БЕХБУДИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕХБУДИЙ''' Махмудкожо (10. 3. 1874, Өзбек­стан, Самаркан – 25. 3. 1919, Карши | '''БЕХБУДИЙ''' '''Махмудкожо''' (10. 3. 1874, Өзбек­стан, Самаркан – 25. 3. 1919, Карши шаары) – Түркстандагы жадиддик козголоңдун жетекчи­леринин бири, өзбек драматургу, журналист, коомдук ишмер. Самаркан медресесин бүтүргөн (1884). 1900-жылы Египет менен Түркияга саякат жа­саган. 1903-жылы Казан менен Уфа шаарында болуп, ан­дагы жадид мектептери менен таанышат. 1904-жылы Самарканда жадид мектебин ачкан. Жадид мек­тептерине арнап «Кыскача жалпы география», «Ислам тарыхы» окуу китептерин, «Түркстан, Бухара жана Хива картасын» бастырып чыгар­ган. Россия империясындагы түрк тилдүү мусул­ман элдерин биримдикке чакырган макалалар жарыялаган. «Россия мусулмандарынын союзу» уюмунун программасын колдогон. 1908-жылы Самар­канда акысыз китепкана ачат. 1911-жылы «Падар­куш» («Ата өлтүргүч») аттуу пьеса жазат. Бул биринчи өзбек драмасы болгон. «Айна» журна­лын чыгарган. 1917-жылы апрелде Ташкен шаарында өткөн мусулмандардын 1-съездине катышат. Ошол жылы 28-ноябрда өткөн Түркстан мусул­мандарынын 4-съездинде Түркстан автономиясы өкмөтүнүн курамына шайланган. Бехбудий 1919-жылы январда Бакуга бара жатканда Бухара эмири­нин бектеринин колуна түшүп, камакка алы­нып, Карши шаарында кыйноо тартып өлтүрүлгөн. | ||
«Ислам тарыхы» окуу китептерин, «Түркстан, Бухара жана Хива картасын» бастырып чыгар­ган. Россия империясындагы түрк тилдүү мусул­ман элдерин биримдикке чакырган макалалар жарыялаган. «Россия мусулмандарынын союзу» уюмунун программасын колдогон. 1908- | |||
өткөн мусулмандардын 1-съездине катышат. Ошол жылы 28-ноябрда өткөн Түркстан мусул­мандарынын 4-съездинде Түркстан | |||
''Ад.:'' Программные документы мусульманских по­литических партий, 1917–1920 гг. Оксфорд, 1985; ''Ху­дайкулов А. М.'' Просветительская деятельность джа­дидов Туркестана (конец XIX–начало XX вв.). Т., 1995. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
03:37, 5 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕХБУДИЙ Махмудкожо (10. 3. 1874, Өзбекстан, Самаркан – 25. 3. 1919, Карши шаары) – Түркстандагы жадиддик козголоңдун жетекчилеринин бири, өзбек драматургу, журналист, коомдук ишмер. Самаркан медресесин бүтүргөн (1884). 1900-жылы Египет менен Түркияга саякат жасаган. 1903-жылы Казан менен Уфа шаарында болуп, андагы жадид мектептери менен таанышат. 1904-жылы Самарканда жадид мектебин ачкан. Жадид мектептерине арнап «Кыскача жалпы география», «Ислам тарыхы» окуу китептерин, «Түркстан, Бухара жана Хива картасын» бастырып чыгарган. Россия империясындагы түрк тилдүү мусулман элдерин биримдикке чакырган макалалар жарыялаган. «Россия мусулмандарынын союзу» уюмунун программасын колдогон. 1908-жылы Самарканда акысыз китепкана ачат. 1911-жылы «Падаркуш» («Ата өлтүргүч») аттуу пьеса жазат. Бул биринчи өзбек драмасы болгон. «Айна» журналын чыгарган. 1917-жылы апрелде Ташкен шаарында өткөн мусулмандардын 1-съездине катышат. Ошол жылы 28-ноябрда өткөн Түркстан мусулмандарынын 4-съездинде Түркстан автономиясы өкмөтүнүн курамына шайланган. Бехбудий 1919-жылы январда Бакуга бара жатканда Бухара эмиринин бектеринин колуна түшүп, камакка алынып, Карши шаарында кыйноо тартып өлтүрүлгөн.
Ад.: Программные документы мусульманских политических партий, 1917–1920 гг. Оксфорд, 1985; Худайкулов А. М. Просветительская деятельность джадидов Туркестана (конец XIX–начало XX вв.). Т., 1995.