БЕК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЕК''' , б е й, б и й (түрк. – бийлөөчү, төрө; эмир дегендин синоними) – 1) Жакынкы ж-а Ортоң­ку Чыгыш өлкөлөрүндө ак сөөктөрдүн, О. Азия ж-а Закавказье аймактарында о. кылымдарда ж-а жаңы доордо жер ээлеринин титулу. 2) Түр­кияда 19-к-дын экинчи жарымынан 1934-жыл­га чейин бийик мансаптууларга кайрылуунун бир түрү. 3) Тунис өлкөсүндө 1705–1957-ж. баш­каруучу. Б. Борб. Азияда ''Түрк кагандыгы'' доо­рунан белгилүү. Ал мезгилде Б-тер сот бийли­гинде, салык жыйноочу ж. б. кызматтарды ат­карган, о. эле кээде аймак башкаруучу, кээде уруу башчысы катары да болгон. ''Караханиддер мамлекетинде'' да кагандан кийинки бийлик төбөлдөрү Б-тердин арасынан чыккан. Чынгыз­хандын аскер башчылары да Б. деп аталган. ''Алтын Ордонун'' ханы мусулман динин кабыл алган монгол нойондоруна Б. титулун берген. Амир Темирдин тушунда аскер башчылар ара­сынан колбашчы дайындалып, мындай даража­га ээ болгон Б-ке аскердик туу, аскер башчы­нын асабасы салтанаттуу тапшырылган. Алар­га аткарган кызматына, даражасына жараша улустар, аймактар бөлүнүп берилген. О. Азия мамлекеттеринде 1917-жылга чейин ''аталык­тан'' кийинки кызмат даража катары саналган. Кырг-нда Кокон хандыгынын тушунда Б. хан тарабынан дайындалып, бир вилайетти башка­рып турган. Ал түздөн-түз ханга баш ийип, ви-
'''БЕК''' , б е й, б и й (түрк. – бийлөөчү, төрө; эмир дегендин синоними) – 1) Жакынкы ж-а Ортоң­ку Чыгыш өлкөлөрүндө ак сөөктөрдүн, Орто Азия ж-а Закавказье аймактарында орто кылымдарда ж-а жаңы доордо жер ээлеринин титулу. 2) Түр­кияда 19-кылымдын экинчи жарымынан 1934-жыл­га чейин бийик мансаптууларга кайрылуунун бир түрү. 3) Тунис өлкөсүндө 1705–1957-жылдарда баш­каруучу. Бек Борбордук Азияда ''Түрк кагандыгы'' доо­рунан белгилүү. Ал мезгилде Бектер сот бийли­гинде, салык жыйноочу ж. б. кызматтарды ат­карган, ошондой эле кээде аймак башкаруучу, кээде уруу башчысы катары да болгон. ''Караханиддер мамлекетинде'' да кагандан кийинки бийлик төбөлдөрү Бектердин арасынан чыккан. Чынгыз­хандын аскер башчылары да Бек деп аталган. ''Алтын Ордонун'' ханы мусулман динин кабыл алган монгол нойондоруна Бек титулун берген. Амир Темирдин тушунда аскер башчылар ара­сынан колбашчы дайындалып, мындай даража­га ээ болгон Бекке аскердик туу, аскер башчы­нын асабасы салтанаттуу тапшырылган. Алар­га аткарган кызматына, даражасына жараша улустар, аймактар бөлүнүп берилген. Орто Азия мамлекеттеринде 1917-жылга чейин ''аталык­тан'' кийинки кызмат даража катары саналган. Кыргызстанда Кокон хандыгынын тушунда Бек хан тарабынан дайындалып, бир вилайетти башка­рып турган. Ал түздөн-түз ханга баш ийип, вилайетте бийликти өз колунда кармап, элден алык-салык жыйнатып, хандын казынасына өт­көргөн, хандын аскерине толуктоо жиберип, өз вилайетиндеги жоокерлерге башчылык кылган. Кыргыз Бектеринин бир катары Кокон хандыгы­нын тиреги болуп келишкен. Мансаптан ажы­раса деле аларда Бек наамы сакталып калган.
 
[[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 
лайетте бийликти өз колунда кармап, элден алык-салык жыйнатып, хандын казынасына өт­көргөн, хандын аскерине толуктоо жиберип, өз вилайетиндеги жоокерлерге башчылык кылган. Кыргыз Б-теринин бир катары Кокон хандыгы­нын тиреги болуп келишкен. Мансаптан ажы­раса деле аларда Б. наамы сакталып калган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 

05:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕК , б е й, б и й (түрк. – бийлөөчү, төрө; эмир дегендин синоними) – 1) Жакынкы ж-а Ортоң­ку Чыгыш өлкөлөрүндө ак сөөктөрдүн, Орто Азия ж-а Закавказье аймактарында орто кылымдарда ж-а жаңы доордо жер ээлеринин титулу. 2) Түр­кияда 19-кылымдын экинчи жарымынан 1934-жыл­га чейин бийик мансаптууларга кайрылуунун бир түрү. 3) Тунис өлкөсүндө 1705–1957-жылдарда баш­каруучу. Бек Борбордук Азияда Түрк кагандыгы доо­рунан белгилүү. Ал мезгилде Бектер сот бийли­гинде, салык жыйноочу ж. б. кызматтарды ат­карган, ошондой эле кээде аймак башкаруучу, кээде уруу башчысы катары да болгон. Караханиддер мамлекетинде да кагандан кийинки бийлик төбөлдөрү Бектердин арасынан чыккан. Чынгыз­хандын аскер башчылары да Бек деп аталган. Алтын Ордонун ханы мусулман динин кабыл алган монгол нойондоруна Бек титулун берген. Амир Темирдин тушунда аскер башчылар ара­сынан колбашчы дайындалып, мындай даража­га ээ болгон Бекке аскердик туу, аскер башчы­нын асабасы салтанаттуу тапшырылган. Алар­га аткарган кызматына, даражасына жараша улустар, аймактар бөлүнүп берилген. Орто Азия мамлекеттеринде 1917-жылга чейин аталык­тан кийинки кызмат даража катары саналган. Кыргызстанда Кокон хандыгынын тушунда Бек хан тарабынан дайындалып, бир вилайетти башка­рып турган. Ал түздөн-түз ханга баш ийип, вилайетте бийликти өз колунда кармап, элден алык-салык жыйнатып, хандын казынасына өт­көргөн, хандын аскерине толуктоо жиберип, өз вилайетиндеги жоокерлерге башчылык кылган. Кыргыз Бектеринин бир катары Кокон хандыгы­нын тиреги болуп келишкен. Мансаптан ажы­раса деле аларда Бек наамы сакталып калган.