БЕЛДЕМЧИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЕЛДЕМЧИ''' – 1) белден төмөн тартылуучу аял­дардын тыш кийими. Баркыт, нооту кездеме­леринен этеги жазы, жогорку бөлүгү белге беш жеринен кынаптала жасалып, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Кебез, жүн, жука жасал­ган кийиз, ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери м-н ичтелип, жээгине милте коюлуп, боосу чалма болот. Чалманын учу топ чачы м-н
'''БЕЛДЕМЧИ''' – 1) белден төмөн тартылуучу аял­дардын тыш кийими. Баркыт, нооту кездеме­леринен этеги жазы, жогорку бөлүгү белге беш жеринен кынаптала жасалып, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Кебез, жүн, жука жасал­ган кийиз, ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери менен ичтелип, жээгине милте коюлуп, боосу чалма болот. Чалманын учу топ чачы менен чоктолот. Кашаты башка жактарына караган­да тыгыз шырылып, калыңыраак жана жазы келип, кемер сы­мал адамды ты­кан алып жүрөт.  
чоктолот. Кашаты башка жактарына караган­да тыгыз шырылып, калыңыраак ж-а жазы
келип, кемер сы­мал адамды ты­кан алып жүрөт.  
[[File:БЕЛДЕМЧИ37.png | thumb | none]]
[[File:БЕЛДЕМЧИ37.png | thumb | none]]
Б-ни жазда, күз­дө, айрыкча кыш­та тартынат. Ил­гертен эле жаңы көз жарган келин­дин энеси жээнин жент ек те п кел­генде, кызына бе­лин бекемдөө үчүн Б. тартуулаган. Б-ни оор түйшүк­түү көчмөн кыр­гыз аялдары жы­луу, ыңгайлуу ки­йим катары жого­ру баалашкан. Аны күндөлүк турмушта гана
Белдемчини жазда, күз­дө, айрыкча кыш­та тартынат. Ил­гертен эле жаңы көз жарган келин­дин энеси жээнин жентектеп кел­генде, кызына бе­лин бекемдөө үчүн Белдемчи тартуулаган. Белдемчини оор түйшүк­түү көчмөн кыр­гыз аялдары жы­луу, ыңгайлуу ки­йим катары жого­ру баалашкан. Аны күндөлүк турмушта гана эмес, ошондой эле той-тамашаларда да сый кийим ка­тары тартынышкан. Мындай Белдемчилердин жээкте­ри саймаланып, кундуз карматылып, чачыла­нып кооздолот. Белдемчинин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү жана түсү аны кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулкусуна жараша жасалат. Анын эки түрү кездешет: айрым жерлерде Белдемчинин алдыңкы жээктери биригип тигилет (түндүк жана түндүк-батыш аймактарга мүнөздүү), ал эми Белдемчинин алды жагы ачык тигилген түрү Алай, Памир аймактарында кеңири тараган; 2) жоокер ки­йиминин бир бөлүгү. Белдемчи кийиз менен кайыштан кабатталып шырылып, сыртына темирдин кал­кан бөлүкчөлөрү кадалып, алды ачык жасал­ган. Ал жоокердин бел курчоосун тизеге чейин октон, найза, кылычтан сактоо максатында ''чоп­кут, чарайна, карыпчы'' жана башка кийимдер менен кошо кийилген. «Манас» эпосунда «Белдемчи темир байланып, Бел булуттай айланып…», – деп ай­тылат.  
эмес, о. эле той-тамашаларда да сый кийим ка­тары тартынышкан. Мындай Б-лердин жээкте­ри саймаланып, кундуз карматылып, чачыла­нып кооздолот. Б-нин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү ж-а түсү аны кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулкусуна жараша жасалат. Анын эки түрү кездешет: айрым жерлерде Б-нин алдыңкы жээктери биригип тигилет (түн. ж-а түн.-батыш аймактарга мүнөздүү), ал эми Б-нин алды жагы ачык тигилген түрү Алай, Памир аймактарында кеңири тараган; 2) жоокер ки­йиминин бир бөлүгү. Б. кийиз м-н кайыштан кабатталып шырылып, сыртына темирдин кал­кан бөлүкчөлөрү кадалып, алды ачык жасал­ган. Ал жоокердин бел курчоосун тизеге чейин октон, найза, кылычтан сактоо максатында ''чоп­кут, чарайна, карыпчы'' ж. б. кийимдер м-н кошо кийилген. «Манас» эпосунда «Белдемчи темир байланып, Бел булуттай айланып…», – деп ай­тылат.
 
 
 
[[Category: 2-том, 146-225 бб]]
[[Category: 2-том, 146-225 бб]]

08:03, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕЛДЕМЧИ – 1) белден төмөн тартылуучу аял­дардын тыш кийими. Баркыт, нооту кездеме­леринен этеги жазы, жогорку бөлүгү белге беш жеринен кынаптала жасалып, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Кебез, жүн, жука жасал­ган кийиз, ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери менен ичтелип, жээгине милте коюлуп, боосу чалма болот. Чалманын учу топ чачы менен чоктолот. Кашаты башка жактарына караган­да тыгыз шырылып, калыңыраак жана жазы келип, кемер сы­мал адамды ты­кан алып жүрөт.

Белдемчини жазда, күз­дө, айрыкча кыш­та тартынат. Ил­гертен эле жаңы көз жарган келин­дин энеси жээнин жентектеп кел­генде, кызына бе­лин бекемдөө үчүн Белдемчи тартуулаган. Белдемчини оор түйшүк­түү көчмөн кыр­гыз аялдары жы­луу, ыңгайлуу ки­йим катары жого­ру баалашкан. Аны күндөлүк турмушта гана эмес, ошондой эле той-тамашаларда да сый кийим ка­тары тартынышкан. Мындай Белдемчилердин жээкте­ри саймаланып, кундуз карматылып, чачыла­нып кооздолот. Белдемчинин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү жана түсү аны кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулкусуна жараша жасалат. Анын эки түрү кездешет: айрым жерлерде Белдемчинин алдыңкы жээктери биригип тигилет (түндүк жана түндүк-батыш аймактарга мүнөздүү), ал эми Белдемчинин алды жагы ачык тигилген түрү Алай, Памир аймактарында кеңири тараган; 2) жоокер ки­йиминин бир бөлүгү. Белдемчи кийиз менен кайыштан кабатталып шырылып, сыртына темирдин кал­кан бөлүкчөлөрү кадалып, алды ачык жасал­ган. Ал жоокердин бел курчоосун тизеге чейин октон, найза, кылычтан сактоо максатында чоп­кут, чарайна, карыпчы жана башка кийимдер менен кошо кийилген. «Манас» эпосунда «Белдемчи темир байланып, Бел булуттай айланып…», – деп ай­тылат.