БЕРЛИН ОПЕРАЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕРЛИ́Н ОПЕРАЦИЯСЫ''' (1945) – ''Улуу Ата | '''БЕРЛИ́Н ОПЕРАЦИЯСЫ''' (1945) – ''Улуу Ата Мекендик согуш'' (1941–45) убагындагы 1-Бела­рус, 2-Беларус ж-а 1-Украина (Советтер Союзунун мар­шалдары Г. К. Жуков, К. К. Рокоссовский, И. С. Конев) фронтторунун 1945-жылы 16-апрелден 8-майга чейинки Берлинге чабуул коюу опера­циясы. Советтик аскерлер 1945-жылдын январь-мар­тында Чыгыш Пруссия, Польша ж-а Чыгыш Помераниядагы душмандын ири күчтөрүн талкалап, кеңири фронт м-н Одер ж-а Нейсе дарыяла­рына чыгышып, Германия жерине терең кирип барышкан. Ал эми англиялык, америкалык аскерлер бир эле мезгилде Батышка чабуулга өтүшкөн. Гит­лерчилер союздаштардын келишпестигинен пай­даланып, англиялык-америкалык башкаруучу чөйрөлөр м-н сепараттык тынчтык түзүүгө умтулган ж-а бар­дык күчүн советтик аскерлерге каршы жумшап, Бер­линге кире бериште күчтүү коргонууну уюшту­рушкан. Немецтик командование Берлин багы­тына генерал-полковник Г. Хейнрици башкар­ган армиялардын «Висла» тобунун ири группи­ровкасын ж-а генерал-фельдмаршал Ф. Шернер башкарган «Борбор» армиялар тобунун 4-тан­калык ж-а 17-армияларын топтогон. Берлинди коргоо үчүн Одер ж-а Нейсе дарыяларынын батыш жээктеринде аралыгы 20–40 ''км''ге жеткен 3 ка­тар коргонуу тилкесин түзүшкөн. Шаардын өзү да 3 катар туюк курчоого алынып, көчөлөрү чепке айландырылып, баррикадалар курулган. Берлинге чабуул коюу үчүн советтик командование 2,5 млн адам, 41600 замбирек м-н миномёт, 6250 танк ж-а өзү жүрүүчү замбирек, 7500 самолёт топтогон. Берлин операциясы 16-апрелде башталат. 1-Беларус ж-а 1-Украина фронтторунун аскерлери душман­дын коргонуусун бузуп, Берлинди түндүк ж-а түштүк тарабынан айланып өтүп, 24-апрелде анын түштүк-чыгыш четинен биригишет. 25-апрелде бул фронттордун аскерлери Кетцин районунда жолу­гушуп, душманды курчоого алышкан. 1-Бела­рус ж-а 1-Украина фронтторунун аскерлери Бер­линдин түштүк-чыгышында курчоого алынган душ­мандардын аскерлерин 1-майда биротоло тал­калашат. 21-апрелден 2-майга чейин Берлиндин көчөлөрүндө күндүр-түндүр салгылашуулар бо­луп турган. 30-апрелде генерал-полковник В. И. Кузнецовдун 3-армиясы рейхстагды алуу үчүн салгылашууну баштап, ошол күнү кечинде рейхстаг алынып, анын төбөсүнө сержанттар М. А. Егоров м-н М. В. Кантария Жеңиш Туу­сун сайышкан. 2-майдын таңында Берлин гар­низонунун калган аскерлери биротоло талкала­нып, саат 15те Берлин коргонуусунун началь­ниги генерал Вейдлинг баш болгон душман ас­керлери туткунга алынган. Советтик аскерлер ба­тыштагы чабуулун улантып, 1-Украина фронту­нун аскерлери 25-апрелде Риза м-н Торгау райондо­рунун тегерегинде америкалык 1-армиянын алдыңкы бөлүктөрүнө жолугушкан. 1-майда 1-Беларус фронтунун аскерлери Батыш Померанияда ж-а Макленбургда жеңиштүү чабуулдарын улантып олтуруп, 4-майда Балтика жээгине, Висмар, Шве­рин ж-а Эльба дарыяларынан чыгышып, англиялык аскерлер м-н кездешкен. 4–5-майда Воллин, Узедом ж-а Рюген аралдарын бошотушуп, 9-майда немецтик фа­шисттик аскерлеринин капитуляциясын кабыл­доо үчүн Даниянын Борнхольм аралына өтүшкөн. Берлин операциясынын жүрүшүндө советтик аскерлер душмандын жөө аскерлеринин 70, танкалык 12 ж-а меха­никалашкан 11 дивизиясын толук талкалап, 480 миңге жакын адамын туткунга алышкан. Берлин операциясында советтик аскерлердин өлгөнү, жарадар болгону ж-а дайынсыз жоголгону 304 миңден ашык адам болду; 2156 танкын ж-а өзү жүрүүчү замбирегин, 1220 замбирегин, миномётторун ж-а 527 самолётун жоготкон. Берлин операциясын аяктап, советтик аскерлер союз­даштардын аскерлери м-н бирдикте фашисттик Германияны биротоло талкалаган. 8-майда Гер­маниянын командованиесинин Кейтель башчы­лык кылган өкүлдөрү Германиянын кыңк этпей багынып бергендиги жөнүндөгү актыга кол коюшкан. | ||
Мекендик согуш (1941–45) | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
чепке айландырылып, баррикадалар курулган. | |||
Берлинге чабуул коюу үчүн | |||
чыгыш четинен биригишет. 25-апрелде бул | |||
фронттордун аскерлери Кетцин | |||
үчүн салгылашууну баштап, ошол күнү кечинде | |||
рейхстаг алынып, анын төбөсүнө сержанттар М. А. Егоров м-н М. В. Кантария Жеңиш Туу­сун сайышкан. 2-майдын таңында Берлин гар­низонунун калган аскерлери биротоло талкала­нып, саат 15те Берлин коргонуусунун началь­ниги генерал Вейдлинг баш болгон душман ас­керлери туткунга алынган. | |||
08:01, 3 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕРЛИ́Н ОПЕРАЦИЯСЫ (1945) – Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) убагындагы 1-Беларус, 2-Беларус ж-а 1-Украина (Советтер Союзунун маршалдары Г. К. Жуков, К. К. Рокоссовский, И. С. Конев) фронтторунун 1945-жылы 16-апрелден 8-майга чейинки Берлинге чабуул коюу операциясы. Советтик аскерлер 1945-жылдын январь-мартында Чыгыш Пруссия, Польша ж-а Чыгыш Помераниядагы душмандын ири күчтөрүн талкалап, кеңири фронт м-н Одер ж-а Нейсе дарыяларына чыгышып, Германия жерине терең кирип барышкан. Ал эми англиялык, америкалык аскерлер бир эле мезгилде Батышка чабуулга өтүшкөн. Гитлерчилер союздаштардын келишпестигинен пайдаланып, англиялык-америкалык башкаруучу чөйрөлөр м-н сепараттык тынчтык түзүүгө умтулган ж-а бардык күчүн советтик аскерлерге каршы жумшап, Берлинге кире бериште күчтүү коргонууну уюштурушкан. Немецтик командование Берлин багытына генерал-полковник Г. Хейнрици башкарган армиялардын «Висла» тобунун ири группировкасын ж-а генерал-фельдмаршал Ф. Шернер башкарган «Борбор» армиялар тобунун 4-танкалык ж-а 17-армияларын топтогон. Берлинди коргоо үчүн Одер ж-а Нейсе дарыяларынын батыш жээктеринде аралыгы 20–40 кмге жеткен 3 катар коргонуу тилкесин түзүшкөн. Шаардын өзү да 3 катар туюк курчоого алынып, көчөлөрү чепке айландырылып, баррикадалар курулган. Берлинге чабуул коюу үчүн советтик командование 2,5 млн адам, 41600 замбирек м-н миномёт, 6250 танк ж-а өзү жүрүүчү замбирек, 7500 самолёт топтогон. Берлин операциясы 16-апрелде башталат. 1-Беларус ж-а 1-Украина фронтторунун аскерлери душмандын коргонуусун бузуп, Берлинди түндүк ж-а түштүк тарабынан айланып өтүп, 24-апрелде анын түштүк-чыгыш четинен биригишет. 25-апрелде бул фронттордун аскерлери Кетцин районунда жолугушуп, душманды курчоого алышкан. 1-Беларус ж-а 1-Украина фронтторунун аскерлери Берлиндин түштүк-чыгышында курчоого алынган душмандардын аскерлерин 1-майда биротоло талкалашат. 21-апрелден 2-майга чейин Берлиндин көчөлөрүндө күндүр-түндүр салгылашуулар болуп турган. 30-апрелде генерал-полковник В. И. Кузнецовдун 3-армиясы рейхстагды алуу үчүн салгылашууну баштап, ошол күнү кечинде рейхстаг алынып, анын төбөсүнө сержанттар М. А. Егоров м-н М. В. Кантария Жеңиш Туусун сайышкан. 2-майдын таңында Берлин гарнизонунун калган аскерлери биротоло талкаланып, саат 15те Берлин коргонуусунун начальниги генерал Вейдлинг баш болгон душман аскерлери туткунга алынган. Советтик аскерлер батыштагы чабуулун улантып, 1-Украина фронтунун аскерлери 25-апрелде Риза м-н Торгау райондорунун тегерегинде америкалык 1-армиянын алдыңкы бөлүктөрүнө жолугушкан. 1-майда 1-Беларус фронтунун аскерлери Батыш Померанияда ж-а Макленбургда жеңиштүү чабуулдарын улантып олтуруп, 4-майда Балтика жээгине, Висмар, Шверин ж-а Эльба дарыяларынан чыгышып, англиялык аскерлер м-н кездешкен. 4–5-майда Воллин, Узедом ж-а Рюген аралдарын бошотушуп, 9-майда немецтик фашисттик аскерлеринин капитуляциясын кабылдоо үчүн Даниянын Борнхольм аралына өтүшкөн. Берлин операциясынын жүрүшүндө советтик аскерлер душмандын жөө аскерлеринин 70, танкалык 12 ж-а механикалашкан 11 дивизиясын толук талкалап, 480 миңге жакын адамын туткунга алышкан. Берлин операциясында советтик аскерлердин өлгөнү, жарадар болгону ж-а дайынсыз жоголгону 304 миңден ашык адам болду; 2156 танкын ж-а өзү жүрүүчү замбирегин, 1220 замбирегин, миномётторун ж-а 527 самолётун жоготкон. Берлин операциясын аяктап, советтик аскерлер союздаштардын аскерлери м-н бирдикте фашисттик Германияны биротоло талкалаган. 8-майда Германиянын командованиесинин Кейтель башчылык кылган өкүлдөрү Германиянын кыңк этпей багынып бергендиги жөнүндөгү актыга кол коюшкан.