БЕРГ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕРГ''' Лев Семёнович [2(14).3.1876, Молдова, Бен­деры – 24.12.1950, Ленинград)] – | '''БЕРГ''' '''Лев Семёнович''' [2(14).3.1876, Молдова, Бен­деры – 24.12.1950, Ленинград)] – физикалык географ, биолог, СССР ИАнын академиги (1946; корреспондент-мүчө, 1928). РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишме- | ||
[[File:БЕРГ72.png | thumb | none]] | [[File:БЕРГ72.png | thumb | none]] | ||
ри (1934). Дүйнөгө белгилүү | ри (1934). Дүйнөгө белгилүү илимпоз энциклопедиячы. 1898-жылы Москва университетин бүтүргөн. 1916-жылдан Пе­тербург университетинин физикалык география кафедрасында профессор, 1940– 50-жылдарда СССР география коо­мунун президенти. Лимно­логия, климатология, гео­морфология, топурак таа­нуу, палеогеография, ихтио­логия, география теориясы м-н тарыхы ж. б. илим тармактары боюнча 700дөн ашык эмгек жазган. Берг ландшафт таанууга негиз салып, В. В. ''Докучаевдин'' табигый зоналар жөнүндөгү идеясын өнүктүргөн. Батыш Сибирь көлдөрүн, Балкаш, Ысык-Көл, Севан, Арал де­ңизи, Ладога көлдөрүн ж. б. изилдөөлөрү м-н лимнология илимине салым кошкон. Берг Кыргызста­нда 4 жолу (1903, 1906, 1928, 1930) болуп, Ысык­-Көлдүн жаратылышын, климатын, гидрология­сын, өзгөчө балыктарын, Түркстан кырка тоо­сунун мөңгүлөрүн изилдеген. Ал башкарган эк­спедициялар Ысык-Көлдүн тереңдигин (эң те­реңи 668 ''м'', орточо тереңдиги 279 ''м''), рельефин, термиясын, суу көлөмүн (1731 ''км''<sup>3</sup>), анын тоң­богон себебин ж. б. кубулуштарын аныктаган, көлдүн батиметриялык 1-картасын түзгөн. Ба­лыктары эндемиктер болгондуктан, Ысык-Көлдү жеке ихтиологиялык бөлүк деп караган. Анын сунушу боюнча Ысык-Көлгө, Кыргызстандын башка суу­ларына жаян (сом), каңылтыр (тыран) ж. б. балыктар коё берилген. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1951), 2 орден, 2 медаль м-н сыйланган. | ||
илимпоз энциклопедиячы. 1898- | |||
м-н тарыхы ж. б. илим тармактары | |||
лимнология илимине салым кошкон. | |||
Эмг.: Избранные труды. Т. 1–5, М. 1956–1962. | Эмг.: Избранные труды. Т. 1–5, М. 1956–1962. | ||
Ад.: Памяти академика Л. С. Берга. М.; Л., 1955; «Изв. Кирг. филиала Всесоюзн. геогр. общества». 1963, в. 4 (выпуск посвящен акад. Л. С. Бергу). [[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
06:50, 7 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕРГ Лев Семёнович [2(14).3.1876, Молдова, Бендеры – 24.12.1950, Ленинград)] – физикалык географ, биолог, СССР ИАнын академиги (1946; корреспондент-мүчө, 1928). РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишме-

ри (1934). Дүйнөгө белгилүү илимпоз энциклопедиячы. 1898-жылы Москва университетин бүтүргөн. 1916-жылдан Петербург университетинин физикалык география кафедрасында профессор, 1940– 50-жылдарда СССР география коомунун президенти. Лимнология, климатология, геоморфология, топурак таануу, палеогеография, ихтиология, география теориясы м-н тарыхы ж. б. илим тармактары боюнча 700дөн ашык эмгек жазган. Берг ландшафт таанууга негиз салып, В. В. Докучаевдин табигый зоналар жөнүндөгү идеясын өнүктүргөн. Батыш Сибирь көлдөрүн, Балкаш, Ысык-Көл, Севан, Арал деңизи, Ладога көлдөрүн ж. б. изилдөөлөрү м-н лимнология илимине салым кошкон. Берг Кыргызстанда 4 жолу (1903, 1906, 1928, 1930) болуп, Ысык-Көлдүн жаратылышын, климатын, гидрологиясын, өзгөчө балыктарын, Түркстан кырка тоосунун мөңгүлөрүн изилдеген. Ал башкарган экспедициялар Ысык-Көлдүн тереңдигин (эң тереңи 668 м, орточо тереңдиги 279 м), рельефин, термиясын, суу көлөмүн (1731 км3), анын тоңбогон себебин ж. б. кубулуштарын аныктаган, көлдүн батиметриялык 1-картасын түзгөн. Балыктары эндемиктер болгондуктан, Ысык-Көлдү жеке ихтиологиялык бөлүк деп караган. Анын сунушу боюнча Ысык-Көлгө, Кыргызстандын башка сууларына жаян (сом), каңылтыр (тыран) ж. б. балыктар коё берилген. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1951), 2 орден, 2 медаль м-н сыйланган.
Эмг.: Избранные труды. Т. 1–5, М. 1956–1962.
Ад.: Памяти академика Л. С. Берга. М.; Л., 1955; «Изв. Кирг. филиала Всесоюзн. геогр. общества». 1963, в. 4 (выпуск посвящен акад. Л. С. Бергу).