БЕТТИК КУБУЛУШ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕТТИК КУБУЛУШ''' – чектик катмардагы ашыкча эркин энергия – ''беттик энергия'' пай­да кылган кубулуш. | '''БЕТТИК КУБУЛУШ''' – чектик катмардагы ашыкча эркин энергия – ''беттик энергия'' пай­да кылган кубулуш. Беттик кубулуш нерселердин химиялык ж-а физикалык өз ара аракеттешүүсүндө беттик катмарда өтөт. Негизги беттик катмар беттин аянтына пропорциялаш болгон беттик энергиянын азайы­шына байланыштуу. Суюктуктун ийрилик бе­тин пайда кылуучу молекулалык күч м-н сырткы күчтүн биргелешкен аракетинен келип чыгуучу беттик кубулуш ''ка­пиллярдык кубулуштар'' деп аталат. Катуу нер­селердеги беттик кубулушка илинишүү (когезия), жабы­шуу (адгезия), нымдоо (смачивание), сүрүлүү ж. б. кирет. Ар түрдүү катуу нерселердин бузулуу ж-а деформациялануу процесстеринде кристал­лдык торчонун бузулушунан нерсенин ички бет­теринде да беттик кубулуш байкалат. Беттик кубулуштун көпчүлүк тобун беттик катмардын химиялык курамын өзгөр­түүчү адсорбциялык кубулуштар түзөт (к. ''Ад­сорбция).'' Кубулуштардын башка тобуна тер­моэлектрондук эмиссия, потенциал секириги ж-а фазалардын чектик бетинде электрдик кош катмардын пайда болушу кирет. Бул беттик кубулуш иондордун адсорбциялык ж-а диполдук молеку­лалары м-н байланышкан. Беттик кубулуш чектик беттер­дин кыймылында чектик шарттардын өзгөчөлү­гүн, берилген чөйрөдө материалдардын ж-а конструкциялардын чыдамдуулугун аныктайт. Чек­тик бетте монолиттик катмарды пайда кылган ад­сорбциялоочу заттын аз өлчөмдөгү кошундусу материалдын көп касиеттерин жөндөөгө мүмкүн­дүк берет. Беттик катмар тоо тектеринин талкаланышын, жер кыртышынын жарылышын, нымдуулуктун бууланышын ж-а айлануусун, ошондой эле тирүү орга­низмдеги көп процесстерди аныктайт. Көптөгөн технологиялык процесстер (майлоо, нымдоо, флотация ж. б.) беттик кубулушту пайдаланууга негизделген. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
өтөт. Негизги беттик катмар беттин аянтына пропорциялаш болгон беттик энергиянын азайы­шына байланыштуу. Суюктуктун ийрилик бе­тин пайда кылуучу | |||
тобун беттик катмардын | |||
09:56, 4 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕТТИК КУБУЛУШ – чектик катмардагы ашыкча эркин энергия – беттик энергия пайда кылган кубулуш. Беттик кубулуш нерселердин химиялык ж-а физикалык өз ара аракеттешүүсүндө беттик катмарда өтөт. Негизги беттик катмар беттин аянтына пропорциялаш болгон беттик энергиянын азайышына байланыштуу. Суюктуктун ийрилик бетин пайда кылуучу молекулалык күч м-н сырткы күчтүн биргелешкен аракетинен келип чыгуучу беттик кубулуш капиллярдык кубулуштар деп аталат. Катуу нерселердеги беттик кубулушка илинишүү (когезия), жабышуу (адгезия), нымдоо (смачивание), сүрүлүү ж. б. кирет. Ар түрдүү катуу нерселердин бузулуу ж-а деформациялануу процесстеринде кристаллдык торчонун бузулушунан нерсенин ички беттеринде да беттик кубулуш байкалат. Беттик кубулуштун көпчүлүк тобун беттик катмардын химиялык курамын өзгөртүүчү адсорбциялык кубулуштар түзөт (к. Адсорбция). Кубулуштардын башка тобуна термоэлектрондук эмиссия, потенциал секириги ж-а фазалардын чектик бетинде электрдик кош катмардын пайда болушу кирет. Бул беттик кубулуш иондордун адсорбциялык ж-а диполдук молекулалары м-н байланышкан. Беттик кубулуш чектик беттердин кыймылында чектик шарттардын өзгөчөлүгүн, берилген чөйрөдө материалдардын ж-а конструкциялардын чыдамдуулугун аныктайт. Чектик бетте монолиттик катмарды пайда кылган адсорбциялоочу заттын аз өлчөмдөгү кошундусу материалдын көп касиеттерин жөндөөгө мүмкүндүк берет. Беттик катмар тоо тектеринин талкаланышын, жер кыртышынын жарылышын, нымдуулуктун бууланышын ж-а айлануусун, ошондой эле тирүү организмдеги көп процесстерди аныктайт. Көптөгөн технологиялык процесстер (майлоо, нымдоо, флотация ж. б.) беттик кубулушту пайдаланууга негизделген.