БЕНГАЛИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕНГА́ЛИЯ''' , Б е н г а л (хинди тилинде – Б а н­г а л, бенгал тилинде – Б а н г л а) – Индияда­гы тарыхый аймак, Ганг | '''БЕНГА́ЛИЯ''' , Б е н г а л (хинди тилинде – Б а н­ г а л, бенгал тилинде – Б а н г л а) – Индияда­гы тарыхый аймак, Ганг дарыясынын төмөнкү агы­мында, Ганг ж-а Брахмапутранын чатында. Байыркы мезгилде Бенгалиянын ар кайсы бөлүктөрү Анга, Ванга, Гауда ж. б. аталыштар м-н атал­ган. Б. з. ч. 6-кылымда Магадханын бийлиги астын­да болгон. Бенгалия аталышы 10–12-кылымдарда калыптан­ган. 8–13-кылымдарда Бенгалиянын аймагында Пал, кийин Сен династиялары башкарган мамлекеттер өкүм сүргөн. 13-кылымдын башында ''Дели султанатынын'' курамына кирген. 14-кылымдын ортосунда кайрадан көз каранды эместикке жетишкен. 1575-жылы ''Улуу Моголдор'' тарабынан каратылган. 18-кылымдын ба­шында Бенгалиядагы Бихар ж-а Орисса жерлеринде борбору Муршидабад болгон өз алдынча мамле­кет (навабдык) түзүлгөн. 1756-жылы англиялык Ост-Инд компаниясы Бенгалиянын навабы Сираж ад-Даулга каршы согуш ачып, Плессинин алдындагы сал­гылашуудан (23-июнь 1757-жыл) кийин, компа­ния Бенгалияны толук каратып алган. 1905-жылы англиялык бийликтердин Бенгалияны эки аймакка бөлүүсү бен­галдыктардын катуу каршылыгын пайда кы­лып, 1911-жылы аларды кайрадан бириктирүүгө аргасыз кылды. 1947-жылы Индиянын аймагында өз алдынча эки мамлекеттин – Индия ж-а Па­кистандын түзүлүшү м-н, индустар жашаган Батыш Бенгалия (борбору Калькутта) Индияга (Батыш Бенгалия штаты), мусулмандар жашаган Чы­гыш Бенгалия (борбору Дакка) Пакистанга (Чы­гыш Пакистан) өткөн. 20-кылымдын 50–70-жылда­рында Чыгыш Пакистанга автономия берүү үчүн күрөшүп келген М. Рахман жетектеген Элдик Лига партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, Пакистан парламентиндеги 313 орундун 167сине, провинциялык ассамблеядагы 310 орун­дун 288ине ээ болду. Бирок Пакистан өкмөтүнүн бул партияга бийликти берүүгө каршы болгон­дугуна байланыштуу өлкөдөгү жагдай татаал­дашып, узакка созулган талаш-тартыштын на­тыйжасында 1971-жылы Чыгыш Пакистанда өз ал­дынча ''Бангладеш'' мамлекети түзүлгөн. | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
чыгып, Пакистан парламентиндеги 313 орундун 167сине, провинциялык ассамблеядагы 310 орун­дун 288ине ээ болду. Бирок Пакистан өкмөтүнүн бул партияга бийликти берүүгө каршы болгон­дугуна байланыштуу өлкөдөгү жагдай татаал­дашып, узакка созулган талаш-тартыштын на­тыйжасында 1971- | |||
05:46, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕНГА́ЛИЯ , Б е н г а л (хинди тилинде – Б а н г а л, бенгал тилинде – Б а н г л а) – Индиядагы тарыхый аймак, Ганг дарыясынын төмөнкү агымында, Ганг ж-а Брахмапутранын чатында. Байыркы мезгилде Бенгалиянын ар кайсы бөлүктөрү Анга, Ванга, Гауда ж. б. аталыштар м-н аталган. Б. з. ч. 6-кылымда Магадханын бийлиги астында болгон. Бенгалия аталышы 10–12-кылымдарда калыптанган. 8–13-кылымдарда Бенгалиянын аймагында Пал, кийин Сен династиялары башкарган мамлекеттер өкүм сүргөн. 13-кылымдын башында Дели султанатынын курамына кирген. 14-кылымдын ортосунда кайрадан көз каранды эместикке жетишкен. 1575-жылы Улуу Моголдор тарабынан каратылган. 18-кылымдын башында Бенгалиядагы Бихар ж-а Орисса жерлеринде борбору Муршидабад болгон өз алдынча мамлекет (навабдык) түзүлгөн. 1756-жылы англиялык Ост-Инд компаниясы Бенгалиянын навабы Сираж ад-Даулга каршы согуш ачып, Плессинин алдындагы салгылашуудан (23-июнь 1757-жыл) кийин, компания Бенгалияны толук каратып алган. 1905-жылы англиялык бийликтердин Бенгалияны эки аймакка бөлүүсү бенгалдыктардын катуу каршылыгын пайда кылып, 1911-жылы аларды кайрадан бириктирүүгө аргасыз кылды. 1947-жылы Индиянын аймагында өз алдынча эки мамлекеттин – Индия ж-а Пакистандын түзүлүшү м-н, индустар жашаган Батыш Бенгалия (борбору Калькутта) Индияга (Батыш Бенгалия штаты), мусулмандар жашаган Чыгыш Бенгалия (борбору Дакка) Пакистанга (Чыгыш Пакистан) өткөн. 20-кылымдын 50–70-жылдарында Чыгыш Пакистанга автономия берүү үчүн күрөшүп келген М. Рахман жетектеген Элдик Лига партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, Пакистан парламентиндеги 313 орундун 167сине, провинциялык ассамблеядагы 310 орундун 288ине ээ болду. Бирок Пакистан өкмөтүнүн бул партияга бийликти берүүгө каршы болгондугуна байланыштуу өлкөдөгү жагдай татаалдашып, узакка созулган талаш-тартыштын натыйжасында 1971-жылы Чыгыш Пакистанда өз алдынча Бангладеш мамлекети түзүлгөн.