БЕТТИК ТАРТЫЛУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕТТИК ТАРТЫЛУУ''' – туруктуу | '''БЕТТИК ТАРТЫЛУУ''' – туруктуу температурада эки фазанын (мисалы, суюктук ж-а аба) бөлүнгөн че­гинде беттик аянтты бир бирдикке чоңойтууга сарпталган жумуш чоңдугу м-н аныкталуучу термодинамикалык мүнөздөмө. Суюктук бетинин аянтын чоңойтуу үчүн сарп кылынган жумуш негизи­нен молекуланын өз ара аракеттешүү күчүн же­ңип, молекулалар суюктуктун ички катмары­нан бетине өтөт. Суюктуктун ички катмарын­дагы молекулаларга караганда бетиндеги моле­куланын потенциалдык энергиясы чоң. Суюк­туктун Беттик тартылуусу (беттик тартылуу коэффициенти) анын бетин чек­теп турган контурдун узундук бирдигине ара­кет эткен күчтүн чоңдугуна барабар. Анын күчү дайыма суюктук бетине жүргүзүлгөн жаныма боюнча таасир этет. Эгерде суюктукка сырттан күч таасир этпегенде беттик тартылуунун негизинде суюктук бети кичине аянттуу шар формасын алат. Себеби суюктуктун ички катмарындагы молекулалар­га караганда ачык бетиндеги молекулалардын өз ара тартылуу күчү аз болот. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
чоңойтуу үчүн сарп кылынган жумуш негизи­нен молекуланын | |||
10:05, 4 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕТТИК ТАРТЫЛУУ – туруктуу температурада эки фазанын (мисалы, суюктук ж-а аба) бөлүнгөн чегинде беттик аянтты бир бирдикке чоңойтууга сарпталган жумуш чоңдугу м-н аныкталуучу термодинамикалык мүнөздөмө. Суюктук бетинин аянтын чоңойтуу үчүн сарп кылынган жумуш негизинен молекуланын өз ара аракеттешүү күчүн жеңип, молекулалар суюктуктун ички катмарынан бетине өтөт. Суюктуктун ички катмарындагы молекулаларга караганда бетиндеги молекуланын потенциалдык энергиясы чоң. Суюктуктун Беттик тартылуусу (беттик тартылуу коэффициенти) анын бетин чектеп турган контурдун узундук бирдигине аракет эткен күчтүн чоңдугуна барабар. Анын күчү дайыма суюктук бетине жүргүзүлгөн жаныма боюнча таасир этет. Эгерде суюктукка сырттан күч таасир этпегенде беттик тартылуунун негизинде суюктук бети кичине аянттуу шар формасын алат. Себеби суюктуктун ички катмарындагы молекулаларга караганда ачык бетиндеги молекулалардын өз ара тартылуу күчү аз болот.