БЕЛГРАД КОНФЕРЕНЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЛГРА́Д КОНФЕРЕНЦИЯСЫ''' 1961- | '''БЕЛГРА́Д КОНФЕРЕНЦИЯСЫ''' 1961-жылы 1–6-сен­тябрда Югославия, Индия, Индонезия, Египет ж-а Гана мамлекеттеринин демилгеси м-н Юго­славияда өткөн. Ага Алжир, Афганстан, Бир­ма, Гана, Гвинея, Индия, Индонезия, Ирак, Йемен, Камбожа, Кипр, Конго, Куба, Ливан, Мали, Марокко, Непал, Египет, Сауд Аравия­сы, Сомали, Судан, Тунис, Цейлон, Эфиопия, Югославия катышкан. Боливия, Бразилия ж-а Эквадор өкүлдөрү байкоочу болушкан. Конфе­ренция колониализмди биротоло жоюу, жал­пы ж-а толук куралсыздануу, коомдук-саясий түзүлүшү ар түрдүү мамлекеттердин тынчтык­та жанаша жашоосу, БУУнун ролу ж-а структу­расы жөнүндөгү маселелерди талкуулаган; согуштук­-саясий блокторго кошулбаган мамлекеттердин мамлекет ж-а өкмөт башчыларынын согуш кор­кунучу жөнүндө билдирүүсү м-н тынчтыкка үндөөсү ж-а Декларациясы кабыл алынган. Бул доку­менттерде согуштук-саясий блокторго кошулбоо саясатынын принциптери аныкталган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
05:48, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕЛГРА́Д КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1961-жылы 1–6-сентябрда Югославия, Индия, Индонезия, Египет ж-а Гана мамлекеттеринин демилгеси м-н Югославияда өткөн. Ага Алжир, Афганстан, Бирма, Гана, Гвинея, Индия, Индонезия, Ирак, Йемен, Камбожа, Кипр, Конго, Куба, Ливан, Мали, Марокко, Непал, Египет, Сауд Аравиясы, Сомали, Судан, Тунис, Цейлон, Эфиопия, Югославия катышкан. Боливия, Бразилия ж-а Эквадор өкүлдөрү байкоочу болушкан. Конференция колониализмди биротоло жоюу, жалпы ж-а толук куралсыздануу, коомдук-саясий түзүлүшү ар түрдүү мамлекеттердин тынчтыкта жанаша жашоосу, БУУнун ролу ж-а структурасы жөнүндөгү маселелерди талкуулаган; согуштук-саясий блокторго кошулбаган мамлекеттердин мамлекет ж-а өкмөт башчыларынын согуш коркунучу жөнүндө билдирүүсү м-н тынчтыкка үндөөсү ж-а Декларациясы кабыл алынган. Бул документтерде согуштук-саясий блокторго кошулбоо саясатынын принциптери аныкталган.