БЕТТИК НАТЫЙЖА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БЕТТИК НАТЫЙЖА''' , с к и н-э ф ф е к т – өзгөрмө электр тогунун ж-а аны м-н байланыштагы электр-магниттик талаанын өткөргүчтүн же магниттик агымдын магнит өткөргүчүнүн туу­расынан кесилиши б-ча тегиз эмес бөлүштүрү­лүшү. Кыйла жогорку жыштыкта ток негизи­нен өткөргүчтүн беттик жука катмарында (скин­катмарда) агып өтөт ж-а тереңинде дээрлик өт­пөйт. Ток тыгыздыгы магнит өткөргүчтүн же ток өткөргүчтүн бетинен анын борб. бөлүгү көздөй азаят. Бир калыпта эместик даражасы токтун же магнит агымынын жыштыгынын өсүшү, зым­дын кесилиш аянтынын чоңоюшу, материал­дын ток өткөрүүчүлүгү же магнит өткөрүмдүүлүгү
'''БЕТТИК НАТЫЙЖА''' , с к и н-э ф ф е к т – өзгөрмө электр тогунун ж-а аны м-н байланыштагы электр-магниттик талаанын өткөргүчтүн же магниттик агымдын магнит өткөргүчүнүн туу­расынан кесилиши боюнча тегиз эмес бөлүштүрү­лүшү. Кыйла жогорку жыштыкта ток негизи­нен өткөргүчтүн беттик жука катмарында (скин­катмарда) агып өтөт ж-а тереңинде дээрлик өт­пөйт. Ток тыгыздыгы магнит өткөргүчтүн же ток өткөргүчтүн бетинен анын борбордук  бөлүгү көздөй азаят. Бир калыпта эместик даражасы токтун же магнит агымынын жыштыгынын өсүшү, зым­дын кесилиш аянтынын чоңоюшу, материал­дын ток өткөрүүчүлүгү же магнит өткөрүмдүүлүгү көбөйгөн сайын жогорулайт. Беттик  натыйжа турактуу токко салыштырмалуу өзгөрмө токко өткөргүч­түн каршылыгынын чоңоюшуна алып келет.
 
[[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 
көбөйгөн сайын жогорулайт. Б. н. турактуу токко салыштырмалуу өзгөрмө токко өткөргүч­түн каршылыгынын чоңоюшуна алып келет. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 

10:00, 4 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БЕТТИК НАТЫЙЖА , с к и н-э ф ф е к т – өзгөрмө электр тогунун ж-а аны м-н байланыштагы электр-магниттик талаанын өткөргүчтүн же магниттик агымдын магнит өткөргүчүнүн туу­расынан кесилиши боюнча тегиз эмес бөлүштүрү­лүшү. Кыйла жогорку жыштыкта ток негизи­нен өткөргүчтүн беттик жука катмарында (скин­катмарда) агып өтөт ж-а тереңинде дээрлик өт­пөйт. Ток тыгыздыгы магнит өткөргүчтүн же ток өткөргүчтүн бетинен анын борбордук бөлүгү көздөй азаят. Бир калыпта эместик даражасы токтун же магнит агымынын жыштыгынын өсүшү, зым­дын кесилиш аянтынын чоңоюшу, материал­дын ток өткөрүүчүлүгү же магнит өткөрүмдүүлүгү көбөйгөн сайын жогорулайт. Беттик натыйжа турактуу токко салыштырмалуу өзгөрмө токко өткөргүч­түн каршылыгынын чоңоюшуна алып келет.