БИОГЕОХИМИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОГЕОХИ́МИЯ''' – ''геохимиянын'' бир бөлүгү. | '''БИОГЕОХИ́МИЯ''' – ''геохимиянын'' бир бөлүгү. Биогеохимия организмдин химиялык курамын ж-а химиялык элемент­тердин жер бетине таралышына ж-а топтолуу­суна тирүү заттардын катышын изилдейт. Орга­низмдер жашоо тиричилигинде түрлүү химиялык эле­менттерди өзүнө сиңирет, кийин алар ажырап, бөлүнүп чыгат да, бир жерге чогулат же чачы­рап кетет. Биогеохимия процесстеринин өөрчүшүндө орга­низмдин көбөйүү ылдамдыгы чоң мааниге ээ. Бул өзгөчө жөнөкөй түзүлүштөгү өтө тез көбөйө турган организмдерге (бактериялар, козугарын­дар, балырлар) тиешелүү. Тирүү организмдин курамына бизге белгилүү химиялык элементтердин дээрлик баары ж-а алардын изотоптору кирет. Көбүнчө организмдердин тиги же бул түрү белги­лүү гана химиялык элементтерди өзүнө топтойт, башкача айтканда организмдин химмиялык курамы белгилүү бир түр үчүн мүнөздүү белги болуп саналат. | ||
Ад.: ''Ковальский В. В.'' Геохимическая среда и жизнь. М., 1982. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | Ад.: ''Ковальский В. В.'' Геохимическая среда и жизнь. М., 1982. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
07:45, 10 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИОГЕОХИ́МИЯ – геохимиянын бир бөлүгү. Биогеохимия организмдин химиялык курамын ж-а химиялык элементтердин жер бетине таралышына ж-а топтолуусуна тирүү заттардын катышын изилдейт. Организмдер жашоо тиричилигинде түрлүү химиялык элементтерди өзүнө сиңирет, кийин алар ажырап, бөлүнүп чыгат да, бир жерге чогулат же чачырап кетет. Биогеохимия процесстеринин өөрчүшүндө организмдин көбөйүү ылдамдыгы чоң мааниге ээ. Бул өзгөчө жөнөкөй түзүлүштөгү өтө тез көбөйө турган организмдерге (бактериялар, козугарындар, балырлар) тиешелүү. Тирүү организмдин курамына бизге белгилүү химиялык элементтердин дээрлик баары ж-а алардын изотоптору кирет. Көбүнчө организмдердин тиги же бул түрү белгилүү гана химиялык элементтерди өзүнө топтойт, башкача айтканда организмдин химмиялык курамы белгилүү бир түр үчүн мүнөздүү белги болуп саналат.
Ад.: Ковальский В. В. Геохимическая среда и жизнь. М., 1982.