БЕЛЯНДРА: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЛЯ́НДРА''' Василий Яковлевич (5.1.1914, Кос­танай | '''БЕЛЯ́НДРА''' '''Василий Яковлевич''' (5.1.1914, Кос­танай облусу, Костанай району, Достовский кыштагы – 12.3.1967, Чүй облусу, Кемин району, Боролдой айы­лы) – Советтер Союзунун Баатыры (1943). Советтик Ар- | ||
5 сап: | 5 сап: | ||
[[File:БЕЛЯНДРА63.png | thumb | none]] | [[File:БЕЛЯНДРА63.png | thumb | none]] | ||
мияга чакырылганга чейин (1941) Кемин | мияга чакырылганга чейин (1941) Кемин районундагы Ильич атындагы совхоздо ком­байнчы болуп иштеген. 1943-жылы мотоаткычтар бри­гадасында взводдун (Воро­неж фронту, 3-гвардиялык танкалык армия, 7-гварди­ялык танкалык корпус) ко­мандири болуп дайындал­ган. Киевди бошотуу үчүн 1-Украина фронтунун аскерлеринин салгылашын­да Беляндра өзүнүн взводу м-н Днепрден биринчилер­ден болуп өтүп (1943), Трахтемиров кыштагын (Киев облусу, Канаев району) ээлейт. Эки сутканын ичин­де Беляндранын взводу душмандын 7 контрчабуулу­нун мизин кайтарган. Бул салгылашуудагы эр­диги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына арзы­ган. 1945-жылы Берлинди алууга ж-а Праганы бо­шотууга өз салымын кошкон. 1945-жылы 24-июнда Москвада өткөн ''Жеңиш парадына'' катышкан. Согуштан кийин Боролдой айылында МТСте ме­ханик болуп иштеген. Ленин, Кызыл Туу, Алек­сандр Невский, 1-даражадагы Ата Мекендик со­гуш, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. | ||
Украина фронтунун аскерлеринин салгылашын­да | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
03:47, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕЛЯ́НДРА Василий Яковлевич (5.1.1914, Костанай облусу, Костанай району, Достовский кыштагы – 12.3.1967, Чүй облусу, Кемин району, Боролдой айылы) – Советтер Союзунун Баатыры (1943). Советтик Ар-

мияга чакырылганга чейин (1941) Кемин районундагы Ильич атындагы совхоздо комбайнчы болуп иштеген. 1943-жылы мотоаткычтар бригадасында взводдун (Воронеж фронту, 3-гвардиялык танкалык армия, 7-гвардиялык танкалык корпус) командири болуп дайындалган. Киевди бошотуу үчүн 1-Украина фронтунун аскерлеринин салгылашында Беляндра өзүнүн взводу м-н Днепрден биринчилерден болуп өтүп (1943), Трахтемиров кыштагын (Киев облусу, Канаев району) ээлейт. Эки сутканын ичинде Беляндранын взводу душмандын 7 контрчабуулунун мизин кайтарган. Бул салгылашуудагы эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына арзыган. 1945-жылы Берлинди алууга ж-а Праганы бошотууга өз салымын кошкон. 1945-жылы 24-июнда Москвада өткөн Жеңиш парадына катышкан. Согуштан кийин Боролдой айылында МТСте механик болуп иштеген. Ленин, Кызыл Туу, Александр Невский, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.