БЕЛАРУСТАР: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЛАРУСТАР''' – улут, Беларусь | '''БЕЛАРУСТАР''' – улут, Беларусь Республикасынын не­гизги калкы. Россия, Литва, Эстония, Украи­на, Казакстан, Польша, АКШ, Канада, Аргенти­на, Австралия, Улуу Британия, Франция ж. б­. жашашат. Жалпы саны 10 млн киши, анын ичинде 7904,6 миңи Беларуссияда (2000). Беларусь ти­линде сүйлөшөт, орус, поляк, литва тилдери да кеңири таралган. Дини – православие, ошондой эле 25% католиктер. | ||
[[File:БЕЛАРУСТАР35.png | thumb | none]] | [[File:БЕЛАРУСТАР35.png | thumb | none]] | ||
Беларустар орус ж-а украиндер м-н бирге чыгыш славяндар катары эсептелет. Беларустардын эт­ностук негизин чыгыш славян уруулары – дре­гович, кривич, радимич, древлян, северян, во­лыняндар түзгөн. 9-кылымда алар башка тектеш уруулар м-н бирге Киев Русунун курамына кир­ген да, байыркы орус эли болуп калыптанган. Феодалдык бытырандылыктан тартып 18-кылымга чейин Беларуссиянын жери Улуу Литва княз­дыгына (13–14-кылымдар), Речь Посполитага (16-кылым) караган. 16-кылымда беларусь эли негизинен калып­танып бүткөн. Польша бөлүштүрүлгөндөн ки­йин (18-кылым) Россиянын курамына кошулуп, 19- кылымдын аягында Беларустар улут катары түзүлгөн. Беларустар не­гизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, бал­чылык м-н кесиптенишкен. Эркектери тизеси­не жеткен көйнөк, чыптама (камизелька), ке­нен шым, башына «брыль» (чий калпак), «ма­герка» (кийиз калпак), кышында «аблавуха» (тери, тон) кийип, түстүү жүн жиптен өрүлүп, учтары чачыланган кур байланат. Эркектердин кемсели ак түстө, жакасы ж-а этеги саймала­нып, көркөмдөлүп кооздолот. Аялдары «анда­рак» аталган юбка ж-а чыптама (гарсет) кий­ип, сыртынан саймаланган алжапкыч тагынып, түрдүү курларды байланган. Тамак-ашы неги­зинен ун, эт, сүт, жашылча-жемиш азыктары­нан даярдалып, анын ичинде картошкадан 200дөн ашык тамактын түрү, суусундук катары жемиштин ширеси, квас, чай, какао, кофе кеңири колдо­нулат.Беларустардын өкүлдөрү Кыргызстанда да жашашат. 1950– 80-жылдарда Кыргызстанга 13 миңге жакын Беларустар келип оту­рукташкан. Кыргызстанда жашаган Беларустардын басым­дуу көпчүлүгү өз эне тилин орус тили деп эсеп­тешкен. 1999-жылы Чүй облусу ж-а Бишкекте жа­шаган 2701 беларустун 582и гана беларус ти­лин өз эне тили катары түшүнүшкөн. СССР ку­лагандан кийин (1991-ж.) ар кандай себептер м-н Кыргызстандагы Беларустардын 78,6%и Беларуссияга кетишкен. 1992-жылы Минскиде өткөрүлгөн Беларустардын 1-съездинен кийин (Кыргызстандан да делегаттар катышкан) Кыргызстандагы Беларустардын «Свитанок» (1993) коомдук бирикмеси түзүлгөн. Ал Беларустардын маданиятын сактоо ж-а жайылтуу, Кыргызстанда­гы Беларусь Республикасынын элчилигинин кызмат­керлери, согуш ж-а эмгек ардагерлери, Черно­быль авариясын жоюуга катышкандар, бела­рус этносунун чыгармачыл өкүлдөрү м-н жо­лугушуу, беларус жаштарына эне тилин, улут­тук үрп-адатын, салтын, улуттук тамак-ашта­рын, фольклорун үйрөтүү, аларды колдоо, би­лим берүү иштерин жүргүзөт. Жергиликтүү беларус ди­аспорасынын өкүлдөрү кышында Святки (Ка­ляды), жазында Масленица ж-а Пасха, жайкы­сын Троица (Семих, Семуха), Иванов күнү (Ку­палье), түшүм майрамдарын майрамдашып, Дзя­ды (маркумдарды эскерүү) күнүн өткөрүшөт. Учурда Кыргызстанда 3200дөн ашык беларус улуту­нун өкүлдөрү ар кайсы тармактарда эмгекте­нишүүдө. Улуттар аралык мамилелерди чың­доого кошкон салымы үчүн Кыргызстандагы Беларустардын «Свитанок» коомдук бирикмесинин Президен­ти А. С. Шут «Даңк» медалы м-н сыйланган (1999). | |||
чыгыш славяндар катары эсептелет. | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
чейин Беларуссиянын жери Улуу Литва княз­дыгына (13–14- | |||
караган. 16- | |||
«Свитанок» коомдук бирикмесинин Президен­ти А. С. Шут «Даңк» медалы м-н сыйланган (1999). [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
04:23, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕЛАРУСТАР – улут, Беларусь Республикасынын негизги калкы. Россия, Литва, Эстония, Украина, Казакстан, Польша, АКШ, Канада, Аргентина, Австралия, Улуу Британия, Франция ж. б. жашашат. Жалпы саны 10 млн киши, анын ичинде 7904,6 миңи Беларуссияда (2000). Беларусь тилинде сүйлөшөт, орус, поляк, литва тилдери да кеңири таралган. Дини – православие, ошондой эле 25% католиктер.

Беларустар орус ж-а украиндер м-н бирге чыгыш славяндар катары эсептелет. Беларустардын этностук негизин чыгыш славян уруулары – дрегович, кривич, радимич, древлян, северян, волыняндар түзгөн. 9-кылымда алар башка тектеш уруулар м-н бирге Киев Русунун курамына кирген да, байыркы орус эли болуп калыптанган. Феодалдык бытырандылыктан тартып 18-кылымга чейин Беларуссиянын жери Улуу Литва княздыгына (13–14-кылымдар), Речь Посполитага (16-кылым) караган. 16-кылымда беларусь эли негизинен калыптанып бүткөн. Польша бөлүштүрүлгөндөн кийин (18-кылым) Россиянын курамына кошулуп, 19- кылымдын аягында Беларустар улут катары түзүлгөн. Беларустар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балчылык м-н кесиптенишкен. Эркектери тизесине жеткен көйнөк, чыптама (камизелька), кенен шым, башына «брыль» (чий калпак), «магерка» (кийиз калпак), кышында «аблавуха» (тери, тон) кийип, түстүү жүн жиптен өрүлүп, учтары чачыланган кур байланат. Эркектердин кемсели ак түстө, жакасы ж-а этеги саймаланып, көркөмдөлүп кооздолот. Аялдары «андарак» аталган юбка ж-а чыптама (гарсет) кийип, сыртынан саймаланган алжапкыч тагынып, түрдүү курларды байланган. Тамак-ашы негизинен ун, эт, сүт, жашылча-жемиш азыктарынан даярдалып, анын ичинде картошкадан 200дөн ашык тамактын түрү, суусундук катары жемиштин ширеси, квас, чай, какао, кофе кеңири колдонулат.Беларустардын өкүлдөрү Кыргызстанда да жашашат. 1950– 80-жылдарда Кыргызстанга 13 миңге жакын Беларустар келип отурукташкан. Кыргызстанда жашаган Беларустардын басымдуу көпчүлүгү өз эне тилин орус тили деп эсептешкен. 1999-жылы Чүй облусу ж-а Бишкекте жашаган 2701 беларустун 582и гана беларус тилин өз эне тили катары түшүнүшкөн. СССР кулагандан кийин (1991-ж.) ар кандай себептер м-н Кыргызстандагы Беларустардын 78,6%и Беларуссияга кетишкен. 1992-жылы Минскиде өткөрүлгөн Беларустардын 1-съездинен кийин (Кыргызстандан да делегаттар катышкан) Кыргызстандагы Беларустардын «Свитанок» (1993) коомдук бирикмеси түзүлгөн. Ал Беларустардын маданиятын сактоо ж-а жайылтуу, Кыргызстандагы Беларусь Республикасынын элчилигинин кызматкерлери, согуш ж-а эмгек ардагерлери, Чернобыль авариясын жоюуга катышкандар, беларус этносунун чыгармачыл өкүлдөрү м-н жолугушуу, беларус жаштарына эне тилин, улуттук үрп-адатын, салтын, улуттук тамак-аштарын, фольклорун үйрөтүү, аларды колдоо, билим берүү иштерин жүргүзөт. Жергиликтүү беларус диаспорасынын өкүлдөрү кышында Святки (Каляды), жазында Масленица ж-а Пасха, жайкысын Троица (Семих, Семуха), Иванов күнү (Купалье), түшүм майрамдарын майрамдашып, Дзяды (маркумдарды эскерүү) күнүн өткөрүшөт. Учурда Кыргызстанда 3200дөн ашык беларус улутунун өкүлдөрү ар кайсы тармактарда эмгектенишүүдө. Улуттар аралык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн Кыргызстандагы Беларустардын «Свитанок» коомдук бирикмесинин Президенти А. С. Шут «Даңк» медалы м-н сыйланган (1999).