БЕТОН ИШТЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕТО́Н ИШТЕРИ''' – бетон | '''БЕТО́Н ИШТЕРИ''' – бетон жана темир-бетон конструкцияларын, курулмаларын тургузууда ат­карылуучу курулуш иштеринин комплекси. Аларга төмөнкүдөй негизги процесстер кирет: бетон аралашмасын даярдоо, аны курулуш аян­тына жеткирүү, калыпка (опалубка) куюп, ты­гыздоо жана анын кургап катышына шарт түзүү, ошондой эле калыпты алып таштоо. Бетон аралашма­сын даярдоодо алгачкы материалдын сапаты, курамын түзүүчү заттарды туура жана так тан­доо ж-а жакшылап аралаштыруу мааниге ээ. Бетон аралашмасы атайын жайдагы бетон ара­лаштыргычта даярдалат, анын компоненттери (цемент, толтургучтар, суу жана ар кандай ко­шумчалар) 1–2 %ке чейинки тактыкта ченелет. Бетон аралашмасы жетишсиз аралаштырылса, бетондун касиети начарлап, анын бышыктыгы төмөндөйт. Бетонду «кароо» – температуранын ре­жимин кармоо, температурадан болуучу деформа­цияны болтурбоо аракети, катып жаткан бе­тонду уруудан сактоо жана башкалар. Бетондун ачык жер­лерин суулап, бетин жаап, кышында жылуу­лап туруу натыйжалуу болуп эсептелет. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
10:41, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БЕТО́Н ИШТЕРИ – бетон жана темир-бетон конструкцияларын, курулмаларын тургузууда аткарылуучу курулуш иштеринин комплекси. Аларга төмөнкүдөй негизги процесстер кирет: бетон аралашмасын даярдоо, аны курулуш аянтына жеткирүү, калыпка (опалубка) куюп, тыгыздоо жана анын кургап катышына шарт түзүү, ошондой эле калыпты алып таштоо. Бетон аралашмасын даярдоодо алгачкы материалдын сапаты, курамын түзүүчү заттарды туура жана так тандоо ж-а жакшылап аралаштыруу мааниге ээ. Бетон аралашмасы атайын жайдагы бетон аралаштыргычта даярдалат, анын компоненттери (цемент, толтургучтар, суу жана ар кандай кошумчалар) 1–2 %ке чейинки тактыкта ченелет. Бетон аралашмасы жетишсиз аралаштырылса, бетондун касиети начарлап, анын бышыктыгы төмөндөйт. Бетонду «кароо» – температуранын режимин кармоо, температурадан болуучу деформацияны болтурбоо аракети, катып жаткан бетонду уруудан сактоо жана башкалар. Бетондун ачык жерлерин суулап, бетин жаап, кышында жылуулап туруу натыйжалуу болуп эсептелет.