БЕКТАШИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЕКТАШИЯ''' , б е к т а ш т а р – дербиштердин ордени ж-а бул ордендин мүчөлөрү. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, ортоазия­лык календер кожо Бекташ Вали Нишапури Хо­расани (1208–70) тарабынан негизделген. Кичи Азияда 13-к-дын аягы – 14-к-дын башында ал­гач жерг. көчмөн ж-а отурукташкан түрк элде­ринде пайда болуп, кийин Түркия ж-а Балкан­га кеңири тараган. Б-нын диний ишенимдери, ырым-жырымдары ислам (негизинен шииттик) ж-а христианчылыктын айрым элементтеринен куралган. 19-к-га чейин Түркияда Б-нын тааси­ри зор болгон. Анткени бекташтар ''янычарлар'' м-н тыгыз байланышта болгон. 1826-ж. султан Махмуд II ордендин ишине тыюу салганына ка­рабастан, 19-к-дын ортосунда алардын иш-ара­кети жандана баштаган. 1925-ж. Түркия өкмөтү тарабынан өлкөдөгү бардык дербиштик орден­дер жоюлган. Учурда анын борбору Албанияда орун алган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
'''БЕКТАШИЯ''' , б е к т а ш т а р – дербиштердин ордени жана бул ордендин мүчөлөрү. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, орто азия­лык календер кожо Бекташ Вали Нишапури Хо­расани (1208–1270) тарабынан негизделген. Кичи Азияда XIII кылымдын аягы – XIV-кылымдын башында ал­гач жергиликтүү көчмөн жана отурукташкан түрк элде­ринде пайда болуп, кийин Түркия жана Балкан­га кеңири тараган. Бекташиянын диний ишенимдери, ырым-жырымдары ислам (негизинен шииттик) жана христианчылыктын айрым элементтеринен куралган. XIX кылымга чейин Түркияда Бекташиянын тааси­ри зор болгон. Анткени бекташтар ''янычарлар'' менен тыгыз байланышта болгон. 1826-жылы султан Махмуд II ордендин ишине тыюу салганына ка­рабастан, XIX кылымдын ортосунда алардын иш-ара­кети жандана баштаган. 1925-жылы Түркия өкмөтү тарабынан өлкөдөгү бардык дербиштик орден­дер жоюлган. Учурда анын борбору Албанияда орун алган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 

06:25, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕКТАШИЯ , б е к т а ш т а р – дербиштердин ордени жана бул ордендин мүчөлөрү. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, орто азия­лык календер кожо Бекташ Вали Нишапури Хо­расани (1208–1270) тарабынан негизделген. Кичи Азияда XIII кылымдын аягы – XIV-кылымдын башында ал­гач жергиликтүү көчмөн жана отурукташкан түрк элде­ринде пайда болуп, кийин Түркия жана Балкан­га кеңири тараган. Бекташиянын диний ишенимдери, ырым-жырымдары ислам (негизинен шииттик) жана христианчылыктын айрым элементтеринен куралган. XIX кылымга чейин Түркияда Бекташиянын тааси­ри зор болгон. Анткени бекташтар янычарлар менен тыгыз байланышта болгон. 1826-жылы султан Махмуд II ордендин ишине тыюу салганына ка­рабастан, XIX кылымдын ортосунда алардын иш-ара­кети жандана баштаган. 1925-жылы Түркия өкмөтү тарабынан өлкөдөгү бардык дербиштик орден­дер жоюлган. Учурда анын борбору Албанияда орун алган.