БЕРМУДА АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕРМУ́ДА АРАЛДАРЫ''' (Веrmuda Islandes Веrmudas) – Улуу Британиянын ээлиги; Атлан­тика океанынын | '''БЕРМУ́ДА АРАЛДАРЫ''' (Веrmuda Islandes Веrmudas) – Улуу Британиянын ээлиги; Атлан­тика океанынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү ко­ралл (шуру) аралдар тобу. 150гө жакын арал­дан турат. Аянты 53,3 ''км''<sup>2</sup>; ири аралдары: Бер­муда (аянты 39 ''км''<sup>2</sup>), Сент-Жоржес, Сомерсет, | ||
[[File:БЕРМУДА АРАЛДАРЫ80.png | thumb | none]] Сент-Дейвидс. Калкы 65,4 миң. (2005); анын 70%и негрлер ж-а мулаттар; | [[File:БЕРМУДА АРАЛДАРЫ80.png | thumb | none]] Сент-Дейвидс. Калкы 65,4 миң. (2005); анын 70%и негрлер ж-а мулаттар; ошондой эле Улуу Брита­ниядан, АКШдан, Австралиядан, Жаңы Зелан­диядан келгендер (26%), португалиялыктар, фи­липпиндиктер, тамилдер ж. б. да бар. Калкынын 81%не жакыны христиандар, анын 15%тейи католик динин тутат. Административдик борбору – Гамиль­тон шаары. Акча бирдиги – бермуда доллары. Рас­мий тили – англис тили. Административдик-аймактык жактан 9 приходго ж-а 2 муниципалитетке (Гамильтон, Сент-Жорж) бөлүнөт. Бермуда аралдары океандык Бермуда плитасында жайгаш­кан. Аралдары түзөң, неогенде пайда болгон аки­таш тектеринен түзүлүп, шуру (коралл) рифте­ри м-н курчалган. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери – | ||
[[File:БЕРМУДА АРАЛДАРЫ81.png | thumb | none]] Бермуда аралынын деңиз жээги. Таун-Хилл тоосу ( | [[File:БЕРМУДА АРАЛДАРЫ81.png | thumb | none]] Бермуда аралынын деңиз жээги. Таун-Хилл тоосу (бийиктиги 79 ''м'') Бермуда аралында жайгашкан. Башка аралдарында карст үңкүр­лөрү, воронкалар көп. Климаты тропиктик, нымдуу. Эң суук (март) айынын орточо температурасы 16,7°С, эң жылуу (август) айыныкы 26,7°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 1350 ''мм''ге чейин. Июндан декабрга чейин катуу шамал ж-а деңиз толкуну болот. Агын суулары жок, жер астындагы тузсуз суулар пайдаланылат. Бермуда аралында эң ири туздуу көл – Харрингтон- Саунд жайгашкан. Гольфстрим жылуу агымы­нын таасиринен Бермуда аралдары аркылуу кораллдардын ж-а мангр токоюнун таралуусунун түндүк чеги өтөт. Жергиликтүү өсүмдүктөрдүн өкүлдөрү (анын ичинде энде­мик дарактары бар нымдуу, дайыма жашыл тропик токою, мисалы, бермуда арчасы) коргоого алынган жерлерде гана сакталган. Аралдарда куштардын 300дөн ашык түрү уялайт. Бермуда аралдарында коргоого алынган табигый 20 аймак (аянты 69 ''га''), эл аралык маанидеги 5 суулуу-саздуу жер (24 ''га''), 80 деңиз резерваты ж-а паркы (15,2 миң ''га'') бар. Бермуда аралдарын 1522-жылы деңиз саякатчысы Х. Берму­дес ачкан. Англиялык алгачкы айыл 1609-жылы пайда | ||
чейин. Июндан декабрга чейин катуу шамал | [[File:БЕРМУДА АРАЛДАРЫ82.png | thumb | none]] болгон. 1684-жылдан Англиянын колониясы. 1968-жылы конституциясы кабыл алынып, ага ылайык ички өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ бол­гон. Британиялык монарх дайындаган губерна­тор башкарган. 1989-жылы британиялык бийлик Бермуда аралдарына эгемендүүлүк берүүдөн баш тарткан. | ||
ж-а деңиз толкуну болот. Агын суулары жок, жер астындагы тузсуз суулар пайдаланылат. | Ички дүң продукциясы (ИДП) 2,33 млрд дол­лар (2003); киши башына 36 миң доллардан туура келет, бул көрсөткүч боюнча Бермуда аралдары дүйнөдө эң ал- | ||
Бермуда | |||
өтөт. | |||
[[File:БЕРМУДА АРАЛДАРЫ82.png | thumb | none]] болгон. 1684-жылдан Англиянын колониясы. 1968- | |||
Ички дүң продукциясы (ИДП) 2,33 млрд дол­лар (2003); киши башына 36 миң доллардан туура келет, бул көрсөткүч | |||
[[File:БЕРМУДА АРАЛДАРЫ83.png | thumb | Бермуда акчасы.]] дыңкы орунду ээлейт. ИДПнин 89% тейлөө | [[File:БЕРМУДА АРАЛДАРЫ83.png | thumb | Бермуда акчасы.]] дыңкы орунду ээлейт. ИДПнин 89% тейлөө | ||
чөйрөсүнөн, 10% | чөйрөсүнөн, 10% өнөр жайынан, 1%и айыл чар­басынан түшөт. Экономикасынын негизин чет элдик туризм, офшордук финансы тейлөөсү, ошондой эле Бермуданын желеги м-н жүргөн деңиз кеме­лерин каттоо түзөт. Жылына аралга 300 миң­дей турист келет (анын 80% АКШдан), андан жылына 350 млн доллардан ашык киреше түшөт. Туризмдин өсүшүнө эл аралык аэропорт­тордун, отелдердин курулушу ж-а круиз кеме­леринин рейстерин уюштуруу зор өбөлгө түздү. Аралдардын жумшак климаты, кумдуу жээк­тери, жогорку деңгээлдеги тейлөө туристтерди өзүнө тартат. Дайвинг, сноркелинг (коралл риф­терин, чөккөн кемелерди көргөзүү), виндсёрфинг өнүккөн. Бермуда аралдары дүйнөдөгү бирден бир офшордук финан­сы борбору, бул жерде 11 миңден ашык эл ара­лык компания ж-а фирма катталган. Өлкөдө киреше салыгы, пайдадан алынуучу ж-а ко­шумча баа салыгы жок, кыймылсыз мүлккө ж. б. салык салынбайт; офшордук компания­лар кайра катталуу үчүн гана акы төлөйт. Бермуда аралдарына 103 соода кемеси катталган, алардын 27си бри­таниялык, 20сы америкалык, 20сы канадалык, 9у швециялык жеке менчик ээлерине таандык. Су­венир, фармацевтика продуктуларын, парфюме­рия, курулуш материалдарын өндүрөт, кеме ре­монттоочу өнөр жайы бар. Жеринин 6% аянты гана дыйканчылыкка жарактуу. Азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан алат. Эрте бышкан жашылчаларды (брокколи, пияз, помидор, сабиз), жемиштерди (цитрус өсүмдүктөрүн, анын ичинде грейпфрут, инжир) өстүрүшөт. Жээктерден балык кармалат. Сырт­кы экономикалык байланышын негизинен АКШ, Улуу Британия, Франция м-н жүргүзөт. Экспортунда тейлөө кызматы үстөмдүк кылат. Товарлар­дын ж-а сырьёнун басымдуу бөлүгүн импорт түзөт. | ||
өзүнө тартат. Дайвинг, сноркелинг (коралл риф­терин, чөккөн кемелерди көргөзүү), виндсёрфинг | |||
өнүккөн. | |||
Жеринин 6% аянты гана дыйканчылыкка жарактуу. Азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан алат. Эрте бышкан жашылчаларды (брокколи, пияз, помидор, сабиз), жемиштерди (цитрус өсүмдүктөрүн, | |||
өстүрүшөт. Жээктерден балык кармалат. Сырт­кы | |||
Автомобиль жолунун | Автомобиль жолунун узундугу 450 ''км''. Архипелаг­дын 8 аралы Бермуда аралы м-н көпүрөлөр, ошондой эле паром аркылуу байланышат. Деңиз порттору: Гамильтон, Сент-Жорж, Докъярд, эл аралык аэропорту Сент-Дейвидс аралында жайгашкан. Бермуда аралдарына жакын ''Бермуда үч бурчтугу'' жай­гашкан. | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
09:58, 3 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕРМУ́ДА АРАЛДАРЫ (Веrmuda Islandes Веrmudas) – Улуу Британиянын ээлиги; Атлантика океанынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү коралл (шуру) аралдар тобу. 150гө жакын аралдан турат. Аянты 53,3 км2; ири аралдары: Бермуда (аянты 39 км2), Сент-Жоржес, Сомерсет,

Сент-Дейвидс. Калкы 65,4 миң. (2005); анын 70%и негрлер ж-а мулаттар; ошондой эле Улуу Британиядан, АКШдан, Австралиядан, Жаңы Зеландиядан келгендер (26%), португалиялыктар, филиппиндиктер, тамилдер ж. б. да бар. Калкынын 81%не жакыны христиандар, анын 15%тейи католик динин тутат. Административдик борбору – Гамильтон шаары. Акча бирдиги – бермуда доллары. Расмий тили – англис тили. Административдик-аймактык жактан 9 приходго ж-а 2 муниципалитетке (Гамильтон, Сент-Жорж) бөлүнөт. Бермуда аралдары океандык Бермуда плитасында жайгашкан. Аралдары түзөң, неогенде пайда болгон акиташ тектеринен түзүлүп, шуру (коралл) рифтери м-н курчалган. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери –

Бермуда аралынын деңиз жээги. Таун-Хилл тоосу (бийиктиги 79 м) Бермуда аралында жайгашкан. Башка аралдарында карст үңкүрлөрү, воронкалар көп. Климаты тропиктик, нымдуу. Эң суук (март) айынын орточо температурасы 16,7°С, эң жылуу (август) айыныкы 26,7°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 1350 ммге чейин. Июндан декабрга чейин катуу шамал ж-а деңиз толкуну болот. Агын суулары жок, жер астындагы тузсуз суулар пайдаланылат. Бермуда аралында эң ири туздуу көл – Харрингтон- Саунд жайгашкан. Гольфстрим жылуу агымынын таасиринен Бермуда аралдары аркылуу кораллдардын ж-а мангр токоюнун таралуусунун түндүк чеги өтөт. Жергиликтүү өсүмдүктөрдүн өкүлдөрү (анын ичинде эндемик дарактары бар нымдуу, дайыма жашыл тропик токою, мисалы, бермуда арчасы) коргоого алынган жерлерде гана сакталган. Аралдарда куштардын 300дөн ашык түрү уялайт. Бермуда аралдарында коргоого алынган табигый 20 аймак (аянты 69 га), эл аралык маанидеги 5 суулуу-саздуу жер (24 га), 80 деңиз резерваты ж-а паркы (15,2 миң га) бар. Бермуда аралдарын 1522-жылы деңиз саякатчысы Х. Бермудес ачкан. Англиялык алгачкы айыл 1609-жылы пайда

болгон. 1684-жылдан Англиянын колониясы. 1968-жылы конституциясы кабыл алынып, ага ылайык ички өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болгон. Британиялык монарх дайындаган губернатор башкарган. 1989-жылы британиялык бийлик Бермуда аралдарына эгемендүүлүк берүүдөн баш тарткан.
Ички дүң продукциясы (ИДП) 2,33 млрд доллар (2003); киши башына 36 миң доллардан туура келет, бул көрсөткүч боюнча Бермуда аралдары дүйнөдө эң ал-

дыңкы орунду ээлейт. ИДПнин 89% тейлөө
чөйрөсүнөн, 10% өнөр жайынан, 1%и айыл чарбасынан түшөт. Экономикасынын негизин чет элдик туризм, офшордук финансы тейлөөсү, ошондой эле Бермуданын желеги м-н жүргөн деңиз кемелерин каттоо түзөт. Жылына аралга 300 миңдей турист келет (анын 80% АКШдан), андан жылына 350 млн доллардан ашык киреше түшөт. Туризмдин өсүшүнө эл аралык аэропорттордун, отелдердин курулушу ж-а круиз кемелеринин рейстерин уюштуруу зор өбөлгө түздү. Аралдардын жумшак климаты, кумдуу жээктери, жогорку деңгээлдеги тейлөө туристтерди өзүнө тартат. Дайвинг, сноркелинг (коралл рифтерин, чөккөн кемелерди көргөзүү), виндсёрфинг өнүккөн. Бермуда аралдары дүйнөдөгү бирден бир офшордук финансы борбору, бул жерде 11 миңден ашык эл аралык компания ж-а фирма катталган. Өлкөдө киреше салыгы, пайдадан алынуучу ж-а кошумча баа салыгы жок, кыймылсыз мүлккө ж. б. салык салынбайт; офшордук компаниялар кайра катталуу үчүн гана акы төлөйт. Бермуда аралдарына 103 соода кемеси катталган, алардын 27си британиялык, 20сы америкалык, 20сы канадалык, 9у швециялык жеке менчик ээлерине таандык. Сувенир, фармацевтика продуктуларын, парфюмерия, курулуш материалдарын өндүрөт, кеме ремонттоочу өнөр жайы бар. Жеринин 6% аянты гана дыйканчылыкка жарактуу. Азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан алат. Эрте бышкан жашылчаларды (брокколи, пияз, помидор, сабиз), жемиштерди (цитрус өсүмдүктөрүн, анын ичинде грейпфрут, инжир) өстүрүшөт. Жээктерден балык кармалат. Сырткы экономикалык байланышын негизинен АКШ, Улуу Британия, Франция м-н жүргүзөт. Экспортунда тейлөө кызматы үстөмдүк кылат. Товарлардын ж-а сырьёнун басымдуу бөлүгүн импорт түзөт.
Автомобиль жолунун узундугу 450 км. Архипелагдын 8 аралы Бермуда аралы м-н көпүрөлөр, ошондой эле паром аркылуу байланышат. Деңиз порттору: Гамильтон, Сент-Жорж, Докъярд, эл аралык аэропорту Сент-Дейвидс аралында жайгашкан. Бермуда аралдарына жакын Бермуда үч бурчтугу жайгашкан.