу чыгармалардын автору. 1953- | |||
экилтик, повесть-үчилтик сыяктуу көркөм про­цесстин башатын түзсө, «Болот калем», «Жара­ланбаган жаралуулар», «Тайлак баатыр» сыяк­туу чыгармаларында өткөн м-н бүгүнкүнүн ор­тосундагы байланышты таба билген. | |||
чыккан). Роман согуштан кийинки учурду, ай­рыкча окуп, билим алууга умтулган жаштар­дын турмушун чагылтат. «Урпактар үнү» (1969) роман-публицистикасы кыргыз интеллиген­циясынын турмушун көркөм чагылткан жаңы­чыл чыгарма. «Даңкка жараша жүк» (1973) ро­манынын өзөгүнө | |||
«Болот калем» романы (1-китеби 1981; 2-ките­би 1983), кыргыз элинин белгилүү жазгыч акын­дарынын бири, манасчы Тоголок Молдонун (Ба­йымбет Абдрахманов) өмүр жолун, индиви­дуалдуу тарыхый жүзүн көркөм чагылдырууга арналган. | |||
«Уядан учкандар» (1955), «Тоо ханшасы» (1962), | |||
«Тоо койнундагы гүл», «Мейман», «Кайра жа­шарган өмүр», «Дос», «Уста жана шакирттер», | |||
«Бойдоктор» сыяктуу ондогон пьесалары бар. | |||
Л. Толстой, М. Шолохов, К. Фединдин аңге­мелерин, А. П. Чеховдун ж-а Г. Ибсендин пье­саларын кыргыз тилине которгон. Анын «Кы­чан», «Мүйүздүү козу», «Сүзөнөөк козу», «Ак | |||
тайлак» ж. б. бир катар чыгармалары орус, англис, араб, хинди, француз, болгар, испан, бенгал, перс, урду, малай, пенжаб тилдеринде жарык көргөн. | |||
Ад.: ''Абдраимов Ж.'' Чыгармадагы турмуш. Адабий сын макалалар, рецензиялар. Ф., 1981; ''Артыкбаев К.'' Мезгил элестери. Ф., 1988; ''Асаналиев К.'' Көркөм нарк. Ф., 1988; ''Давыдова Т. Т.'' Современная киргизская повесть. Ф., 1989; Кыргыз совет адабиятынын тары­хы. 1–2-т. Ф., 1987, 1990; ''Түлөгабылов М.'' Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы. Б., 1991; Кыргыз ада­биятынын тарыхы. 7-т. Б., 2002. | Ад.: ''Абдраимов Ж.'' Чыгармадагы турмуш. Адабий сын макалалар, рецензиялар. Ф., 1981; ''Артыкбаев К.'' Мезгил элестери. Ф., 1988; ''Асаналиев К.'' Көркөм нарк. Ф., 1988; ''Давыдова Т. Т.'' Современная киргизская повесть. Ф., 1989; Кыргыз совет адабиятынын тары­хы. 1–2-т. Ф., 1987, 1990; ''Түлөгабылов М.'' Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы. Б., 1991; Кыргыз ада­биятынын тарыхы. 7-т. Б., 2002. | ||
<p align='right'>''Д. Андашев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | <p align='right'>''Д. Андашев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
09:38, 4 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕЙШЕНАЛИЕВ Шүкүрбек (25. 10. 1928, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Куртка кыштагы – 22. 5. 2000, Бишкек) – жазуучу, драматург, публицист, Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1974), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1982). Бейшеналиев 1943-жылы Нарын шаарында ачылган алты айлык мугалимдер курсунда окуп, орто мектепте мугалим, директор болуп иштеген.

Нарын педагогикалык окуу жайын (1946), КМУнун филология факультетин (1952) бүткөн. 1952–53-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалынын тил, адабият ж-а тарых институтунда илимий кызматкер, «Жаш ленинчи» журналына редактор (1953), Кыргызстан ЛКЖС БКнын секретары (1954), «Ленинчил жаш» гезитинин редактору (1956–59) болуп иштеген. 1962–64-жылдарда СССР жазуучулар союзунун алдындагы жогорку адабий курсту бүтүргөндөн кийин Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, чет өлкөлөр м-н достук ж-а маданий байланыштын Кыргызстандагы коомунун президиумунун төрагасынын орун басары ж-а төрагасы болгон. Бейшеналиевдин чыгармачылыгынын башталышы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келген. Анын 12–13 жашында фронтко жылуу кийим камдагандар тууралуу алгачкы чакан макаласы 1941-жылы «Колхозчу» аттуу райондук гезитке жарыяланган. 1950- жылдардан «Чыныгы достук», «Алкыш», «Кычан» сыяктуу прозалык чыгармаларды жаратып, балдар жазуучусу катары таанылган. «Чыныгы достук» повести (1950) балдарга арналган чыгармалардын республикалык конкурсунда 1-сыйлыкка татыктуу болгон. Кийин «Ак тайлак», «Табышмакчы Чынара», «Чабалекей», «Тоо ханшасы», «Сарыбайдын уулу», «Сүзөнөөк козу» аңгемелери жарык көргөн. Бейшеналиевди жаш окурмандарга тааныткан «Мүйүздүү козу» аттуу повести болду. 1976-жылы повестке эл аралык Андерсен атындагы сыйлык, 1982-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Ал дүйнө элдеринин 40тан ашуун тилине которулган. Жазуучу бөбөктөрдүн көркөм дүйнөсүн, психологиясын, аларды толкунданткан ойлорду мыкты сезе билген. Бейшеналиев – чет элдик бөбөктөрдүн турмушун сүрөттөгөн «Ат жалында секелек», «Даниялык дептерден» аттуу чыгармалардын автору. 1953-жылы жарык көргөн «Алкыш» повестинин башкы каармандары – мектеп курагындагы балдар. Алардын ичинен Абдылас – мезгил талабына ылайык төрт тарабы келишкен идеалдуу каарман. Автор аны жигердүү, демилгелүү, өз теңтуштарынан турмуштук зарылдыктарды эрте айырмалоого акылы жеткен өспүрүм катары көрсөтөт. «Кычан» повести жарыкка чыгары (1956) м-н эле коомчулуктун назарына түшүп, бүткүл союздук адабий аренада ийгиликке жетишип, окурмандар м-н сынчылар арасында оң баага татыктуу болгон. Повесть СССР элдеринин тилдерине которулуп, жазуучунун ысмын союздук масштабга тааныткан. Бул чыгармага автор экинчи жолу кайрылып, 1967-жылы аны бир топ алымча-кошумчалар м-н жарыялаган. «Карлыгач» (1959) повестиндеги жаш кыздын айыл чарбасында калуу демилгеси кийин коомчулук тарабынан иштиктүү ой катары бааланып, массалык кыймылга айланган. Балдар темасындагы чыгармаларынын бири болгон «Аманат» повести (1975) алгач «Данакер» деген ат м-н 1969-жылы жарык көргөн. Повесттин сюжеттик өнүгүшүндө ж-а окуялардын чиеленишинде детективдик жанрдын айрым элементтери пайдаланылган. Бул повесттин негизинде 1979-ж. «Аманат» аттуу көркөм фильм тартылган. «Кордун тукуму» (1965) повести 1960–70-жылдардагы повесть-экилтик, повесть-үчилтик сыяктуу көркөм процесстин башатын түзсө, «Болот калем», «Жараланбаган жаралуулар», «Тайлак баатыр» сыяктуу чыгармаларында өткөн м-н бүгүнкүнүн ортосундагы байланышты таба билген. Бейшеналиевдин роман жанрындагы чыйыры «Таалай жолунан» (1957) башталган (2-китеби 1962-ж. жарыкка чыккан). Роман согуштан кийинки учурду, айрыкча окуп, билим алууга умтулган жаштардын турмушун чагылтат. «Урпактар үнү» (1969) роман-публицистикасы кыргыз интеллигенциясынын турмушун көркөм чагылткан жаңычыл чыгарма. «Даңкка жараша жүк» (1973) романынын өзөгүнө Социалисттик Эмгектин Баатыры Ракматалы Сартбаевдин жашоо-турмушу негиз болгон. «Болот калем» романы (1-китеби 1981; 2-китеби 1983), кыргыз элинин белгилүү жазгыч акындарынын бири, манасчы Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахманов) өмүр жолун, индивидуалдуу тарыхый жүзүн көркөм чагылдырууга арналган. Ошондой эле «Кайра жашарган өмүр» аттуу тарыхый драмасын, «Тайлак баатыр» (1998) повестин, «Тагдыр сырлары» (1998) аттуу макалалар, эскерүүлөр жыйнагын жараткан. Бейшеналиев драматург катары да таанымал болгон. Анын «Уядан учкандар» (1955), «Тоо ханшасы» (1962), «Тоо койнундагы гүл», «Мейман», «Кайра жашарган өмүр», «Дос», «Уста жана шакирттер», «Бойдоктор» сыяктуу ондогон пьесалары бар. Л. Толстой, М. Шолохов, К. Фединдин аңгемелерин, А. П. Чеховдун ж-а Г. Ибсендин пьесаларын кыргыз тилине которгон. Анын «Кычан», «Мүйүздүү козу», «Сүзөнөөк козу», «Ак тайлак» ж. б. бир катар чыгармалары орус, англис, араб, хинди, француз, болгар, испан, бенгал, перс, урду, малай, пенжаб тилдеринде жарык көргөн.
Ад.: Абдраимов Ж. Чыгармадагы турмуш. Адабий сын макалалар, рецензиялар. Ф., 1981; Артыкбаев К. Мезгил элестери. Ф., 1988; Асаналиев К. Көркөм нарк. Ф., 1988; Давыдова Т. Т. Современная киргизская повесть. Ф., 1989; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 1–2-т. Ф., 1987, 1990; Түлөгабылов М. Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы. Б., 1991; Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7-т. Б., 2002.
Д. Андашев.