БЕЙШЕНАЛИЕВ Шүкүрбек: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЕЙШЕНАЛИЕВ''' Шүкүрбек (25. 10. 1928, Нарын
'''БЕЙШЕНАЛИЕВ''' '''Шүкүрбек''' (25. 10. 1928, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Куртка кыштагы – 22. 5. 2000, Бишкек) – жазуучу, драматург, публицист, Кыр­гыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин искусст­восуна эмгек сиңирген ишмер (1974), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1982). Бейшеналиев 1943-жылы Нарын шаарында ачылган алты айлык мугалимдер кур­сунда окуп, орто мектепте мугалим, директор болуп иштеген.  
обл., Акталаа р-ну, Куртка кыш. – 22. 5. 2000, Бишкек) – жазуучу, драматург, публицист, Кыр­гыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин иск­восуна эмг. сиң. ишмер (1974), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1982). Б. 1943-ж. Нарын ш-нда ачылган алты айлык мугалимдер кур­сунда окуп, орто мектепте мугалим, директор болуп иштеген.  
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВ7.png | thumb | none]]

Нарын пед. окуу жайын (1946), КМУнун филология ф-тин (1952) бүт­көн. 1952–53-ж. СССР ИА-
Нарын педагогикалык окуу жайын (1946), КМУнун филология факультетин (1952) бүт­көн. 1952–53-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалынын тил, адабият ж-а тарых ин­ститутунда илимий кызматкер, «Жаш ленинчи» журналына редак­тор (1953), Кыргызстан ЛКЖС БКнын секретары (1954), «Ленинчил жаш» гезитинин редактору (1956–59) болуп иштеген. 1962–64-жылдарда СССР жазуучулар союзунун алдындагы жогор­ку адабий курсту бүтүргөндөн кийин Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, чет өлкөлөр м-н достук ж-а маданий байланыштын Кыргызстан­дагы коомунун президиумунун төрагасынын орун басары ж-а төрагасы болгон. Бейшеналиевдин чыгармачылы­гынын башталышы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келген. Анын 12–13 жашында фронтко жылуу кийим камдагандар тууралуу алгачкы чакан макаласы 1941-жылы «Колхозчу» аттуу райондук гезитке жарыяланган. 1950- жылдардан «Чыныгы достук», «Алкыш», «Кы­чан» сыяктуу прозалык чыгармаларды жара­тып, балдар жазуучусу катары таанылган. «Чы­ныгы достук» повести (1950) балдарга арналган чыгармалардын республикалык конкурсунда 1-сыйлыкка та­тыктуу болгон. Кийин «Ак тайлак», «Табыш­макчы Чынара», «Чабалекей», «Тоо ханшасы», «Сарыбайдын уулу», «Сүзөнөөк козу» аңгемелери жарык көргөн. Бейшеналиевди жаш окурмандарга таа­ныткан «Мүйүздүү козу» аттуу повести болду. 1976-жылы повестке эл аралык Андерсен атындагы сыйлык, 1982-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Ал дүйнө элдеринин 40тан ашуун тилине которулган. Жазуучу бөбөктөрдүн көркөм дүйнөсүн, психологиясын, аларды тол­кунданткан ойлорду мыкты сезе билген. Бейшеналиев – чет элдик бөбөктөрдүн турмушун сүрөттөгөн «Ат жалында секелек», «Даниялык дептерден» ат­туу чыгармалардын автору. 1953-жылы жарык көргөн «Алкыш» повестинин башкы каарман­дары – мектеп курагындагы балдар. Алардын ичинен Абдылас – мезгил талабына ылайык төрт тарабы келишкен идеалдуу каарман. Ав­тор аны жигердүү, демилгелүү, өз теңтушта­рынан турмуштук зарылдыктарды эрте айыр­малоого акылы жеткен өспүрүм катары көрсө­төт. «Кычан» повести жарыкка чыгары (1956) м-н эле коомчулуктун назарына түшүп, бүткүл союздук адабий аренада ийгиликке жетишип, окурмандар м-н сынчылар арасында оң баага татыктуу болгон. Повесть СССР элдеринин тил­дерине которулуп, жазуучунун ысмын союздук масштабга тааныткан. Бул чыгармага автор экинчи жолу кайрылып, 1967-жылы аны бир топ алымча-кошумчалар м-н жарыялаган. «Карлы­гач» (1959) повестиндеги жаш кыздын айыл чарбасында калуу демилгеси кийин коомчулук тарабынан иштиктүү ой катары бааланып, массалык кый­мылга айланган. Балдар темасындагы чыгар­маларынын бири болгон «Аманат» повести (1975) алгач «Данакер» деген ат м-н 1969-жылы жарык көргөн. Повесттин сюжеттик өнүгүшүндө ж-а окуялардын чиеленишинде детективдик жанрдын айрым элементтери пайдаланылган. Бул повесттин негизинде 1979-ж. «Аманат» ат­туу көркөм фильм тартылган. «Кордун тукуму» (1965) повести 1960–70-жылдардагы повесть-экилтик, повесть-үчилтик сыяктуу көркөм про­цесстин башатын түзсө, «Болот калем», «Жара­ланбаган жаралуулар», «Тайлак баатыр» сыяк­туу чыгармаларында өткөн м-н бүгүнкүнүн ор­тосундагы байланышты таба билген. Бейшеналиевдин ро­ман жанрындагы чыйыры «Таалай жолунан» (1957) башталган (2-китеби 1962-ж. жарыкка чыккан). Роман согуштан кийинки учурду, ай­рыкча окуп, билим алууга умтулган жаштар­дын турмушун чагылтат. «Урпактар үнү» (1969) роман-публицистикасы кыргыз интеллиген­циясынын турмушун көркөм чагылткан жаңы­чыл чыгарма. «Даңкка жараша жүк» (1973) ро­манынын өзөгүнө Социалисттик Эмгектин Баатыры Ракмата­лы Сартбаевдин жашоо-турмушу негиз болгон. «Болот калем» романы (1-китеби 1981; 2-ките­би 1983), кыргыз элинин белгилүү жазгыч акын­дарынын бири, манасчы Тоголок Молдонун (Ба­йымбет Абдрахманов) өмүр жолун, индиви­дуалдуу тарыхый жүзүн көркөм чагылдырууга арналган. Ошондой эле «Кайра жашарган өмүр» аттуу тарыхый драмасын, «Тайлак баатыр» (1998) по­вестин, «Тагдыр сырлары» (1998) аттуу макала­лар, эскерүүлөр жыйнагын жараткан. Бейшеналиев дра­матург катары да таанымал болгон. Анын «Уядан учкандар» (1955), «Тоо ханшасы» (1962), «Тоо койнундагы гүл», «Мейман», «Кайра жа­шарган өмүр», «Дос», «Уста жана шакирттер», «Бойдоктор» сыяктуу ондогон пьесалары бар. Л. Толстой, М. Шолохов, К. Фединдин аңге­мелерин, А. П. Чеховдун ж-а Г. Ибсендин пье­саларын кыргыз тилине которгон. Анын «Кы­чан», «Мүйүздүү козу», «Сүзөнөөк козу», «Ак тайлак» ж. б. бир катар чыгармалары орус, англис, араб, хинди, француз, болгар, испан, бенгал, перс, урду, малай, пенжаб тилдеринде жарык көргөн.
нын Кыргыз филиалынын Тил, адабият ж-а тарых ин­тунда ил. кызматкер, «Жаш ленинчи» журналына редак­тор (1953), Кырг-н ЛКЖС БКнын секретары (1954),
«Ленинчил жаш» гезитинин
редактору (1956–59) болуп иштеген. 1962–64-ж. СССР жазуучулар союзунун алдындагы Жогор­ку адабий курсту бүтүргөндөн кийин ал Кырг-н жазуучулар союзунун секретары, Чет өлкөлөр м-н достук ж-а маданий байланыштын Кырг­ндагы коомунун президиумунун төрагасынын орунбасары ж-а төрагасы болгон. Б-дин чыг-лы­гынын башталышы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келген. Анын 12–13 жашында фронтко жылуу кийим камдангандар тууралуу алгачкы чакан макаласы 1941-ж. «Колхозчу» аттуу райондук гезитке жарыяланган. 1950- жылдардан «Чыныгы достук», «Алкыш», «Кы­чан» сыяктуу прозалык чыгармаларды жара­тып, балдар жазуучусу катары таанылган. «Чы­ныгы достук» повести (1950) балдарга арналган
чыгармалардын респ. конкурсунда 1-сыйл. та­тыктуу болгон. Кийин «Ак тайлак», «Табыш­макчы Чынара», «Чабалекей», «Тоо ханшасы»,
«Сарыбайдын уулу», «Сүзөнөөк козу» аңгемелери жарык көргөн. Б-ди жаш окурмандарга таа­ныткан «Мүйүздүү козу» аттуу повести болду. 1976-ж. повестке эларалык Андерсен атн. сыйл., 1982-ж. Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. ыйгарылган. Ал дүйнө элдеринин 40тан ашуун тилине которулган. Жазуучу бөбөктөрдүн көркөм дүйнөсүн, психологиясын, аларды тол­кунданткан ойлорду мыкты сезе билген. Б.
чет элдик бөбөктөрдүн турмушун сүрөттөгөн «Ат
жалында секелек», «Даниялык дептерден» ат­туу чыгармалардын автору. 1953-ж. жарык көргөн «Алкыш» повестинин башкы каарман­дары – мектеп курагындагы балдар. Алардын ичинен Абдылас – мезгил талабына ылайык төрт тарабы келишкен идеалдуу каарман. Ав­тор аны жигердүү, демилгелүү, өз теңтушта­рынан турмуштук зарылдыктарды эрте айыр­малоого акылы жеткен өспүрүм катары көрсө­төт. «Кычан» повести жарыкка чыгары (1956) м-н эле коомчулуктун назарына түшүп, бүткүл союздук адабий аренада ийгиликке жетишип, окурмандар м-н сынчылар арасында оң баага татыктуу болгон. Повесть СССР элдеринин тил­дерине которулуп, жазуучунун ысмын союздук масштабга тааныткан. Бул чыгармага автор экинчи жолу кайрылып, 1967-ж. аны бир топ алымча-кошумчалар м-н жарыялаган. «Карлы­гач» (1959) повестиндеги жаш кыздын а. ч-нда калуу демилгеси кийин коомчулук тарабынан иштиктүү ой катары бааланып, массалык кый­мылга айланган. Балдар темасындагы чыгар­маларынын бири болгон «Аманат» повести (1975) алгач «Данакер» деген ат м-н 1969-ж. жарык көргөн. Повесттин сюжеттик өнүгүшүндө ж-а окуялардын чиеленишинде детективдик жанрдын айрым элементтери пайдаланылган. Бул повесттин негизинде 1979-ж. «Аманат» ат­туу көркөм фильм тартылган. «Кордун тукуму» (1965) повести 1960–70-жылдардагы повесть-
 
экилтик, повесть-үчилтик сыяктуу көркөм про­цесстин башатын түзсө, «Болот калем», «Жара­ланбаган жаралуулар», «Тайлак баатыр» сыяк­туу чыгармаларында өткөн м-н бүгүнкүнүн ор­тосундагы байланышты таба билген. Б-дин ро­ман жанрындагы чыйыры «Таалай жолунан» (1957) башталган (2-китеби 1962-ж. жарыкка
чыккан). Роман согуштан кийинки учурду, ай­рыкча окуп, билим алууга умтулган жаштар­дын турмушун чагылтат. «Урпактар үнү» (1969) роман-публицистикасы кыргыз интеллиген­циясынын турмушун көркөм чагылткан жаңы­чыл чыгарма. «Даңкка жараша жүк» (1973) ро­манынын өзөгүнө Соц. Эмг. Баатыры Ракмата­лы Сартбаевдин жашоо-турмушу негиз болгон.
«Болот калем» романы (1-китеби 1981; 2-ките­би 1983), кыргыз элинин белгилүү жазгыч акын­дарынын бири, манасчы Тоголок Молдонун (Ба­йымбет Абдрахманов) өмүр жолун, индиви­дуалдуу тарыхый жүзүн көркөм чагылдырууга арналган. О. эле «Кайра жашарган өмүр» аттуу тарыхый драмасын, «Тайлак баатыр» (1998) по­вестин, «Тагдыр сырлары» (1998) аттуу макала­лар, эскерүүлөр жыйнагын жараткан. Б. дра­матург катары да таанымал болгон. Анын
«Уядан учкандар» (1955), «Тоо ханшасы» (1962),
«Тоо койнундагы гүл», «Мейман», «Кайра жа­шарган өмүр», «Дос», «Уста жана шакирттер»,
«Бойдоктор» сыяктуу ондогон пьесалары бар.
Л. Толстой, М. Шолохов, К. Фединдин аңге­мелерин, А. П. Чеховдун ж-а Г. Ибсендин пье­саларын кыргыз тилине которгон. Анын «Кы­чан», «Мүйүздүү козу», «Сүзөнөөк козу», «Ак
тайлак» ж. б. бир катар чыгармалары орус, англис, араб, хинди, француз, болгар, испан, бенгал, перс, урду, малай, пенжаб тилдеринде жарык көргөн.

Ад.: ''Абдраимов Ж.'' Чыгармадагы турмуш. Адабий сын макалалар, рецензиялар. Ф., 1981; ''Артыкбаев К.'' Мезгил элестери. Ф., 1988; ''Асаналиев К.'' Көркөм нарк. Ф., 1988; ''Давыдова Т. Т.'' Современная киргизская повесть. Ф., 1989; Кыргыз совет адабиятынын тары­хы. 1–2-т. Ф., 1987, 1990; ''Түлөгабылов М.'' Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы. Б., 1991; Кыргыз ада­биятынын тарыхы. 7-т. Б., 2002.  

<p align='right'>''Д. Андашев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]]

09:38, 4 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БЕЙШЕНАЛИЕВ Шүкүрбек (25. 10. 1928, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Куртка кыштагы – 22. 5. 2000, Бишкек) – жазуучу, драматург, публицист, Кыр­гыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин искусст­восуна эмгек сиңирген ишмер (1974), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1982). Бейшеналиев 1943-жылы Нарын шаарында ачылган алты айлык мугалимдер кур­сунда окуп, орто мектепте мугалим, директор болуп иштеген.

Нарын педагогикалык окуу жайын (1946), КМУнун филология факультетин (1952) бүт­көн. 1952–53-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалынын тил, адабият ж-а тарых ин­ститутунда илимий кызматкер, «Жаш ленинчи» журналына редак­тор (1953), Кыргызстан ЛКЖС БКнын секретары (1954), «Ленинчил жаш» гезитинин редактору (1956–59) болуп иштеген. 1962–64-жылдарда СССР жазуучулар союзунун алдындагы жогор­ку адабий курсту бүтүргөндөн кийин Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, чет өлкөлөр м-н достук ж-а маданий байланыштын Кыргызстан­дагы коомунун президиумунун төрагасынын орун басары ж-а төрагасы болгон. Бейшеналиевдин чыгармачылы­гынын башталышы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келген. Анын 12–13 жашында фронтко жылуу кийим камдагандар тууралуу алгачкы чакан макаласы 1941-жылы «Колхозчу» аттуу райондук гезитке жарыяланган. 1950- жылдардан «Чыныгы достук», «Алкыш», «Кы­чан» сыяктуу прозалык чыгармаларды жара­тып, балдар жазуучусу катары таанылган. «Чы­ныгы достук» повести (1950) балдарга арналган чыгармалардын республикалык конкурсунда 1-сыйлыкка та­тыктуу болгон. Кийин «Ак тайлак», «Табыш­макчы Чынара», «Чабалекей», «Тоо ханшасы», «Сарыбайдын уулу», «Сүзөнөөк козу» аңгемелери жарык көргөн. Бейшеналиевди жаш окурмандарга таа­ныткан «Мүйүздүү козу» аттуу повести болду. 1976-жылы повестке эл аралык Андерсен атындагы сыйлык, 1982-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Ал дүйнө элдеринин 40тан ашуун тилине которулган. Жазуучу бөбөктөрдүн көркөм дүйнөсүн, психологиясын, аларды тол­кунданткан ойлорду мыкты сезе билген. Бейшеналиев – чет элдик бөбөктөрдүн турмушун сүрөттөгөн «Ат жалында секелек», «Даниялык дептерден» ат­туу чыгармалардын автору. 1953-жылы жарык көргөн «Алкыш» повестинин башкы каарман­дары – мектеп курагындагы балдар. Алардын ичинен Абдылас – мезгил талабына ылайык төрт тарабы келишкен идеалдуу каарман. Ав­тор аны жигердүү, демилгелүү, өз теңтушта­рынан турмуштук зарылдыктарды эрте айыр­малоого акылы жеткен өспүрүм катары көрсө­төт. «Кычан» повести жарыкка чыгары (1956) м-н эле коомчулуктун назарына түшүп, бүткүл союздук адабий аренада ийгиликке жетишип, окурмандар м-н сынчылар арасында оң баага татыктуу болгон. Повесть СССР элдеринин тил­дерине которулуп, жазуучунун ысмын союздук масштабга тааныткан. Бул чыгармага автор экинчи жолу кайрылып, 1967-жылы аны бир топ алымча-кошумчалар м-н жарыялаган. «Карлы­гач» (1959) повестиндеги жаш кыздын айыл чарбасында калуу демилгеси кийин коомчулук тарабынан иштиктүү ой катары бааланып, массалык кый­мылга айланган. Балдар темасындагы чыгар­маларынын бири болгон «Аманат» повести (1975) алгач «Данакер» деген ат м-н 1969-жылы жарык көргөн. Повесттин сюжеттик өнүгүшүндө ж-а окуялардын чиеленишинде детективдик жанрдын айрым элементтери пайдаланылган. Бул повесттин негизинде 1979-ж. «Аманат» ат­туу көркөм фильм тартылган. «Кордун тукуму» (1965) повести 1960–70-жылдардагы повесть-экилтик, повесть-үчилтик сыяктуу көркөм про­цесстин башатын түзсө, «Болот калем», «Жара­ланбаган жаралуулар», «Тайлак баатыр» сыяк­туу чыгармаларында өткөн м-н бүгүнкүнүн ор­тосундагы байланышты таба билген. Бейшеналиевдин ро­ман жанрындагы чыйыры «Таалай жолунан» (1957) башталган (2-китеби 1962-ж. жарыкка чыккан). Роман согуштан кийинки учурду, ай­рыкча окуп, билим алууга умтулган жаштар­дын турмушун чагылтат. «Урпактар үнү» (1969) роман-публицистикасы кыргыз интеллиген­циясынын турмушун көркөм чагылткан жаңы­чыл чыгарма. «Даңкка жараша жүк» (1973) ро­манынын өзөгүнө Социалисттик Эмгектин Баатыры Ракмата­лы Сартбаевдин жашоо-турмушу негиз болгон. «Болот калем» романы (1-китеби 1981; 2-ките­би 1983), кыргыз элинин белгилүү жазгыч акын­дарынын бири, манасчы Тоголок Молдонун (Ба­йымбет Абдрахманов) өмүр жолун, индиви­дуалдуу тарыхый жүзүн көркөм чагылдырууга арналган. Ошондой эле «Кайра жашарган өмүр» аттуу тарыхый драмасын, «Тайлак баатыр» (1998) по­вестин, «Тагдыр сырлары» (1998) аттуу макала­лар, эскерүүлөр жыйнагын жараткан. Бейшеналиев дра­матург катары да таанымал болгон. Анын «Уядан учкандар» (1955), «Тоо ханшасы» (1962), «Тоо койнундагы гүл», «Мейман», «Кайра жа­шарган өмүр», «Дос», «Уста жана шакирттер», «Бойдоктор» сыяктуу ондогон пьесалары бар. Л. Толстой, М. Шолохов, К. Фединдин аңге­мелерин, А. П. Чеховдун ж-а Г. Ибсендин пье­саларын кыргыз тилине которгон. Анын «Кы­чан», «Мүйүздүү козу», «Сүзөнөөк козу», «Ак тайлак» ж. б. бир катар чыгармалары орус, англис, араб, хинди, француз, болгар, испан, бенгал, перс, урду, малай, пенжаб тилдеринде жарык көргөн.

Ад.: Абдраимов Ж. Чыгармадагы турмуш. Адабий сын макалалар, рецензиялар. Ф., 1981; Артыкбаев К. Мезгил элестери. Ф., 1988; Асаналиев К. Көркөм нарк. Ф., 1988; Давыдова Т. Т. Современная киргизская повесть. Ф., 1989; Кыргыз совет адабиятынын тары­хы. 1–2-т. Ф., 1987, 1990; Түлөгабылов М. Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы. Б., 1991; Кыргыз ада­биятынын тарыхы. 7-т. Б., 2002.

Д. Андашев.