БИОГЕОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОГЕОГРА́ФИЯ''' (''био''... ж-а ''география'') – био­ценоздордун, | '''БИОГЕОГРА́ФИЯ''' (''био''... ж-а ''география'') – био­ценоздордун, анын ичинде өсүмдүк, жаныбарлар ж-а микроорганизмдердин таралуу мыйзам ченем­дүүлүгү жөнүндөгү илим. Биогеография биосфера жөнүндөгү илим­дердин курамына кирет. Ал микроорганизмдер географиясын, өсүмдүктөр географиясын, өсүмдүк жамаатташтыгынын географиясын, жаныбар­лар географиясын ж-а жалпы организмдер географиясын камтыйт. Биогеографияны айрым авторлор (Э. Маттон, В. Г. Гептнер, Ф. Витисек ж. б.) ботаникалык география м-н зоологиялык географиянын би­римдиги катары караса, башкалары (В. Б. Со­чава) – жер бетиндеги органикалык дүйнөнүн таралуусу­нун жалпы географиялык мыйзам ченемдүүлүгүн изил­деген өз алдынча илим тармагы деп эсептейт. Биогеография илим катары 19-кылымдын башында, өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар географиясы жөнүндө маалымат­тар топтолгондон кийин калыптанган. Негизги багыттары: ареологиялык, флоралык, фауна­лык, экологиялык, тарыхый ж-а региондук биогеогра­фия. Биогеография өсүмдүк м-н жаныбарлардын айрым түр­лөрүнүн жайгашуусун, ошондой эле айрым облустар­дын флоралык ж-а фауналык өзгөчөлүктөрүн аныктайт; жер шарынын бири-бирине баш ий­ген Биогеографиялык райондорунун системасын бөлөт. Организмдердин азыркы таралуусунун себептерин ж-а алардын айлана-чөйрө м-н байланышын изилдейт. | ||
''Б. Үсөнканов''. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
05:56, 10 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИОГЕОГРА́ФИЯ (био... ж-а география) – биоценоздордун, анын ичинде өсүмдүк, жаныбарлар ж-а микроорганизмдердин таралуу мыйзам ченемдүүлүгү жөнүндөгү илим. Биогеография биосфера жөнүндөгү илимдердин курамына кирет. Ал микроорганизмдер географиясын, өсүмдүктөр географиясын, өсүмдүк жамаатташтыгынын географиясын, жаныбарлар географиясын ж-а жалпы организмдер географиясын камтыйт. Биогеографияны айрым авторлор (Э. Маттон, В. Г. Гептнер, Ф. Витисек ж. б.) ботаникалык география м-н зоологиялык географиянын биримдиги катары караса, башкалары (В. Б. Сочава) – жер бетиндеги органикалык дүйнөнүн таралуусунун жалпы географиялык мыйзам ченемдүүлүгүн изилдеген өз алдынча илим тармагы деп эсептейт. Биогеография илим катары 19-кылымдын башында, өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар географиясы жөнүндө маалыматтар топтолгондон кийин калыптанган. Негизги багыттары: ареологиялык, флоралык, фауналык, экологиялык, тарыхый ж-а региондук биогеография. Биогеография өсүмдүк м-н жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн жайгашуусун, ошондой эле айрым облустардын флоралык ж-а фауналык өзгөчөлүктөрүн аныктайт; жер шарынын бири-бирине баш ийген Биогеографиялык райондорунун системасын бөлөт. Организмдердин азыркы таралуусунун себептерин ж-а алардын айлана-чөйрө м-н байланышын изилдейт.
Б. Үсөнканов.