БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЛОВЕ́ЖА МАКУЛДАШУУСУ''' – 1991- | '''БЕЛОВЕ́ЖА МАКУЛДАШУУСУ''' – 1991-жылы 8-де­кабрда Вискули-Беловежа токоюнда (Беларус­сия) Россия, Беларуссия ж-а Украина мамле­кеттеринин башчылары Б. Ельцин, С. Шуш­кевич, Л. Кравчук, тарабынан кол коюлган ке­лишим. Беловежа макулдашуусу Советтик Социалисттик Республи­калар Союзу (СССР) эл аралык укуктун субъекти­си катары өз жашоосун токтоткондугун белги­леген. 1991-жылы коммунисттик төңкөрүш (ГКЧП) ийгиликсиз аяктап, анын жетекчилеринин ка­макка алынуусу ж-а Коммунисттик партиянын таратылышы СССРдин кыйрашын тездеткен. Көз каранды эместигин жарыялашкан мурдагы союздун курамындагы Балтика боюндагы республика ­лар (Латвия, Литва, Эстония) СССРдин кура­мынан чыккандыгын жарыялашкан. Бул өлкө­дөгү саясий кризисти күчөткөн. Ушундай кыр­даалда үч славян өлкөлөрүнүн башчылары Бе­ловежа токоюнда өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө СССРди мындан ары сактап туруу мүмкүн эместиги ж-а жаңы шарттарга ылайык келген союзду куруу тууралуу белгиленген. Ага жооп иретинде 1991-жылы 12-декабрда Ашгабад шаарында Орто Азия республикаларынын президентте­ринин (Казакстандан Н. Назарбаев, Кыргызстан­дан А. Акаев, Өзбекстандан И. Каримов, Тажик­стандан Т. Махкамов, Түркмөнстандан С. Ния­зов) жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууда алар өз ара союздаштык жөнүндөгү макулдашууга кол коюшуп, ошондой эле Беловежа макулдашуусунын шарттары м-н толук макул экендигин билдиришкен. Мындан сырткары алар мурдагы СССРдин курамындагы республикаларга жаңы шарттагы союздук келишим түзүү чакырыгы м-н кайрылышкан. 1991-жылы 21-декабрда Алматы шаарында мурдагы СССРдин курамындагы 11 республиканын (Армения, Азербай­жан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина) мамлекет башчылары жаңы союздук келишимге кол коюу м-н ''Көз карандысыз Мам­лекеттер Шериктештигине'' (КМШ) негиз са­лынган. 1991-жылы 25-декабрда СССРдин президен­ти М. С. ''Горбачев'' кызматынан кеткендигин жа­рыялаган. Ошентип, Советтер Союзу өзүнүн жашоосун толук токтоткон. | ||
Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина) мамлекет башчылары жаңы союздук келишимге кол коюу м-н '' | |||
<p align='right'>''А. Орозов.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | <p align='right'>''А. Орозов.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
05:28, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕЛОВЕ́ЖА МАКУЛДАШУУСУ – 1991-жылы 8-декабрда Вискули-Беловежа токоюнда (Беларуссия) Россия, Беларуссия ж-а Украина мамлекеттеринин башчылары Б. Ельцин, С. Шушкевич, Л. Кравчук, тарабынан кол коюлган келишим. Беловежа макулдашуусу Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) эл аралык укуктун субъектиси катары өз жашоосун токтоткондугун белгилеген. 1991-жылы коммунисттик төңкөрүш (ГКЧП) ийгиликсиз аяктап, анын жетекчилеринин камакка алынуусу ж-а Коммунисттик партиянын таратылышы СССРдин кыйрашын тездеткен. Көз каранды эместигин жарыялашкан мурдагы союздун курамындагы Балтика боюндагы республика лар (Латвия, Литва, Эстония) СССРдин курамынан чыккандыгын жарыялашкан. Бул өлкөдөгү саясий кризисти күчөткөн. Ушундай кырдаалда үч славян өлкөлөрүнүн башчылары Беловежа токоюнда өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө СССРди мындан ары сактап туруу мүмкүн эместиги ж-а жаңы шарттарга ылайык келген союзду куруу тууралуу белгиленген. Ага жооп иретинде 1991-жылы 12-декабрда Ашгабад шаарында Орто Азия республикаларынын президенттеринин (Казакстандан Н. Назарбаев, Кыргызстандан А. Акаев, Өзбекстандан И. Каримов, Тажикстандан Т. Махкамов, Түркмөнстандан С. Ниязов) жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууда алар өз ара союздаштык жөнүндөгү макулдашууга кол коюшуп, ошондой эле Беловежа макулдашуусунын шарттары м-н толук макул экендигин билдиришкен. Мындан сырткары алар мурдагы СССРдин курамындагы республикаларга жаңы шарттагы союздук келишим түзүү чакырыгы м-н кайрылышкан. 1991-жылы 21-декабрда Алматы шаарында мурдагы СССРдин курамындагы 11 республиканын (Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина) мамлекет башчылары жаңы союздук келишимге кол коюу м-н Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) негиз салынган. 1991-жылы 25-декабрда СССРдин президенти М. С. Горбачев кызматынан кеткендигин жарыялаган. Ошентип, Советтер Союзу өзүнүн жашоосун толук токтоткон.
А. Орозов.