БЕРИЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ''' – техника м-н эко­номиканын өнүгүшүнүн учурдагы деңгээлине ылайык, курамында казып алууга жарамдуу | '''БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ''' – техника м-н эко­номиканын өнүгүшүнүн учурдагы деңгээлине ылайык, курамында казып алууга жарамдуу өлчөмдө ''бериллий'' металлы бар тоо тектер же минералдардын чогундусу. Бериллий металлы кенташта (рудада) көбүнчө минералдар түрүндө, кээде тоо тектердин курамында изоморфтук ара­лашма катары болот. Бериллий кенташтарын түзүүчү бериллий­дин негизги минералдары: берилл (курамында ВеО 10–12%), фенакит (42–45%), бертрандит (40–42%), гельбертрандит (32–35%), хризобе­рилл (10–20%), гельвин ж-а гентгельвин (10– 12%). Бериллий кенташтарынын кендери гранит ж-а субжегичтүү гранитоид интрузиялары м-н байланышып, не­гизинен постмагмалык процесстерден пайда бо­лот. Алар бериллийлүү гранит пегматиттер (0,05–0,09% ВеО), гельвиндүү ж-а хризоберилл­дүү скарндар (0,1–0,15%), бериллийлүү грейзен­дер м-н кварц тарамдары (0,1–0,15%) ж. б. сы­яктуу өнөр жайлык маанидеги бир нече типке бөлүнөт. Кендери Орто Азия, Казакстан, АКШ, Колумбия, Бразилия, Түштүк Африка Республикасында ж. б. жерлерде бар. | ||
өлчөмдө ''бериллий'' металлы бар | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
минералдардын чогундусу. Бериллий металлы кенташта (рудада) көбүнчө минералдар түрүндө, кээде | |||
(40–42%), гельбертрандит (32–35%), хризобе­рилл (10–20%), гельвин ж-а гентгельвин (10– 12%). | |||
03:32, 3 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ – техника м-н экономиканын өнүгүшүнүн учурдагы деңгээлине ылайык, курамында казып алууга жарамдуу өлчөмдө бериллий металлы бар тоо тектер же минералдардын чогундусу. Бериллий металлы кенташта (рудада) көбүнчө минералдар түрүндө, кээде тоо тектердин курамында изоморфтук аралашма катары болот. Бериллий кенташтарын түзүүчү бериллийдин негизги минералдары: берилл (курамында ВеО 10–12%), фенакит (42–45%), бертрандит (40–42%), гельбертрандит (32–35%), хризоберилл (10–20%), гельвин ж-а гентгельвин (10– 12%). Бериллий кенташтарынын кендери гранит ж-а субжегичтүү гранитоид интрузиялары м-н байланышып, негизинен постмагмалык процесстерден пайда болот. Алар бериллийлүү гранит пегматиттер (0,05–0,09% ВеО), гельвиндүү ж-а хризобериллдүү скарндар (0,1–0,15%), бериллийлүү грейзендер м-н кварц тарамдары (0,1–0,15%) ж. б. сыяктуу өнөр жайлык маанидеги бир нече типке бөлүнөт. Кендери Орто Азия, Казакстан, АКШ, Колумбия, Бразилия, Түштүк Африка Республикасында ж. б. жерлерде бар.